Акыйкатты жашыруудан кайтаруу

03 января

37-бап. Акыйкатты жашыруудан кайтаруу

"Акыйкатка жалганды аралаштырбагыла жана билип туруп акыйкатты жашырбагыла. Намазды тургузгула жана зекетти бергиле жана рүкү кылуучулар менен бирге рүкү кылгыла". (Бакара сүрөсү:42-43-аяттар)

Жөөттөр өздөрүнүн узак тарыхында, дайыма чындыкка жалганды аралаштырып келишкен. Ошону менен бирге алар дайыма чындыкты жашырышкан. Бул жөнүндө көптөгөн аяттардан окуйбуз. Бул иштери менен алар көптөгөн фитналарды козгоп, адамдардын ортосунда чагым чыгарып жүрүшөөр эле. Алар Тоораттагы Алланын Элчисинин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) сыпатын жана адал, арам туурасында көптөгөн өкүмдөрдү жашырышты.

Кошумча түшүндүрмөлөр

Акыйкатты жашыруу же ага жалганды аралаштыруу арам

Имам Куртубий (Алла ага ырайым кылсын) өзүнүн тафсиринде акыйкатты жашыруудан сактануунун бир окуясын келтирет. Муснад Даримийдин да рабаятында келет. Бир жолу калыйпа Сулайман бин Абдул Малик Мединага келди жана бир канча күн турду. Кийинчерээк:
– Бул Медина шаарында сахабалар менен маектешкен адам калдыбы? – деп сурады. Адамдар:
– Ооба, Абу Хазим (Алла ага ырайым кылсын) деген бар, – деп айтышты. Сулайман өзүнүн адамын жөнөтүп аны алдырды да:
– Эй, Абу Хазим, бул эмне деген адамгерчиликсиздик, көңүл коштук? – деп сурады. Абу Хазим:
– Сиз менин кайсы адамгерчиликсиздигимди көрүп жатасыз?
– Мединанын бардык даңктуу адамдары мага учурашканга келишти. Сен болсо келген жоксуң!? – деди Сулайман.
– Момундардын амири, сизге акыйкатка каршы сүйлөөдөн мен Алладан коргонуч тилеймин. Кечээ сиз мени тааныбайт элениз жана мен да сизди эч көргөн эмесмин. Ушундай абалда учурашуу жөнүндө эч кандай суроо пайда болбойт. Адамгерчиликсиздик каякка калды, – деп жооп берди Абу Хазим. Сулайман бин Шихаб Зухрийге карады. Имам Зухрий:
– Абу Хазим туура айтат. Сиз ката кылдыңыз, – деди. Андан кийин Сулайман сөздүн багытын өзгөртүп суроолорду бере баштады.
– Эй, Абу Хазим, биз эмне үчүн өлүмдөн коркобуз?
– Себеби, силер өзүңөрдүн акыретиңерди бузгансыңар жана дүйнөнү курдуңар. Ошондуктан курулгандан бузулганга баруу жагымсыз.
– Эртенки күнү Алланын алдында туруу кандай болот?
– Жакшы амал кылгандар, Алланын алдына, мусапыр адам сапардан кайтып, өзүнүн үй-бүлө, бала-чакаларына баргандай болуп барышат. Ал эми жаман амал кылгандар болсо, Алланын алдына, качып кеткен кулду кармап алып, кожоюнунун алдына алып баргандай алынып барылат, – деп жооп узатты Абу Хазим. Сулайман муну угуп, ыйлап жиберди да:
– Аттиң, Алла Таала бизге кайсы көрүнүштү макул көрдү?
– Амалыңарды Алланын китебине сунуштап көргүлө, маалым болуп калат.
– Курандын кайсы аятынан маалым болот? – деп сурады.
– “Албетте жакшы адамдар бейиштин нийматтарында болот. Ал эми баш ийбеген күнөөкөрлөр тозокто болот” - деген аят.
– Алланын ырайымы кең, ал күнөөкөрлөрдү да курчап алат.
– Алланын ырайымыы жакшы иш кылуучуларга жакын.
– Эй, Абу Хазим, Алланын пенделеринен эң ызааттуусу ким?
– Адамгерчиликтүү, акылы тунук адам.
– Кайсы амал эң артык?
– Парздарды, важибдерди аткаруу менен бирге арам нерселерден сактануу.
– Кайсы дуба тезирээк кабыл болот?
– Кайсы адамга жакшылык кылынса, ал жакшылык кылуучусуна дуба кылуусу, кабыл болгонго жакыныраак.
– Кайсы садага эн абзел?
