Мөөрлөөнүн мааниси

19 мая

9-бап. Мөөрлөөнүн мааниси

Чындыгында, капырларга баары бир, сен аларды коркутасыңбы же коркутпайсыңбы, алар ыйман келтиришпейт. Алла алардын жүрөктөрүн жана кулактарын мөөрлөп койгон жана алардын көздөрүнө парда тартылган. Алар үчүн чоң азап бар. (Бакара сүрөөсү: 6-7-аяттар)

Алла Таала бул эки аятта капырлардын сыпатын баяндады. Алардын биринчи сыпаты, жүрөктөрүнө мөөр басылганы. Имам Катада, бул аят туурасында мындай дейт: "Капырлар шайтанга баш ийген учурларында, шайтан аларга башкаруучу болду. Алла Таала алардын жүрөктөрүнө жана кулактарына мөөр басты, көздөрүнө парда тартты. Ушул себептен акыйкат сөзү алардын жүрөктөрүнө таасир кылбады. Алар акыйкат сөзүн уга да, көрө да албай турган дартка чалдыгышты".

Кошумча түшүндүрмөлөр

Капырлык - сөздүктө жашыруунун маанисинде келет. Шүгүрсүздү да капырлык деп айтат, себеби, жакшылык кылгандын жакшылыгын жашырат. Шариятта капырлык, ыйман келтирүүнү, парз болгон нерселерди тануу. "Инзардын" мааниси, коркууну пайда кыла турган кабарды берүү, "ибшаар" кубанычты пайда кыла турган кабарды берүүдөй эле, бирок "инзар" акыйкатта, жөн эле коркутуу эмес, балким мээримдүүлүккө, ырайымдуулукка негизделген коркутуу, жаш балдарды оттон, жылан, чаян, жырткыч айбандардан коруп, коркуткан сыяктуу. Ошондуктан, пайгамбарларды "назиир" деп атаган. Себеби, алар үммөттөрүн болочоктогу кайгы-азаптардан мээримдүүлүк менен коркутушкан. Мында аалымдарга, динге чакыруучуларга жолдомо бар. Алар үчүн пайгамбарлар сыяктуу адамдарга, келечегинен тынчсызданып, мээримдүүлүк менен жеткирүү зарыл.

Кайсы бир нерсеге мөөр сырттан кирүүчүлөр кирбесин деп басылат. Демек, алардын кулактарына, жүрөктөрүнө мөөр басылуусунун мааниси, алардын акыйкатты кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн жок кылуу. Алардын жүрөктөрүнө жана кулактарына мөөр басылды, көздөрүнө болсо парда тартылды деп айтылды. Мунун даанышмандыгы, жүрөккө ой-кыял, түшүнүктөр бир тараптан эмес, ар тараптан келет жана ушул сыяктуу эле кулакка да үн бир тараптан эмес ар тараптан келет. Ал эми жүрөк жана кулак болсо, качан аларга мөөр басылганда жабылат. Ал эми көздүн болсо, бул экөөнүн каршысында, көрүүсү бир тараптан, ошондуктан анын көрүүсү парда тартуу менен жабылат.

Күнөөкөрлөрдүн дүнүйөдөгү жазасы – топуктун, мындайча айтканда, туура жолго өзгөчө жолдоонун алынышы. Бул эки аяттан, капырлык жана ар бир күнөөнүн негизги жазасы акыретте бериле тургандыгы маалым болду. Бирок, кээ бир күнөөлөрдүн жазасы, бул дүйнөдө эле берилип калат. Кийин бул дүйнөнүн жазасы кээ бир учурда, абалдын оңолуусунун ооматы алынып калуу менен болот. Инсан акыреттин эсеп китебинен кабарсыз болуп, натыйжада, анын тоң моюндугу да, күнөөлөрү да көбөйүп кете берет. Андан күнөөлөрүн сезүү да жүрөгүнөн чыгып кетет. Ушундай абалга байланыштуу кээ бир аалымдар мындай деген: "Күнөөнүн бир жазасы мындай: бир күнөө экинчисин тартат, жакшылыктын нак акысы – биринчиси экинчи жакшылыкты тарткан сыяктуу". Хадисте келет: "Инсан качан бир күнөө кылганда анын жүрөгүндө бир кара чекит пайда болот, ак кийимде бир кара чекит пайда болсо, инсанга жагымсыз көрүнөт. Алгачкы күнөөнүн кара чекитинен инсан кыжалат болот, бирок, эгер ал күнөөсүнө тобо кылбаса жана экинчисин кылса, анда, экинчи кара чекит пайда болот. Ушул сыяктуу ар бир күнөөгө бирден кара чекит пайда боло берип, натыйжада бул каралык жүрөктү толук курчап алат. Натыйжада, мындай адам жакшыны жакшы деп, жаманды жаман деп билбей калат, кыскасы жакшы жаманды ажыратуу жөндөмү анын жүрөгүнөн чыгып кетет". Башка бир хадисте, Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылат, Пайгамбар (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айтты: "Инсан качан күнөө кылса, анда анын жүрөгү караят, кийин эгер ал тобо кылса, таза болот". (Тирмизий).

"Насаат, насаатчыга ар абалда пайда берет, уккан адам аны кабыл кылса да, кылбаса да".

Бул аятта эзелтен капыр болгондорго Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) насаат кылуу жана кылбоо аларга баары бир деди, бирок, сага баары бир деген жок. Аларды Аллага чакырууда өкүмдөрдү жеткирүүгө, таалим берүүгө, кулк-мүнөзүн оңдоонун аракетин кылууга ар абалда, ар убакта сооп берилет. Ошондуктан, толук Курандын бир дагы аятында, Пайгамбарыбызды (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ушул сыяктуу адамдарга ыймандын дааватын берүүдөн тоскон жок. Мындан маалым болот, кимде-ким диндин дааватын жана адамдардын оңолуусунун ишин кылса, ал таасир берсин же бербесин өзүнө дайыма амалынын сообу берилет.

Хидаятул Куран китебинен