Абдулла
15.09.2022

Абдулла

Абдулла

Абдулла Абдулмутталибдин он эркек баласынын сегизинчиси эле. Тулку-бою, өң-келбети жана мүнөзү жагынан бир туугандарына салыштырмалуу айырмаланып турчу.
Жарык дүйнөгө көз жарары менен атасынын чекесинде жаркырап турган нур анын чекесине өткөн эле. Бул нур анын жамалына өзгөчө көрк берген. Бирок эч ким мунун себебин биле алган эмес.

Абдулланын ар-намыстуулугу

Ошол күнү мына бул окуя болгон эле:
Элдин баары иштин натыйжасына кубанып, чүчүкулак кармалган жерден үйлөрүн көздөй тарай баштаган. Абдулмутталиб да сүйүктүү уулу менен бирге шаарга бет алды. Каабанын жанынан өтүп баратканда, атасынан бир топ артта келе жаткан Абдулланын алдынан бир келин тосту. Бул келин Абдулланын сулуу келбетине куса болгондордун бири, Варака бин Науфалдын карындашы Рукыя эле. Рукыя да агасы Варака сыяктуу эски ыйык китептерди көп окуган, ал китептерден акыр заманда келүүчү Пайгамбардын белгилерин окуп жатка билген бирөө эле. Ал Абдулланын жүзүндөгү ошол кезге чейин башка эч кимде көрүлбөгөн өзгөчө жаркын нурду байкап, акыр заман Пайгамбарынын белгилери менен байланыштырып, өз ичинен тымызын ойлонуп жүргөн. Бул сыймыктуу адамды башкаларга тарттырып койбоо үчүн, демейки сулуулугу менен уятын да эстен чыгарып, Абдулланын алдына бетме-бет келип күңкүлдөдү:
- Жаш жигит, бир аз токтой турчу!
Абдулла токтоду.
- Кайда баратасың? – деп, келин сурады.
Жүзүн нур чайыган Абдулла уялыңкы түрдө:
- Атам менен үйгө бара жатам, – деп жооп кайтарат.
Келин бул түз, сыпайы жоопко көп алаксыбастан, маселени кабыргасынан койду:
- Абдулла, мени менен дароо үйлөнөсүңбү?
Абдулланын жүзү заматта кып-кызыл боло түштү. Ар-намысынын бетин ачкысы келген бул келиндин сунушуна маани бербестен, бурулуп баса береринде, Рукыя болбой жолун тороду. Анткени кантип болсо да аны өзүнө имерип алгысы бар эле. Өз каалоосун башка бир сунуш менен ишке ашыргысы келип, мындай деди:
- Эгерде, мени менен үйлөнүүгө макул болсоң, бүгүн сен үчүн курмандыкка чалынган төөлөрчө көп төөлөрүм бар, алардын баары сеники болот!
Абдулла бул кызыктуу сунушка да көңүл бурбастан, ар-намысын айгинелеген ушул жоопту айтты:
- Арам иштин ачуусу, өлүмдүн ачуусунан да жаман. Адалдын даамы ширин. Эй, келин! Кайда барсаң да, ай-ааламдын көзүнчө адалынан изде! Ар-намысы бекемдер уяты менен динин жан үрөп коргойт. Алар намысы жоктукка кантип даай алат?
Бул кескин жоопту берип бүтүп, сулуу Рукыянын капалуу, таңыркаган көз караштарын артка калтырган Абдулла өз жолун улантты…
Бир топ мезгилдер өткөн соң, Амина айымга үйлөнгөн Меккенин көчөлөрүнүн биринде ошол Рукыя менен кайра жолугуп калды. Бу жолу Рукыянын ага кичине да кызыкканы байкалбайт. Тескерисинче, кайдыгер мамиле жасады. Абдулла мунун себебин сураганда:
- Баягы кездерде, маңдайыңда укмуштай нур жаркып турчу эле, ошол нуруңа арбалып ашык болгомун. Бирок азыр ал нуруң көрүнбөйт, – деп жооп берди.
Ооба, Абдулланын маңдайында жаркырап турчу нур чын эле өчкөн болчу. Себеби, ал нур ааламдын мырзасына кош бойлуу болгон сыймыктуу эне – Амина айымга көчкөн эле…
Тегинде, Абдуллага ашык болгон аялзаты ушул Рукыя эле эмес болчу. Бүтүндөй курайш кыздары, жаман кулк-мүнөздөрдөн таза, баарына жагымдуу бул жигиттен үмүттүү эле. Болгону анын жүзүндөгү жаркындын сыры кайда жатканын түшүнүшчү эмес…

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өмүр баяны китебинен