
Абдулмутталибдин түшү
Арадан көптөгөн жылдар өттү. Ааламдын улуу Пайгамбарына (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) тиешелүү болгон нур Абдулмутталибди курайштын башчылык кызматына жеткирди. Аптаптуу жай күндөрүнүн биринде, Каабанын жанындагы Хажр деген жерде, көлөкөдө уктап жатып, Абдулмутталиб түш көрөт. Түшүндө бир киши ага:
- Ордуңдан туруп, Таййибаны каз, – дейт.
- Таййиба деген эмне? – деп сурайт.
Бирок ал киши суроосуна жооп бербестен көздөн кайым болот.
Уйкусунан ойгонгон Абдулмутталибдин акылы айран. Таййиба деген эмне? Таййибаны кайдан казуу керек? Түшүнө анчалык маани бербестен бир күн, бир түн өткөрөт.
Эртеси күнү ошол эле жерде, кайрадан жатып уктап кетет. Ошол эле адам кайра түшүнө кирет:
- Ордуңдан тур, Барраны каз!
Түшүндө Абдулмутталиб таңыркап кайра сурайт:
- Барра деген эмне?
Ал киши дагы эле эч кандай жооп бербестен, көздөн кайым болот. Абдулмутталиб ал күндү көргөн түшүнүн таасири менен өткөрөт.
Эртеси күнү да, дагы ошол жерде уктап калат. Ошол эле киши пайда болуп:
- Тур ордуңдан, Маднунаны каз! (Таййиба, Барра, Маднуна – Замзам булагынын аттары)
Терең уйкуда жаткан Абдулмутталиб андан:
- Маднуна деген эмне? – деп сурайт, бирок ал адам дагы жооп бербестен, көздөн кайым болот.
Абдулмутталибдин кызыгуусу акыркы чегине жеткен эле… Үч күн кайра-кайра көргөн түшүнүн жөнөкөй түш эместигин сезип турду. Бирок маанисин түшүнбөгөн түшүнүн жандырмагы да белгисиз эле.
Төртүнчү күнү дагы ошол эле жерде уйкуга кеткен Абдулмутталиб, баягы адамдын келгендигин көрөт, ал бул жолу мындай дейт:
- Замзамды каз!
Абдулмутталибдин: “Замзам деген эмне, кайсыл жерде?” деген суроосуна анын жообу мындайча болду: “Замзам деген эч качан түгөнбөгөн, соолубаган суу. Меккеге келген ажылардын сууга болгон муктаждыгын аны менен камсыз кыласың. Ал Каабадагы курмандыкка чалынган малдардын каны төгүлгөн жер менен алардын кыктары көмүлгөн жердин ортосунда. Сен ал жерге барганда, ала канаттуу карга келип, ал жерди тумшугу менен чокулайт. Ал жерде кумурсканын уясы да бар”.
Уйкудан ойгонгон Абдулмутталиб бул жолу толкундана сүйүнүп отурду. Себеби, ал көргөн табышмактуу түштөрүнүн жандырмагы болгон, көмүлүп орду билинбей калган Замзам кудугу тууралуу мурда да көп уккан болчу. Бирок анын так ордун эч ким билчү эмес. Себеби бир замандарда ушул чөлкөмдө жашаган журхумдуктар чабуулга учурап Меккеден башка жактарга ооп кетерде, Каабанын бардык асыл буюмдарын Замзам кудугуна толтуруп, үстүн топурак менен көмүшүп, билинбес кылып бекитип кетишкен экен. Ошол убакыттан бери Замзамдын аты бар, заты жок болчу.
Абдулмутталиб ошол түштөн кийин Замзамдын ордун таап, аны казууга толук милдет алгандыгын түшүндү. Ошол замат түшүндө көрсөтүлгөн жерге барды. Так ошол учурда ала канат карга учуп келип, бир жерге конуп, тумшугу менен бир жерди чокулап, кайра учуп кеткенин көрдү.
Абдулмутталиб төбөсү көккө жете сүйүндү. Көп жылдардан бери эл оозунда айтылып келген, бирок көмүлүп калган, өмүргө өмүр берген бул кудукту таба алса, аны эл кызматына берип, урматына ээ болмок.
Замзамдын ордун тапкандан кийин эми аны казуу иши калды. Бул ишти башкалар менен бөлүшүп, бул сырды башкаларга ачкысы келди. Ошондуктан эртеси күнү жанына жалгыз уулу Харисти алып, болжогон жерди каза башташты. Бир топтон кийин Замзам кудугунун тегерете таш кыналган дубалы менен кудуктун тегерек оозу пайда болду. Абдулмутталиб сүйүнүчтөн, толкундануудан өзүн кармай албады. Көргөн көзүнө бир ишенип, бир ишенбеди. Ал көрүнгөн нерсе чын эле кудуктун тосулган оозу болчу. Такбир келтире баштады: “Аллаху акбар! Аллаху акбар!”.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өмүр баяны китебинен