Устазга

31 августа

Ал кездер болчу экен сонун убак,
Мечиттин килемине жатып кулап.
Арабча окуганды үйрөнчү элек,
Кызыктуу сабак өтүп устаз Чубак.

Ал кездер дагы деле эсте турат,
Шаарга келген убак билим улап.
Эки жыл бизге сабак берип анан,
Меккеге кеткен эле устаз Чубак.

Ал жактан өз илимин он жыл улап,
Келген соң элге дайым кызмат кылат.
Мурда бир окуу жайга сабак берсе,
А азыр жалпы элге устаз Чубак.

Жети жыл доссуңар дейт Фейсбукта,
Уят го андай дебе устаз укса.
Жыйырма жылдан ашты устаз-шакирт,
Ортодо орнотулган сыйыбызга!

Раимбек Мамасеитов

17.07.2019.