Макшар

25 мая

Ал күн ушундай бир азап!
Атасы – баласынан,
Баласы – апасынан качат.
Мал-мүлк, дүнүйө,
Бала-бакыра пайда бербейт,
Пайда бербейт бийлик, мансап-атак.
Тоодой күнөөлөрүн,
Томуктай каталарын эстешет,
Ар инсан кылган амалы менен беттешет.

Ал күндү макшар күнү дебе,
Бирок ал күн чыныгы,
Макшар күнү эле.

Кулак угат,
Көрбөгөндү көз көрөт.
Ушул күндү баары жашап,
Баштарынан өткөрөт.
Ал күн менен ортобузда,
Бир гана өлүм бар.
Анда кулак сал,
Буларды айткан
Азирети Пайгамбар:

«Алла Таала макшар күнү,
Мурдагыларды жана кийинкилерди,
Бир майданга топтойт.
Караганда баары көрүнүп,
Укканыңда баары угулуп,
Ушунчалык кайгыны козгойт.
Чочулоолордун, коркуулардын,

Даражасы бийиктеп,
Аркан бою Күн жакындап токтойт.
«Азыр биздин абалыбызды
Көрүшпөйбү бир жан?» –
дей башташат аргасыздан,
«Бизди куткарып шапаатын берер ким бар?»
«Адам атабыз бар» – деп,
Бири-бирине кеңеш беришет.
Аягы жок үмүт менен
ага келишет:
«Эй, Адам!
Сен инсандардын атасысың,
Алла сени Өз колу менен жаратып,
Өз рухунан сага үйлөдү,
Бардык ысымдарды үйрөттү.
Өтө урмат менен сый кылды,
Периштелерди алдыңа сажда кылдырды.
Бул кыйынчылыктарды көрүп,
Абалыбызды жоёр белең?
Раббибизден биз үчүн кечирим сурап,
Шапаатчы болор белең?»

Адам алейхис салам:
«Бүгүн Раббим аябай каарданды.
Андыктан макшар күндүн азабын айт.
Мурун мынча каарданган эмес эле,
Мындан кийин мынчалык каарданбайт.
Бейиштеги кезимде,
Тийбе деген даракка колум сунуп,
Күнөөм үчүн бүтпөгөн
Көңүлүм дарт.
Жалпыңа айтарым жооп:
Жаратканымдын алдында
Шапаат кылууга абалым жок.
Напсим... Напсим ... Напсим...

Менден башкасынан кабар алгыла,
Нух алейхис саламга баргыла».
Адамдардын баары кейишет,
Аягы жок үмүт менен
ага келишет:
«Эй, Нух!
Эгең Алла,
Сага пайгамбарлык сыйын берди,
«Эң көп шүгүр келтирген кулум», – деди.
Бул кыйынчылыктарды көрүп,
Абалыбызды жоёр белең?
Раббибизден биз үчүн кечирим сурап
Шапаатчы болор белең?»

Нух пайгамбар:
«Бүгүн Раббим аябай каарданды.
Андыктан макшар күндүн азабын айт.
Мурун мынча каарданган эмес эле,
Мындан кийин мынчалык каарданбайт.
Жалпыңа айтарым жооп:
Жаратканымдын алдында,
Шапаат кылууга абалым жок.
Менин бир дуба акым бар эле,
Аны колдонуп алаканым сундум,
Укпаган коомума терс дуба кылдым.
Напсим ... Напсим... Напсим...

Менден башкасынан,
Башкасынан кабар алгыла,
Ибрахим алейхис саламга баргыла».
Адамдардын баары кейишет,
Аягы жок үмүт менен
ага келишет:
«Эй, Ибрахим!
Сен пайгамбар акыйкаттын далилисиң,
Баардык адамзаттын ичинен,
Алланын Халилисиң.
Бул кыйынчылыктарды көрүп,
Абалыбызды жоёр белең?
Раббибизден биз үчүн кечирим сурап
Шапаатчы болор белең?»

Ибрахим Пайгамбар:
«Бүгүн Раббим аябай каарданды.
Андыктан макшар күндүн азабын айт.
Мурун мынча каарданган эмес эле,
Мындан кийин мынчалык каарданбайт.
Жалпыңа айтарым жооп:
Жаратканымдын алдында
Шапаат кылууга абалым жок.
Напсим ... Напсим... Напсим...

