Үңкүр ээлеринин дубасы

11 июня

رَبَّنَا آتِنَا مِن لَّدُنكَ رَحْمَةً وَهَيِّئْ لَنَا مِنْ أَمْرِنَا رَشَدًا

Роббанаа аатинаа мил-ладунка рохматан уа хаййии ланаа мин амринаа рошадаа

Оо, Эгебиз! Бизге Өз алдыңдан ырайым ырооло! Биз үчүн бул ишибизде туура жол көрсөт! (Кахф сүрөөсү: 10-аят)

Түшүндүрмө:

Иса пайгамбардан кийин Дакиянус аттуу зулум падыша келет. Ал өзүн кудаймын деп, адамдардын баарын өзүнө сыйындыра баштайт. Ошол кезде элдин ичинен Жалгыз Жаратканга ишенген бир нече жаш жигиттер чыгат. Алардын кабары Дакиянуска жетет. Зөөкүр падыша алардын ишенимин кайтаруу үчүн алгач аларды алтын-күмүш менен азгырат. Байлыктан баш тартышкан соң, аларды зынданга камап таштайт. Ыймандуу жигиттер ал абактан качып чыгып, шаардын чекесинде жайгашкан тоонун боорундагы үңкүргө баш калкалоо үчүн киришет. Бир аз эс алып алалы деп уйкуга киришет. Алланын керемети менен 300 жылга уктап калышат. Ошондуктан, аларды "Үңкүр ээлери" деп аташат. Жогорку дуба ошол ыймандуу жигиттердин Алла Тааладан сураган тилектери. Бул окуя тууралуу Курандагы Кахф сүрөөсүнөн кенен окусаңыздар болот.