Дартыңды Кудайга даттан

18 июня

Көңүлүмдү гүлдөй сунсам, күлгө оонатып соолутушту.

Кайран жүрөк бал да таттың, уу да ичтиң. Мен үчүн чыдап келесиң.

Дартыңды Кудайга айткандан эч качан тажаба. Күтүлбөгөн жерден сага бакыттын эшиктери ачылат.

Китеп бетин ачпай, менюдан башканы окуп көрбөгөндөр, жер силкинсе кулап кала турган кооз дубалдарга окшош.

Жашап жаткан өмүрүңдүн эң акыркы сааттары өтө маанилүү. Себеби, кимди же эмнени эңсеп жашаганыңа жолуга турган учурга баратасың.

Адамдардын баарына макталуу үчүн эки жол бар: бай болууң керек же өлүүң керек.

Үйдүн үстүнө чыгып көрбөй туруп, терезеден эле карап алып кыйкыра бергендерге таң калам.

Узак жашайт деп кузгундарга суктанба. Алар өмүрүн тарп жеп өткөрүшөт.

Калп айтып элге жаккандан көрө, чындыкты айтып жаман көрүнгөнүң артык.

”Эл эмне дейт" - дегенди таштасаң, эл кийин: сени эмне дейт деп кеңеш сурай башташат.

Ханга жалдырасаң багың сынат, байга жалдырасаң шагың сынат. Жаратканга жалдырасаң периштелер кубаттап, даражаң көтөрүлөт.

Кийимиңди кийип жатканда падышадай кийин, унааңа отурганда учакта отургандай отур, балдарыңа пайгамбардай мамиле кыл, алганыңды перилердин ханышасындай ардакта. Жеңил жашоону татаалдаштырба.

Суктандырган көрүстөн болбогондой эле, жумшарбаган көңүл болбойт.

Топтогон: Жеңишбек Жумакадыр