Көңүлдөргө кеттиң көмүлүп

09 августа

Бүткүл элдин сыймык сонуну,
Жеңе албадың келген ооруну.
Орто Азия кайгы жамынып,
Илимдеги деңиз соолуду.

Акыл элең сурап алганга,
Асыл элең күткөн ар жанга.
Өзүң кетип нурлуу жайларга,
Калың журтуң калды арманда.

Эрте-кечпи бизди күтөт жер,
Барксыз болсоң бирок ким эстер.
Сыры ачылбай сыздап текчеде,
Жетим калды канча китептер.

Арман болсо ушул армандыр,
Капысынан өчтү жанган нур.
Мураскерим Ала-Тоодон деп,
Пайгамбарым тосуп алгандыр.

Имам Азам Абу Ханифа,
Коргоп өттүң жолун дайыма.
Мекенибиз бирге болот деп,
Чакыргандыр ал да жанына.

Жандай көргөн жашы, карысы,
Улуу диндин болдуң намысы.
Кудай деген канча улуулар,
Өлүм даамын таткан баарысы.

Бин Сина Күндөй көрүнгөн,
Дарыгерлик нуру төгүлгөн.
Бүт кылымды дүңгүрөтсө да,
Качалбаптыр тагдыр өлүмдөн.

Пайгамбарга бүтпөй куса ый,
Хадис жыйнап күткөн урмат-сый.
Сөздүн кунун алтындай иргеп,
Муңдап өткөн Имам Бухарий.

Матурудий имам абыдан,
Акыйданы чечкен кабылан.
Кимдер гана өтпөгөн устаз,
Орто Азия топурагынан.

Калыгул да, Байымбет дагы,
Арстанбек, Куйручук баары.
Өнөр илим айкалыштырган,
Кудайымдын олуялары.

Тагдырында күндөр өзгөргөн,
Азап чегип жаны өрттөнгөн.
Канча жылдап зындан түбүндө,
Сарахси да өткөн Өзгөндөн.

Фатва өкүмдүн болгон атасы,
Казыхандай жандын тазасы.
Бул көчүптүр жалган жашоодон,
Узун сүрүп элдин азасы.

Сирожидин Оший аалымы,
Кадырлуулар барктап тааныды.
Акыйкаттан жанын аябай,
Урпактарга жетти жарыгы.

Хиндистоний илим тандаптыр,
Чырпыктайдан сүйүп жандаптыр.
Жараткандын олуясы да,
Ажал келип тирүү калбаптыр.

Абдулмажид каары керемет,
Адамдыктан баары ченелет.
Мелмилдеген океан сымал,
Мындай адам азыр келе элек.

Аппак сакал азирети ал,
Жүзүндө нур касиети бар.
Абдусаттар устаз да өткөн,
Кереметтүү ар бир сөзү бал.

Молдо Шакир аалым жан эле,
Жүрөктөрдө аты дагы эле.
Акка моюн ал да сунуптур,
Сабактары жанга дары эле.

Казагымдын Абдугаппары,
Арстан деп калкы атады.
Жараткандын күчү түбөлүк,
Кайрандын да бүттү сапары.

Садриддин казы кызыгы,
Олуянын болчу тукуму.
Күтүлбөгөн жерден жоготуп,
Жүрөк канап турган учуру.

Айланайын Чубак устазым,
Көргөндүрсүң элиң сыздашын.
Билем эми кырк беш жылда да,
Дал өзүңдөй аалым чыкпасын.

Кайгы тартып дүйнө сурады,
Көңүл айтып турган убагы.
Билбегенге Чубак өлгөндүр,
Билгендерге бир тоо кулады.

Падышадан коркпой ой сунчу,
Чын аалымды таанып кол сунчу.
Тайманбаган чындык дин үчүн,
Эркек деген сендей болсунчу.

Бир жарк эткен Күндөй көрүнүп,
Баттың кайра алыс бөлүнүп.
Көргө көмдүк деген менен биз,
Көңүлдөргө кеттиң көмүлүп.

Чубак устаз, досум, сырдашым,
Түшүбүздө келчи тур бачым.
Фирдаусту көрүп жылмайып,
Нур кабырда жаның жыргасын.

Чубак жашайт жүрөк тамырда,
Ар бир аткан мекен таңында.
Өлбөйт, өлбөйт, өлбөйт эч качан,
Бүт дүйнөдө үммөт барында.

Жеңишбек Жумакадыр