Чогулуштан кийин окулуучу дуба

27 июля

عَنْ أَبي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ : « مَنْ جَلَسَ مَجْلِساً كَثُرَ فِيهِ لَغَطُهُ ، فَقَالَ قَبْلَ أَنْ يَقُومَ مِنْ مَجْلِسِهِ ذَلِكَ : سُبْحَانَكَ اللَّهُمَّ وَبِحَمْدِكَ ، أَشْهَدُ أَنْ لا إِلهَ إِلَّا أَنْتَ أَسْتَغْفِرُكَ وَأَتْوبُ إِلَيْكَ ، إِلَّا غُفِرَ لَهُ مَا كَانَ في مَجْلِسِهِ ذَلِكَ 

Азирети Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айтканын айтат: "Кимде-ким күнөөсү көп чогулушка олтурса, бирок, ошол олтурушунан туруудан мурун: "Субхаанака Аллахумма уа бихамдика, ашхаду аллаа илааха илла анта, астагфирука уа атуубу илайка" десе, анда, ошол олтурушундагы күнөөлөрү кечирилет". (Тирмизи)

 سُبْحَانَكَ اللَّهُمَّ وَبِحَمْدِكَ ، أَشْهَدُ أَنْ لا إِلهَ إِلَّا أَنْتَ أَسْتَغْفِرُكَ وَأَتْوبُ إِلَيْكَ

Субхаанака Аллахумма уа бихамдика, ашхаду аллаа илааха илла анта, астагфирука уа атуубу илайка

Оо, Кудайым! Сени аруулоо менен кошо мактаймын. Сенден башка кудай жок экендигине күбөлүк беремин. Сенден кечирим сураймын, Сага тобо кыламын.