Менден башкасынан,
Башкасынан кабар алгыла,
Муса алейхис саламга баргыла».
Адамдардын баары кейишет,
Аягы жок үмүт менен
Ага келишет:

«Эй, Муса!
сени Алла, чыныгы пайгамбар кылды,
Сага Өзү менен ортомчусуз
сүйлөшүү кереметин сунду.
Бул кыйынчылыктарды көрүп,
Абалыбызды жоёр белең?
Раббибизден биз үчүн кечирим сурап
Шапаатчы болор белең?»

Муса пайгамбар:
«Бүгүн Раббим аябай каарданды.
Андыктан макшар күндүн азабын айт.
Мурун мынча каарданган эмес эле,
Мындан кийин мынчалык каарданбайт.
Жалпыңа айтарым жооп:
Жаратканымдын алдында,
Шапаат кылууга абалым жок.
Пайгамбары болуп коомдун,
Мага буйрулбаган бир жандыктын
Өлүмүнө себепкер болдум.
Бул кокустук көкүрөгүмдү эзет,
Жаратканым бүгүн кечирсе,
Бул мага жетет.
Напсим ... Напсим ... Напсим ...

Менден башкасынан,
Башкасынан кабар алгыла,
Иса алейхис саламга баргыла».
Адамдардын баары кейишет,
Аягы жок үмүт менен
ага келишет:

«Эй, Иса!
Сен Мариям аркылуу тартууланып,
Чындыкты үйрөткөн,
Бешиктеги кезиңде,
Инсандар менен сүйлөшкөн.
Алланын пайгамбарысың.
Бул кыйынчылыктарды көрүп,
Абалыбызды жоёр белең?
Раббибизден биз үчүн кечирим сурап
Шапаатчы болор белең?»

Иса пайгамбар:
«Бүгүн Раббим аябай каарданды.
Андыктан макшар күндүн азабын айт.
Мурун мынча каарданган эмес эле,
Мындан кийин мынчалык каарданбайт.
Жалпыңа айтарым жооп:
Жаратканымдын алдында,
Шапаат кылууга абалым жок.
Напсим... Напсим... Напсим...

Менден башкасынан,
Башкасынан кабар алгыла,
Мухаммед алейхис саламга баргыла».
Маанайлары чөгүп кейишет,
Майдандагылардын баары Мага келишет:

«Эй, Мухаммед!
Сен пайгамбарлардын акыркысысың,
Үмүт кылабыз өзүңдөн.
Алла сенин
Мурунку да, кийинки да
Күнөөлөрүңдү кечирген.
Бул кыйынчылыктарды көрүп,
Абалыбызды жоёр белең?
Раббибизден биз үчүн кечирим сурап
Шапаатчы болор белең?»

Андан соң мен барып,
Арштын алдына турам.
Жаратканым үчүн сажда кылам.
Алла мурда эч кимге айтпаган,
Эч кимге ачпаган,
Эң улук мактоо сөздөрдү
Билдирет мага.
Ошол берилген илхам менен,
Раббимди улуктаймын кайра.
Жаратканым анан:

«Эй, Мухаммед!
Башыңды көтөр сура!
Сураганың бүт кылынат,
Шапаат сура, шапаатың аткарылат!»

Бул учурда бир өзүм:
«Эй, Раббим, үммөтүм!
Эй, Раббим, үммөтүм!
Эй, Раббим, үммөтүм!»
Анан Алла сүйүнчүлөйт:
«Эй, Мухаммед!
Үммөтүңдүн
эсеп-кысабы болбой тургандары,
Жүрөгүндө кыпынчалык
ыйманы барлары,
Баары калбай жаннатка кирсин», – дейт».

Ал күндү макшар күнү дебе,
Бирок ал күн чыныгы,
Макшар күнү эле.
Көрбөгөндү көз көрөт.
Ушул күндү баары жашап,
Баштарынан өткөрөт.

Деген эле азирети Пайгамбар.
Ал күн менен ортобузда,
Бир гана өлүм бар ...

Жеңишбек Жумакадыр