Ад-Дарданын атасы
21.06.2022

Ад-Дарданын атасы

Абу ад-Дарда

Ад-Дарданын атасы

“Абу ад-Дарда өзүнөн бул көр дүйнөнүн азгырыгын эки колу жана жүрөгү менен жериген инсан”. (Абдуррахман бин Ауф)

Өз элинде Абу ад-Дарда деген атак алган Уваймир бин Малик аль-Хазражи эртең менен эрте уйкусунан туруп, түз эле үйүнүн эң ардактуу төрүнөн орундук алган кудайчасын көздөй жөнөдү. Текчеден эң бир укмуш аңкыган жыпар жыттуу атыр, мисктерди тандап алып, бутсөлөкөтүн бир сыйра умачтап чыкты. Йемендик соодагер кечээ эле белекке алып келген эң кооз жибектен бычылган жаңы кийимди кийгизди. Күн найза боюндай көтөрүлгөн соң Абу ад-Дарда үйүнөн чыгып, дүкөн тарапка кадам койду. Йасриб шаарынын бардык көчөлөрүндө адам жык-жыйма кыжылдап, бут коёрго жер жок. Мухаммед пайгамбардын жолун жолдоочулар Бадр согушунан кайтышкан экен. Жеңүүчүлөрдүн алдында бир топ курайш элинен колго түшкөн туткундар келе жатат. Аларды көргөн Абу ад-Дарда дароо Хазраж уруусунун бир жаш жигитине жете барды да Абдулла бин Раваха жөнүндө сурай калды. Хазраждык жигит:
- Ал салгылашууда керемет эрдик көрсөттү, чоң олжого ээ болду жана аман-эсен кайтып келди.
Мындай жоопту айтып жигит Абу ад-Дарданын тынчсыздануусун басты жана анын Абдулла бин Раваха жөнүндө сурамжылаганы аны таң калтырган жок. Анткени тиги экөөнүн досчулук байланышын бардык эл жакшы билген. Алар сабатсыз доордо эле достошуп алышкан. Ислам дини келген кезде Абдулла бин Раваха аны кабыл алып, Абу ад-Дарда кабыл кылбай койгон. Бирок бул кайчылай көз караштар, пикирлер жагынан бирдей эместик эки кишинин ынтымакчылыгына, кыйышпас досчулугуна эч кандай ырксыздык, келишпестик кедерин жараткан жок. Абдулла бин Раваха жан досунун динди кабыл албай, бутпарастыкта өткөрүп жаткан ар бир күнүн ойлогондо жаны жай албай, аябай тынчсызданат. Күн сайын жолдошуна кезигип дин тууралуу маек салганы мына ушул себептен болчу.

Абу ад-Дарда дүкөнүнө келип, бийик отургучуна көчүк басып, соода-сатыгын баштады. Кол алдында кызмат өтөгөндөргө буйрук берип, бирдеме деп тыйып кирди…
Бирок ошол учурда үйүндө эмне болуп жаткандыгы менен эч кабарсыз…
Дал ошол маалда кыйышпас досу Абдулла бин Раваха өзүнүн качантан бери ойлоп келе жаткан оюш ишке ашыруу максатында анын үйүнө бара жаткан…
Абдулла анын үйүнө жетип, дарбаза ачык бойдон калганын байкады. Короодон Умм ад-Дарданы көрдү.
- Ассалому алейкум, о Умм ад-Дарда!
- Уа алейкуму салам, о Абу ад-Дарданын агасы! – деп, Абу ад-Дарданын аялы алик алды.
- А Абу ад-Дарда кайда?
- Ал дүкөнгө кеткен, бир аздан кийин келип калат.
- Кирүүгө уруксат бересизби? – деди Абдулла.
Абу ад-Дарданын аялы:
- Кош келиңиз, – деп жооп берди да, аны үйгө киргизди.
Андан соң аял киши өзүнүн бөлмөсүнө кирип, балдарына баш багып, үй иштери менен алектенди.

