Улоо жана унаага минүү дубасы

18 июня

عن علي بن ربيعة رضي الله عنه قال: شَهِدتُ عَلِيًّا رضي الله عنه أُتِيَ بِدَابَّةٍ لِيَرْكَبَهَا، فلما وضع رجله في الرِّكَاب قال: "بِسْمِ اللَّهِ" ثَلاَثًا، فَلَمَّا اسْتَوَى عَلَى ظَهْرِهَا، قَالَ: "الحَمْدُ لِلَّهِ". ثُمَّ قَالَ: "{سُبْحَانَ الَّذِي سَخَّرَ لَنَا هَذَا وَمَا كُنَّا لَهُ مُقْرِنِينَ * وَإِنَّا إِلَى رَبِّنَا لَمُنْقَلِبُونَ} (الزخرف:13-14)"، ثُمَّ قَالَ: "الحَمْدُ لِلَّهِ" ثَلاَثًا، "اللَّهُ أَكْبَرُ" ثَلاَثًا، "سُبْحَانَكَ إِنِّي قَدْ ظَلَمْتُ نَفْسِي فَاغْفِرْ لِي، فَإِنَّهُ لاَ يَغْفِرُ الذُّنُوبَ إِلاَّ أَنْتَ"، ثُمَّ ضَحِكَ، فَقُلْتُ: مِنْ أَيِّ شَيْءٍ ضَحِكْتَ يَا أَمِيرَ المُؤْمِنِينَ؟ قَالَ: رَأَيْتُ رَسُولَ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم صَنَعَ كَمَا صَنَعْتُ، ثُمَّ ضَحِكَ، فَقُلْتُ: مِنْ أَيِّ شَيْءٍ ضَحِكْتَ يَا رَسُولَ اللَّهِ؟ قَالَ: (إِنَّ رَبَّكَ لَيَعْجَـبُ مِنْ عَبْـدِهِ إِذَا قَالَ: رَبِّ اغْفِـرْ لِي ذُنُوبِي، إِنَّهُ لاَ يَغْفِـرُ الذُّنُوبَ غَيْرُكَ) رواه الترمذي

Али бин Рабия (Алла андан ыраазы болсун) айтат: Азирети Али (Алла андан ыраазы болсун) минүүсү үчүн улоо алып келингенине күбө болдум. Бутун үзөңгүгө койгондо: "Бисмилла" - деп үч жолу айтты. Качан үстүнө отурганда: "Кудайга шүгүр" - деп айтты. Андан соң: "Бул нерсени бизге баш ийдирген Кудай аруу, болбосо аны биз башкара албайт элек. Албетте, биз Раббибизге баруудабыз". (Зухруф сүрөөсү: 13-14-аяттар)

Кийин: "Кудайга шүгүр" - үч жолу, "Кудай улук" - үч жолу, "Жаратканым Сен аруусуң! Мен өзүмө зыян кылдым, мени кечир. Анткени, күнөөлөрдү Сенден башка эч ким кечирбейт" - деп айтты да күлдү. Мен сурадым: Оо, момундардын амири! Эмне үчүн күлдүңүз? 

Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) кудум мен кылгандай кылганын көргөнмүн, кийин күлгөн болчу. Оо, Алланын пайгамбары! Эмне себептен күлдүңүз? - деп сураганмын. 

"Жаратканым! Менин күнөөлөрүмдү кечир. Күнөөлөрдү Сенден башка эч ким кечирбейт" - деп айткан кезде, Кудай пендесин карап сүйүнөт - деген жооп болду. (Имам Тирмизи рабаяты)

Арабча дубалардын окулуусу: 

Субхааналлазии саххара ланаа хааза уа маа куннаа лаху мукриниина уа иннаа илаа раббинаа ламункалибуун

Субхаанака иннии код золамту нафсии фагфир лии фа иннаху лаа ягфируз-зунууба илла анта