– Кайгыга баткан тилемчиге, өзүндө жок болуп туруп да бир аз нерсе берүү жана бул сарптоодо милдет кылбоо жана шылтоо айтып, ыза жеткирбөө.
– Кайсы сөз эң абзел?
– Сен кайсы адамдан корксоң же кайсы адамда сенин кажетиң болсо жана үмүтүң болсо, ошонун алдында эч бир нерсени көңүлгө албастан, акыйкат сөздү айтуу.
– Кайсы мусулман эң тың, шамдагай?
– Аллага баш ийүүдө иш алып барган жана башкаларды да ушуга чакырган.
– Мусулмандардын акмагы ким?
– Зулумдукка жардам берүү. Мунун жыйынтыгы, ал башкалардын дүнүйөсүн оңдоо үчүн өзүнүн динин сатат.
– Туура айтасың.
– Биз тууралуу сиздин оюңуз кандай? – деп ачык сурады Сулайман.
– Ушул суроого менин жообумду кечирип койсоңуз жакшы болот эле.
– Жо-ок, сиз бул тууралуу насаат сөзүңүздү сөзсүз айтыңыз. Абу Хазим:
- Эй, момундардын амири, сиздин ата-бабаларыңыз шамшардын күчү менен адамдарга үстөмдүк кылып, мажбурлап, алардын ыраазылыгына каршы өкмөт тургузган жана көптөгөн адамдарды өлтүргөн. Ушул нерселердин баарын кылып туруп да бул дүйнөдөн өтүп кетишти. Аттиң, эми алар өлгөндөн кийин эмне деп жатышат жана аларга эмне деп айтылып жатат? – деди. Ошол жерде отургандардын ичинен бир киши падышанын табиятына каршы айтылган Абу Хазимдин бул ачык сөзүнө:
– Абу Хазим, сен өтө жаман сүйлөдүң, – деди. Анда:
– Сен туура эмес айтып жатасың. Жаман сүйлөгөн жокмун, бизге өкүм болгонду айтып жатамын. Себеби, Алла Таала аалымдардан: “Акыйкатты адамдарга айтасыңар, жашырбайсыңар”, деп убада алган. Ушул нерсени имам Куртубий тафсиринде айтмакчы болгон, - деген жоопту берди Абу Хазим. Сулайман кайра:
– Макул, эми биздин оңолуубуздун жолу кандай? – деп сурады.
– Текеберчиликти таштагыла. Адамгерчиликти тандагыла жана укуктарды укук ээлерине ынсаптуулук, адилеттүүлүк менен бөлүп бергиле.
– Сиз биз менен эле бирге болбойсузбу?
– Кудай сактасын!
– Эмне үчүн?
– Себеби, мен силердин мал-дөөлөтүңөргө жана ызат-аброюңарга мейил болуп кетеминби деп коркомун. Жыйынтыгында, азапка дуушар болуп калуум мүмкүн.
– Макул, сиздин кандай кажетиңиз болсо айтыңыз, биз аны аткаралы.
– Ооба, бир кажетим бар. Тозоктон куткарып, бейишке киргизип кой.
– Бул менин ыктыярымда эмес.
– Андай болсо, менин сизден эч кандай кажетим жок.
– Мен үчүн дуба кылыңыз, - деп суранды Сулайман акырында. Абу Хазим:
– Оо, Алла, эгер Сулайман Сенин сүйкүмдүүң болсо, анда дүнүйө жана акыреттин жакшылыктарын жеңил кылгын. Эгер душманың болсо, анда мунун чачынан кармап Өзүң ыраазы болгон жана жакшы көргөн иштерге алып келгин.
– Мага осуят айтыңыз.
– Кыскасы мындай. Өзүңдүн Роббиңдин даңкын жана улуктугун, Ал сени тыйган жайдан көрүп калбагандай жана өкүм берген жерден сени таппай калбагандай даражада койгун.

Сулайман мажилистен бошогондон кийин, жүз дилде белек берип, Абу Хазимге жөнөттү. Абу Хазим бир капчык кошуп аны кайтарды. Капчыкта мындай жазуу бар эле: “Эгер жүз дилде менин айткан сөздөрүмдүн ордуна болсо, анда менин алдымда кан жана чочконун эти мындан жакшыраак. Эгер бул эл казынадагы менин акым болсо, анда мага окшогон миңдеген аалымдар жана дин кызматкерлери бар. Эгер баарына сиз ушунчалыктан берген болсоңуз, анда мен да алсам болот. Болбосо, мунун мага зарылчылыгы жок”. Абу Хазимдин бул сөздөрүнөн, өзүнүн айткан насаат сөздөрүнүн акысын алуу, кан жана чочконун этин жегенге тең экендигин билдик. Анын көз карашында, кайсы бир таат-ибадатка акы алуу уруксат эмес экен.

