Адам жакшылыкка чакырууда, өзүн унутуп коюудан этият болуу

13 января

38-бап. Адам жакшылыкка чакырууда, өзүн унутуп коюудан этият болуу

"Эмне, силер башка адамдарга жакшылыкка өкүм бересиңер да жана өзүңөрдү унутасыңарбы? Өзүңөр китеп окуйсуңар го?! Акыл жүгүртпөйсүңөрбү?!". (Бакара сүрөсү: 44-аят)

Алла Таала бул аятта китеп ээлерин эскертип “эй, китеп ээлери, адамдарды жакшылыкка чакырасыңар жана өзүңөрдү эсиңерден чыгарасыңар, Алланын китебин окуп туруп акылыңарды иштетпейсиңерби?”, деп өкүм кылып жатат. Бул ыйман жана илим ээлерине болгон өкүм.

Кошумча түшүндүрмөлөр:

Амалсыз насаатчыны айыптоо;

Бул аятта жөөтөрдүн аалымдары сындалып жатат. Алар болсо напсилеринин каалоолоруна жетеленип өзүнүн досторун, туугандарын Мухаммедге (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) эргешүүдөн тыйышчу жана Ислам дининин акыйкат экенин билип туруп да, ага адамдардын кирүүсүнө тоскоол болушчу эле. Бирок, маани жагынан алып караганда, бул аят башка адамдарды жакшылыкка үндөп, бирок өзү амал кылбаган, башкаларды Кудайдан коркутуп, өзү коркпогон ар бир адамга тиешелүү. Анас (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылат, Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): “Мээраж кечесинде мен тозоктун отунда, эриндерин жана тилдерин кайчы менен кыркып жатышкан адамдардын жанынан өттүм. Мен Жебирейил (Алланын саламы болсун) периштеден:

- Булар кимдер? – деп сурадым. Ал:

- Булар сиздин үммөтүңүздүн дүйнөгө берилген насаатчылары, адамдарды жакшылыкка буйрушчу эле, бирок өздөрү амал кылышчу эмес – деп жооп берди. (Бин Касир)

Бин Асакир (Алла ага ырайым кылсын) рабаят кылат, Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): “Кээ бир бейиштиктер кээ бир тозокуларды тозокто көрүп сурашат:

- Силер эмне себептен тозокко түшүп калдыңар? Болбосо, силер бизди жакшы амалдарга чакырган элеңер эмеспи. Биз болсо ага амал кылып жана ошонун шарапатынан бейишке кирбедикпи? Тозоктуктар:

- "Биз силерди жакшы амалдарга чакырган менен, өзүбүз ал амалдарды кылган эмеспиз, - деп айтышат”. (Бин Касир)

Күнөөкөр адам насаат кыла албайбы?

Бирок, жогорудагы баяндан, амалсыз же фасык адамга башкаларга насаат кылууга уруксат эмес экен деп, башкача айтканда, күнөөгө батып калган адам башкаларды күнөөдөн тыюуга акысы жок деп тыянак чыгарбоо керек. Себеби, бир жакшы амал кылуу бул өзүнчө жакшылык, ал эми ошол жакшы амалды кылууга чакыруу, ал өзүнчө жакшылык. Демек, бир жакшылыкты таштоодон, экинчи жакшылыкты таштоо деген маани келип чыкпайт. Мисалы; бир адам намаз окубайт, эми ал үчүн орозону таштап коюу зарыл эмес. Кудум ушундай эле, эгер бир адам намаз окубаса, башкаларды намазга чакырбай коюусу дурус эмес. Ушул сыяктуу, туура эмес ишти кылуу өзүнчө күнөө жана бир күнөөнү кылуу менен эле экинчи күнөөнү да кылуу керек деген маани келип чыкпайт. (Рухул маани)

Имам Малик (Алла ага ырайым кылсын) Саид бин Жубайрдын (Алла андан ыраазы болсун) сөзүн рабаят кылат: эгер ар бир адам жакшылыкка чакыруу менен жамандыктан кайтарууну мен күнөөкөрмүн, аны мен качан күнөөдөн арылгандан кийин кыламын деп таштап коё берсе, анда жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарган адам калбай калмак, анткени күнөөдөн таптакыр таза адам жок. Хасан (Алла андан ыраазы болсун): “Шайтан, адамдар туура эмес түшүнүктүн натыйжасында, жакшылыкка чакыруу парзын таштап коюусун каалайт” - дейт. (Куртубий)

Кыскасы, бул аяттын маанисин, амалсыз адамга насаат кылуу уруксат эмес деп түшүнбөө керек.

Хидаятул Куран китебинен