Курман айт куттуу болсун кылымдаган!

07 августа

Курман айт куттуу болсун кирип келген,
Куттуктаймын кыргызымды биринчиден.
Куран менен хадиске амал кылган,
Курмандык чалынсын кемибеген!

Курушуп акыретке соопту сансыз,
Кутман таң айт намазга барган калкпыз.
Курчаган айлананы бир туугандар,
Кут болсун Курман айт майрамыбыз!

Кучактап жүздөн сүйүп кол алышкан.
Курчирен мүнөздөрүн жайгарышкан.
Куттуктап бири-бирин кошуналар,
Курмандыкты тең бөлүп сыйлашышкан!

Курман айтты Аллахым белек кылган!
Кабыл кылып кыргызым майрамдаган.
Кана эмесе айттайлы бүгүн элим,
Курман айт маарек болсун кылымдаган!

Асанбек кызы Чолпон