Абу ад-Дарданын атайын жасаган кооз орундугунда аябай аздектелип коюлган кудайчасы турган бөлмөгө Абдулла бин Раваха кирди. Өзү менен кошо ала келген балкасын алып чыгып:
- Арийне, Аллага шерик кылышкан нерселердин баары – жалган! Арийне, Аллага шерик кылышкан нерселердин баары – жалган!… деп, айкелдин таш-талканын чыгарып сындыра баштады.
Ошентип айкелди талкалаган соң акырын досунун үйүнөн чыгып кетти.

Умм ад-Дарда бөлмөгө кирип кудайчанын сыныктары тоодой болуп үйүлүп, бөлмөнүн ар тарабында чачырап жатканын көрүп эч нерсеге түшүнбөй айраң-таң болуп, сестейип туруп калды… Маң болгондой кейип-кепчип, колдору менен бетин чапкылап:
- Сен мени шорлоттуң, о Бин Раваха… Сен мени өлтүрдүң, о-о Бин Раваха… – деп эле безилдей берди.

Бир саамдан кийин Абу ад-Дарда үйүнө келди. Кудайчасы турган бөлмөнүн кире беришинде өңгүрөп ыйлап отурган аялын көрдү.
- Эмне болду? – деди Абу ад-Дарда.
- Сенин жогуңда жан көргөн агаң, Абдулла бин Раваха келди, – деди аялы, бөлмөнүн ичине кол жаңсап. – Кудайча менен эмне кылып кеткенин карачы.
Ал бутсөлөкөтүнүн үймөк ташка айланып, бырчаланып жатканын көрдү. Аябай ачуусу келип, ошол замат Абдулладан өч алууну күсөдү. Бирок бир аз убакыт өтүп-өтпөй анын жини кайтты, жаны жай алды. Болгон окуяга көз салып, ой жүгүртүп: “Эгер кудайча кудурет ээси болгондо өзүн-өзү сөзсүз коргомок. Мындай абалга келмек эмес” деп, өз ичинен күбүрөндү.
Ошол замат ордунан ыргып турду да түз эле Абдулла бин Равахага жөнөдү. Андан соң алар экөө Алланын Элчисинин алдына келишти. Ошол жерде анан Абу ад-Дарда өзүнүн динди кабыл алуусун жарыялады. Ошентип ал тегеректеги айкелдерге табынуучулардын ичинен эң акыркы болуп ислам динин кабыл алган киши болду.
Абу ад-Дарда Аллага жана Пайгамбарга динди кабыл алган эң оболку көз ирмемдерден баштап эле жан-дили менен, бүткүл тулку-бой турпаты менен чын жүрөктөн ыйман келтирди. Замандаштарынын Алланын динин билүүдө, Алланын Китебин таанууда, диний ибадаттарынын адептерин өздөштүрүүдө алда канча алдыга оозуп кеткендерин көрүп, канчалаган жакшылыктардан артта калганына ичи тызылдап, аябай бушайман тартты. Алардын Аллага жакындап, такыбаачылык кылып, өздөрүн тозок отунан сактап калуу ниетинде эбактан бери алпурушуп келе жаткандарын карап туруп, текке кетирген күндөрүн эстеп бир кыйлага дейре өкүнүп отурду. Анан жеңин түрүнүп, белин бууп, ошол убакыт аралыгында колдон чыгарып ийген, илим-билимге ээ болууга жана ошол жаатта жолдошторун кууп жетип, андан ары ашып кетүүгө ашыкты. Бул ишке белсенүүгө жүрөгүнөн чечкиндүү корутунду чыгарды. Өз талаптарын иш жүзүнө ашырууга кайраттуулук кылып, күн-түн дебей тынымсыз туруктуулук көрсөтүүнү туура деп тапты. Ал өзүнүн ибадатында бул көр дүйнө менен болгон бардык байланышты үздү. Илимди ары ынтызарлык, ары ынталуулук, ары абдан кызыгуу менен окуй баштады. Алланын Китебинин ар бир аятын, сүйлөмүн ички-сырткы маани-маңызын терең түшүнүү менен бирге бирин калтырбай баштан-аяк жаттап кирди. Соода иши анын жанына жагымдуу, аябай сүйкүмдүү ибадаттын лаззатына жана илим алынуучу жыйындарга үзгүлтүксүз катышып туруусуна тоскоолдук туудура баштаганын байкаган Абу ад-Дарда эч бир олку-солку эле кыпындай да өкүнүп койбостон аны таштады. Анын андай кылуусуна эмне себеп болду? – деп, бир жолу кимдир бирөө суроо узатты.
- Алланын Элчисине убада берээримден мурда соодагер болчумун. Мусулманчылыкты кабыл алгандан кийин соода-сатык менен ибадатты бирге алып кетейин деп ниеттендим эле, бирок андай кылууга чамам жетпеди. Андыктан сооданы жыйнаштырдым да, сыйынууга баш-отум менен кирип, өзүмдү бүтүн бойдон ага багыштап койдум. Абу ад-Дарданын жаны Анын колунда болгон Затка ант берем, азыр ушул маалда, мечиттин алдында дүкөнүм болуп калуусун дагы деле каалар элем. Ошондой болуп калганда намазды дайыма жамаат менен чогуу мечитте окумакмын. Ошондой эле күнүнө үч жүз динар өлчөмүндө киреше табууга мүмкүнчүлүк алып, соода менен да алектенмекмин. Суроо берген кишиге бир көз чаптырып алып:
- Мен, Кудуреттүү Улуу Алла Таала соодага тыюу салган дегенден алысмын… Бирок мен, соода ишин Алла Тааланы эстөөдөн алагды кылбагандар менен бирге болуусун каалар элем, – деди.

