Кана эми сенден үлгү алышса ...

15 августа

Мадина шаар, түн караңгы жеткенде,
Абдурахман сыртка чыкты кечтерде.
Калыйпанын үйүн көздөй бет алды,
Маек куруп чер жазышып кеткенге!

Бираз басып дарегине жеткенде,
Тык-тык этип эшик кагып черткенде.
Умар калип тосуп чыкты алдынан,
Жылмаюулар пайда болуп беттерде!

Салам берип, ага алик алдырып,
Олтурушту көрпөчөнү салдырып.
Умар туруп бир чыракты өчүрүп,
Кайра башка чырак койду жандырып!

Муну көргөн досу абдан таң калып,
Оо, калыйпа бул не деди жарданып.
Умар калип таңыркаган досунун,
Суроосуна мындай деди камданып!

Сен келгенде күйүп турган шамдарды,
Мамлекеттик казынадан алганмын.
Сага чейин ал чыракты жандырып,
Калк ишине пайдаланып жатканмын!

Өз ишиме сарптап элдин чырагын,
Акыретте кантип берем сурагын?
Ошондуктан өз чырагым күйгүзүп,
Сени менен маегимди уладым!

Ооба билем казынабыз сансыз го,
Бирок биз да эмгек кылчу жанбыз го.
Ошондуктан жеке биздин иштерди,
Милдет эмес казынадан камсыздоо!

Оо, Умар сен кандай асыл жан элең?!
Калыстык бар, анткени сен бар элең.
Калкты ойлоп казыныга кол салбай,
Такыбаалык тазалыкка жар элең!

Жаным кейийт калкты алдап жатышса,
Казынага беш манжасын салышса.
Калк үстүндө турган биздин акимдер,
Кана эми сенден үлгү алышса!

Адыл Момунов