Рүкү кылуунун өзгөчөлүгү

Алланын: “Рүкү кылуучулар менен бирге рүкү кылгыла”, деген аятында мындай суроо пайда болот: “Эмне үчүн намаздын көптөгөн негиздеринин ичинен рүкүнү өзгөчөлөп койгон? Мунун даанышмандыгы эмнеде?” Жообу: жөөттөрдүн намазында сажда жана башка негиздер бар эле, бирок рүкү жок эле. Ал эми мусулмандардын намазында болсо сажда жана башка негиздер менен бирге эле рүкүсү дагы бар. Ошондуктан, рүкү кылуучулар менен бирге деген сөздөн, Мухаммед пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) үммөтүнүн намазы билинет.

Жамаат менен намаз окуунун өкүмү

Намаздын өкүмү жана анын парз болуусу. Алланын “Намазды тургузгула” деген аятынан маалым болду, ал эми: “Рүкү кылуучулар менен бирге рүкү кылгыла” деген аяттан, намазды жамаат менен окуунун өкүмү берилди. Бул өкүмдүн даражасы канчалык? Бул жөнүндө фикх аалымдарынын ортосунда талаш бар. Сахабалардын, таабииндердин жана аалымдардын бир жамааты муну важиб дейт, жана жамаатты таштоо чоң күнөө дешет. Кээ бир сахабалар шарияттык үзүрсүз намазды жамаатсыз окууга уруксат эмес дешет. Бул аяттын сырткы көрүнүшү “намазды жамаат менен окуу важиб” деген адамдарга далил болот. Мындан башка бир хадисте келет: “Мечитке жакын жашаган адамдын намазы мечитте гана окулганда дурус болот”. (Абу Дауд)

Абу Хурайрадан (Алла андан ыраазы болсун) рабаят, бир көзү көр сахаба Алланын Элчисинин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) алдына келип:
– Мени мечитке алып келип, алып кете турган адам жок, ошондуктан, сиз уруксат берсеңиз намазды үйдө эле окуп жүрөйүн, – деди. Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) алгач буга уруксат берди, бирок качан ал кайтып кетип жатканда:
– Азандын үнү сенин үйүңө чейин жетеби? – деп сурады.
– Азандын үнүн мен угамын.
– Андай болсо, мечитке келүүңүз керек. (Муслим)
Кээ бир рабаятта, Пайгамбар (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): “Андай болсо мен сизге эч кандай уруксат бере албаймын,” –деген. (Абу Дауд)

Бирок үммөттүн аалымдарынын көпчүлүгүнүн көз караштары боюнча жамаат менен намаз окуу “важибге жакын сүннөт" деп өкүм беришкен. Курандагы: “Рүкү кылуучулар менен бирге рүкү кылгыла” деген буйрук, бекемдөө үчүн айтылган. Ал эми хадистеги “дурус болбойт” дегендин мааниси, намаз толук болбойт дегенди билдирет деп жооп беришет. Бул маселе Абдулла бин Масуддун (Алла андан ыраазы болсун) рабаятында да ачык-айкын баяндалат. Пайгамбар (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айтты: “Кимде-ким, эртең Макшар талаасында Аллага мусулман болгон абалда жолугууну кааласа, ал беш маал намазды азан айтылган жайда, мечитте окууга бекем болсун. Себеби, Алла Таала силердин Пайгамбарыңар (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) үчүн хидаяттын бир канча жолдорун айткан жана бул беш маал намазды жамаат менен окуу ошол хидаяттын жолдоруна кирет. Эгер силер бул намаздарды өз үйлөрүңөрдө окуп алсаңар, жамааттан бөлүнгөн адам үйүндө окуп алгандай болот (кайсы бир белгилүү адамга ишаарат кылып айткан), демек силер өз пайгамбарыңардын сүннөтүн таштаган болосуңар. Эгер силер өз пайгамбарыңардын сүннөтүн таштасаңар, адашасыңар. Кимде-ким жакшылап даарат алып, мечитке карай багыт алса, анда Алла Таала ар бир кадамына бир соопту амал китебине жазат, анын даражасын көтөрөт, бир күнөөсүн кечирип коёт, өзүбүздүн жамаатыбыздан бөлүнүп намаз окуган эки жүздүү кишини көрчү эмеспиз. Ал эмес кээ бирлери үзүрлүү-оорулуу абалда да эки адамдын далысына колун коюп мечитке келип сапка турчу эле”. (Муслим)

Хидаятул Куран китебинен