Абу ад-Дарда сооданы эле таштап тынып калбастан дүйнө ыракатынан бүтүндөй баш тартты. Бул дүйнөнүн куру сырты гана жылтыраган кооздугу суук учурап, көңүлүн айнытып, кандайдыр бир жийиркеничти пайда кылды. Ал кургап катып калган нанга жана жылаңач денесин жабуу үчүн гана калың кездемеден жасалган кийимге канаат этти.
Ызгаар суук түндөрдүн бир түнүндө бир жамаат анын үйүнө токтошту. Абу ад-Дарда аларга ысык тамак берип, түнөп кетүүлөрүн суранды да, бирок жамынчы берген жок. Жамаат жатаар алдында ошол тууралуу өз ара сүйлөшө кетишти. Ошондо бири талпынып:
- Азыр барып ага ал тууралуу айтпасам… - деди.
Экинчи бир киши аны тыйып: “Андай кылба” деди. Бирок биринчи киши айтканынан кайтпай барууну чечти. Абу ад-Дарда жаткан бөлмөнүн эшигине жакын барганда үй ээсинин төрт бүктөлүп жатканын, жанында аялы олтурганын көрдү. Үстүлөрүндө ысыктан же сууктан коргой албай турган, жеңил ары жупжука кийим.
- Биз кандай абалда жатсак, сен деле ошондой абалда жатасың да! А силердин буюм-теримиңер кайда? – деп, аң-таң болду.
- Биздин үйүбүз ал жакта жана биз тапкан буюм-теримибизди түптүз эле ошол жакка жөнөтүп турабыз. Эгер үйүбүздө алардан бир нерсе калган болсо, аны сөзсүз силерге бермекпиз…
Биздин жолубузда, башкача айтканда, бул үйдөн да ал жактагы үйгө бара турган жолдо өтө чоң олуттуу тоскоолдук бар. Ал аябай бийик, нары катаал, нары оор ашуу. Аны оор салмактуу жүк менен эч качан аша албайсың, бир гана жеңил жүгүң менен ашууга мүмкүнчүлүк бар. Ал тоскоолдон ийгиликтүү ашып өтүүнү көздөп, биз, кандайдыр бир оордук, кыпындай салмак бере турган нерсени да каалабай калдык, – деди да – Түшүндүңбү? – деп суроо узатты.
- Ооба, түшүндүм, – деп жооп берди да. – Бардык жакшылыктарга ээ бол, – деп кошумчалады.

