Абу Бакирдин (Алла андан ыраазы болсун) кыскача өмүр баяны
08.08.2019

Абу Бакирдин (Алла андан ыраазы болсун) кыскача өмүр баяны

Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) биринчилерден болуп ыйман келтирген, төрт калыйпанын биринчиси, Пайгамбар (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) менен чогуу Меккеден Медина шаарына көчкөн, Пайгамбарды (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өзүнөн, үй-бүлөсүнөн артык көргөн, Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жубайы Айша энебиздин атасы, Абу Бакир (Алла андан ыраазы болсун) Пил окуясынан үч жыл кийин туулган. Анын "Сыддык" - "Чынчыл" деген лакап атын Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ыйгарган. Бул тууралуу Анас бин Малик (Алла андан ыраазы болсун) мындай дейт: "Пайгамбарыбыз, Абу Бакир, Умар жана Усман (Алла алардан ыраазы болсун) болуп Ухуд тоосуна чыгышат. Алар тоонун үстүнө чыкканда, Ухуд тоосу титиреп баштайт. Аны байкаган Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Тынчтан, оо, Ухуд! Чындыгында сенин үстүңдө Пайгамбар, Сыддык жана эки шейит турат" - дейт". Абу Бакирдин (Алла андан ыраазы болсун) өз аты: Абдулла бин Аби Кухаафа, Усман бин Аамир бин Кааб Сыддык Таймий Куройший. Ал Пайгамбарыбыздан (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) үч жашка кичүү. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) пайгамбарлык милдетин ала элек караңгы доордо эле, Абу Бакир (Алла андан ыраазы болсун) сүйкүмдүү, такыбаа, жумшак адам болгон. Өмүрүндө бир жолу да арак ичпеген жана таш жана башка нерселерден жасалган айкелдерге сежде кылган эмес. Абу Бакир (Алла андан ыраазы болсун) эркектерден биринчи болуп Исламды кабыл кылган. Ислам динин жайылтууда анын опол тоодой салымы зор. Тирүү кезинде бейиш менен сүйүнчүлөнгөн беш сахаба: Усман бин Аффан, Талха бин Убайдулла, Зубайр бин Аввам, Абдуррахман бин Ауф жана Абу Убайда бин Жаррах сахабалар азирети Абу Бакир (Алла андан ыраазы болсун) себебинен Ислам динин кабыл алышкан. Ал Алланын акыйкат динин жайылтуу үчүн мал-дүйнөсүн аянбай сарптаган. Өзү кул болгондугуна карабастан Исламды кабыл кылган азирети Билал жана Аамир бин Фухайра сыяктуу сахабаларды сатып алып, азаттыкка чыгарган. Бар байлыгын дин үчүн сарптаган, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Мага Абу Бакирдин байлыгынан башка эч бир байлыктын пайдасы тийген жок" - деп айтканы бар. Умар (Алла андан ыраазы болсун) айтат: "Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бизди садага бергенге буюрду, мен акчамды алып келдим, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Үй-бүлөңө эмне калтырдың" - деди. Мен: Акчамдын жарымын алып келдим, жарымын үй-бүлөмө калтырдым - дедим. Ошол кезде Абу Бакир (Алла андан ыраазы болсун) да акчасын алып келди. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) андан: "Үй-бүлөңө эмне калтырдың, оо, Абу Бакир?" - деп сурады. Ал: Алланы жана Анын Элчисин калтырдым - деп жооп кайтарды. Ошондо мен: Жакшылык иштерде эч качан Абу Бакирден озуп кете албастыгымды түшүндүм". Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) сахабалардан: "Силердин кимиңер бүгүн орозо кармады? - деп сурайт, Абу Бакир (Алла андан ыраазы болсун): Мен - дейт. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) кайра: Силердин кимиңер бүгүн жаназага катышты? - дейт. Абу Бакир (Алла андан ыраазы болсун): Мен - дейт. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) кайра: Силердин араңарда ооруп жаткан адамды зыярат кылган адам барбы? - дейт. Абу Бакир (Алла андан ыраазы болсун): Мен - дейт. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) кайра: Силердин араңарда садага берген адам барбы? - дейт. Абу Бакир (Алла андан ыраазы болсун): Мен - дейт. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): Кимде ушул жогоруда айтылгандар табылса, бейишке кирет" - дейт. Ажал келип, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бул дүйнө менен кош айтышып, чыныгы дүйнөгө көчкөн кезде, адамдар катуу кайгыга чөгүп, ызы-чуу болуп баштайт. Ошол кезде Абу Бакир (Алла андан ыраазы болсун) ордунан туруп: "Оо, адамдар! Ким Мухаммедке ибадат кылып жүргөн болсо, чындыгында Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бул жашоо менен кош айтышты. Ким Аллага ибадат кылып жүргөн болсо, чындыгында Алла Таала тирүү, эч качан өлбөйт" - дейт. Анын бул сөзүн уккан элдер тынчтанып калышат. Андан кийин Абу Бакир (Алла андан ыраазы болсун) калыйпа болуп дайындалат. Мусулмандарга калыйпа болуп турган кезиндеги кылган эң чоң иштеринин бири: Курани Каримди бир китепке топтогондугу. Абу Бакир (Алла андан ыраазы болсун) оору себептен хижраттын 13-жылы Жумадал-уула айында көз жумат. Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) кабырынын жанына коюлат. Анын калыйпалык доору эки жыл үч айга созулган, ал көз жумгандан кийин калыйпалык милдетти Умар (Алла андан ыраазы болсун) аркалап баштаган.

Автор: Абдишүкүр ажы Нарматов