Курмандык чалуудан мурун жана кийинки дубалар

30 июля

Эң биринчи бычакты жакшылап курчутуп, анан союла турган жерге малды (кулагынан кармап сүйрөбөй) акырын жетелеп алып баруу керек. Андан соң, малды жаткырып төрт бутун кыбылага каратып коюу керек, ошондо мал кыбылага карап жаткан болот жана бул Куран аятын окуу керек: 

إِنِّي وَجَّهْتُ وَجْهِيَ لِلَّذِي فَطَرَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ حَنِيفًا وَمَا أَنَا مِنَ الْمُشْرِكِينَ, إِنَّ صَلَاتِي وَنُسُكِي وَمَحْيَايَ وَمَمَاتِي لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ,لَا شَرِيكَ لَهُ وَبِذَلِكَ أُمِرْتُ وَأَنَا أَوَّلُ الْمُسْلِمِينَ 

Иннии уажжахту уажхия лиллазии фаторос-самааваати уал-арды ханиифан уа маа ана минал-мушрикиин. Инна солаатии уа нусукии уа махйаайа уа мамаати лиллаахи роббил ааламиин. Лаа шариика лаху уа бизаалика умирту уа ана аввалул муслимиин. (Ал-Анаам:79)

Котормосу: Акыйкатта мен асмандар менен жерди жараткан Затка түз болгон абалымда жүзүмдү бурдум, мен мушриктерден эмесмин. Акыйкатта менин намазым, курмандыгым, жашоом, өлүмүм ааламдардын тарбиячысы Аллага таандык. Анын эч бир шериги жок жана мен Аны жалгыздоого буйрулганмын. Мен моюн сунуучулардын абалкысымын.

Андан кийин курмандыкка ниет кылып туруп, курч бычак менен «Бисмиллаахи Аллоху Акбар» деп кекиртегинен мууздоо керек. Желкесинен мууздабоо керек. Мууздап жатканда малдын төрт тамыры (каналы) абанын, тамактын жана кандын эки тамыры кесилүү керек. Бирок, ошол төрт каналдын үчөөсү малдын адал болуусу үчүн кесилүүсү шарт.

Малды союп бүткөндөн кийин бул дуба окулат:

أللّهمّ تقبّله منّى كما تقبّلت من حبيبك محمّد و خليلك إبراهيم عليهما الصّلوة و السّلام. مشكوة المصابيح

Аллоохумма такоббалху миннии камаа такоббалта мин хабиибика мухаммадин уа холиилика иброхима алайхимас-солаату уас-салааму

Котормосу: Оо, Кудай! Досуң Ибрахим жана сүйүктүүң Мухаммаддан кабыл кылганыңдай бул курмандыкты менден кабыл кылгын.