Мусулмандардын өкүмдары Алла андан ыраазы болсун, аль-Фарук Умар бин аль-Хаттаб Абу ад-Дарданы аш-Шам аймагына башчы кылып жиберүүнү каалады. Бирок Абу ад-Дарда анын сунушуна такыр көнбөй коёт. Умар дагы өзүнүкүн бербей кыстаганын койбойт. Акыры Абу ад-Дарда:
- Сен мени аларга алардын кудайы – Алла Тааланын Китебин жана алардын Пайгамбарынын сүннөтүн үйрөтүүгө жана алар менен бирге намаз окуу үчүн жиберсең, анда мен даярмын, – деди.
Жүрөгүнөн чыккан ак ниет бул сөздөр Умарды аябай кубандырды. Абу ад-Дарда ошентип Дамаск шаарына жөнөйт. Шаарга жетип, жергиликтүү тургундардын бул дүйнөнүн азгырыгына, байлыгына, ылайлуу сазына белчесинен батып, жашоо ыракатынын жана жыргалчылыгынын көлүндө чөмүлүп жаткандарын көрүп үрөйү учуп, зээни кейиди. Элдин баарын мечитке жыйнады. Алардын алдына чыгып:
- Эй, Дамаск эли, дин жаатында силер биздин бир туугандарыбызсыңар. Жайгашкан аймак жаатын алсак эң жакын коңшусуңар. Душмандар менен салгылашуу маселесинде силер биздин өнөктөшсүңөр…
О Дамаск эли! Менин силерге болгон сүйүүмдү, досчулугумду жана насааттарымды кабыл алууга эмне тоскоолдук кылып жатат? Мага силерден эч нерсенин кереги жок. Мен силерге насаат, кеңеш гана айтам, менин чыгым-каражатымды башкалар төлөйт.
Өлүм силердин аалымдарыңарды силердин араңардан акырын алып кетип жатканын, а сабатсыз, наадандарыңардын илимге ынтызар болбой, окубай жатканын мен көрүп жатам!..
Кудуреттүү Улуу Алла Таала силерге кепилдик берген, тартуу кылган нерселерди абдан каалап, чын көңүлүңөр менен кабыл этип, а бирок ошол эле мезгилде Анын өкүмдөрүн тоготпой, этибарга албай жатканыңарды да көрүп жатам!..
Эмне… жеп, жутуп, аш кылууга алыңар жетпей турган өлчөмдөн да ашыкча нерселердин баарын топтоп, жыйнап жатканыңарды көрбөй турат дейсиңерби?!.
Өзүңөр жашабай турган имарат-курулуштарды жүргүзүп жатасыңар!..
Өзүңөр жетпей турган, келечекте болоор-болбосу белгисиз нерселерди көздөй жан-үрөп үмүттөнүп жатасыңар!..
Силерден мурун да көптөгөн коомдор аябай көп нерселерге үмүткөр эле…
А бирок аз гана убакыт өтүп-өтпөй алардын баары топуракка айланышкан…
Алардын бардык ой-максат үмүттөрү менменсинүү, даңкка умтулуу жана санаа, куру кыял эле…
Алардын үйлөрү болсо мүрзөлөргө айланды…
О Дамаск эли, Аад коому эмне болгонун силер жакшы билесиңер. Алар да канчалаган мал-мүлк, байлык, бала-бакыра бар эле!..
Ошолордун мурасын азыр силердин араңардан кимиңер менден эки дирхамга сатып аласыңар?
Бул эскертүү, насаат-баянды угуп жаткандар катуу шолоктоп ыйлашты, алардын ыйы мечиттен сырткары жакка угулуп жатты.

Ошол күндөн тартып Абу ад-Дарда Дамаск шаарында боло турган жыйындардын баарына иштиктүү катышып, бардык базарларын кыдыра баштайт. Суроолорго жооп берет, сабатсыздарга таалим-тарбия үйрөтөт, бейкапар жүргөндөргө эскертме кылат. Бир кирпик кагым учурду да бекер кетирбей, оң келе калган жагдайды жана ыңгайлуу мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай пайдаланат.

Бир жолу Абу ад-Дарда көчөдө бара жатып, бир топ адамдар бир кишини үймөлөктөшүп, тилдеп, ур-токмокко алып, сабап жаткандарын көрөт. Аларга жакын барып:
- Эмне болуп жатат? – деп иштин жөн-жайын сурайт.
Алар:
- Бул киши чоң күнөө кылды.
Абу ад-Дарда аларга карап:
- Эгер бул киши кудукка түшүп кетсе, аны чыгарат белеңер? – деди.
- Ооба, сөзсүз, – дешти адамдар.
- Аны тилдебегиле жана тепкилебегиле, – деди аларга Абу ад-Дарда, – андан көрө эскерткиле жана акыл-насаат айткыла. Ошондой күнөөнү силерге жасатпай койгон Аллага көптөгөн шүгүрлөрдү келтиргиле.
- Эмне бул киши сага жагымдуу болуп жатабы? – деп сурашты.
- Мага анын жасаган иши жагымсыз. Эгер ал ошол күнөө ишин таштаса, менин бир тууган агам болот.
Күнөө кылган киши анын сөздөрүн угуп, үнүн чыгарып, катуу ыйлап жиберди да, экинчи жасабайм деп тобо кылды.

Дагы бир мерте Абу ад-Дардага бир жаш жигит кайрылат:
- О, пайгамбардын сахабасы, мага насаат айтчы!
Абу ад-Дарда ага мындай акыл-кеп айтты:
- Эй, уулум! Алланы эсенчилик жана жыргалчылыкта эстесең, башыңа кырсык, кайгы-капа келгенде сени эстейт…
Эй, уулум! Аалым бол же илим алуучу бол, эч болбоду дегенде угуучу бол, төртүнчүсү болбой эле кой. Анткени төртүнчү болгонуң – өлгөнүң.
Эй, уулум! Мечит сенин үйүң болсун. Мен Пайгамбарыбыздын: “Мечиттер – такыбаа адамдардын үйү” деп айтканын өз кулагым менен укканмын. Мечиттерди өз үйлөрүнө айландырган адамдарды Кудуреттүү Улуу Алла Таала тынчтык, ырайым жана Алланын жолунан тайбай, түз жүрүү мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылып коёт.

Күндөрдүн бир күнүндө бир нече жигиттер жолдун четинде жолдон ары-бери өткөн адамдарга көз салып, кыраан-каткы түшүп, көңүлдүү олтурушкан эле. Абу ад-Дарда аларга жакын басып барып:
- Эй, балдарым! Мусулман кишинин сактанып, коргоно турган жайы – анын үйү. Ал жерде ал өзүнүн көзүн сактайт, напсисин тарбиялайт. Базарда ишсиз, амалсыз убакытты жөн эле текке кетирип отура бербегиле.

Абу ад-Дарда Дамаск шаарында жашаган кезде Муавия бин Абу Суфян уулу Йазидди анын кызына үйлөндүрмөкчү болуп куда түшүп барат. Бирок Абу ад-Дарда өз макулдугун бербей, кызын башка бир жөнөкөй жаш жигитке берет. Ал жигит өзүнүн чынчылдыгы жана адептүүлүгү менен айырмаланат эле.
Эл арасы уу-дуу түшүп, Муавиянын уулу Йазид Абу ад-Дарданын кызына куда түшкөн экен, а бирок ал кызын берүүдөн баш тартып, башка бир жөнөкөй жигитке берип салыптыр деген сөз баарына жетип, ар биринин оозунда болду.
Абу ад-Дардадан эмне үчүн андай кылдыңыз деп сурашканда:
- Мен кызыма жакшылык каалап ошондой кылдым дейт.
- Кандайча? – таң кала адамдар сурашты.
- Кызымды заңкыйган, кооз сарайларда өзүнүн кулдарынын, кызматкерлеринин тегерегинде жүргөнүн элестетип көргүлө. Ошондой абалда кызымдын дини эмне болот?!

Ошентип Абу ад-Дарда аш-Шам жергесинде жүргөн мезгилдерде мусулмандардын өкүмдары Умар бин аль-Хаттаб элдин турмуш жагдайы менен жакындан таанышуу максатында келет. Кечинде өкүмдар жолдошу Абу ад-Дарданы зыярат кылып кетейин деп, анын үйүнө келет. Эшикти акырын түрттү эле, тарс ачылып кетти, караса эч кандай бекиткичи жок экен. Умар капкараңгы үйгө баш бакты, анын кадамынын үнүн эшиткен Абу ад-Дарда ордунан тура калып, салам берди да, Умарды жанына олтургузду. Көзгө сайса көрүнгүс караңгылыкта, бири-бирин көрбөй туруп эки жолдош жайбаракат маек башташты. Абу ад-Дарданын баш жагында жаткан жаздыкты Умар колу менен акырын сыйпалап көрдү. Жаздык аттын үртүгү экен.., жамынчы дамасктын шамал, суугуна тоскоолдук бере албай турган, эч бир жылуулугу жок, аябай жука кездеме экен.
Умар:
- Алла сага ырайым кылсын! Мен сага жардам бербей жаттымынбы?! Эмне мен каражат жөнөтпөй турдумбу?! – деди.
Абу ад-Дарда:
- Умар, Алланын Элчиси бизге айткан хадис эсиңдеби? – деп сурады.
- Кайсынысын айтып жатасың? – деди Умар.
- “Атчан кишиде канчалык азык болгон болсо, силердин ар бириңерде да дүйнө жакшылыктарынан ошончолук нерсе болсун” деп, Пайгамбарыбыз айткан эмес беле?!
- Туптуура, дал ошондой деген, – деп Умар аны тастыктады.
- А биз андан кийин эмне кылдык, оо Умар?! – деди Абу ад-Дарда…
Умар ыйлап жиберди… Абу ад-Дарда да ыйлады…
Ошентип алар экөө таң аткыча Пайгамбардын сөзүн кайталап, ыйлап чыгышты.

Дамаскта жүрүп, көз жумуп, бул жашоо менен кош айтып кетээр учурга дейре Абу ад-Дарда элди жакшылыкка үндөп, жамандыктан кайтарып, акыл-насаатын айтып, Алланын Китебине жана даанышмандыкка үйрөтүп жатты. Ал өлүм төшөгүндө жатканда, анын жоро-жолдоштору келип:
- Кандай арыз-муңуң бар? – деп сурашты.
- Менин күнөөлөрүмө, – деп жооп берди.
- А эмнени каалап турасың?
- Тарбиялоочумдун кечиримин, – деди.
Андан соң тегеректеп тургандарга: “Алладан башка сыйынууга татыктуу зат жок. Мухаммед – Анын Элчиси” деп, мага айтып тургула деди. Ошентип жан бергиче кайталап жатты.

Абу ад-Дарда ошентип Алланын алдына кеткенден кийин Ауф бин Малик аль-Ашжайи түшүндө көк чөптүү аянтчада чоң булгаары боз үйдү, анын айланасында бир короо кой жүргөнүн көрүп:
- Мунун баары кимге караштуу? – деди.
- Абдуррахман бин Ауфка, – деген жооп айтылды.
Абдуррахман боз үйдөн чыгып ага:
- О, Бин Малик, мунун баарын бизге Алла Таала Курандын себебинен тартуу кылды. Эгер ушул жол менен дагы басканыңда, эч бир көз көрбөгөн, эч бир кулак укпаган, ошондой эле эч качан оюна албаган нерсени тапмаксың, – деди.
- Алардын баары ким үчүн даярдалган, о Абу Мухаммед?
- Алардын баарын Кудуреттүү Алла Таала өзүнөн бул көр дүйнөнүн азгырыгын эки колу жана жүрөгү менен жериген инсан, Абу ад-Дардага даярдаган.

Сахабалардын өмүр баяны китебинен