Адам сүйгөнү менен бирге болот
17.07.2019

Адам сүйгөнү менен бирге болот

Дин улуктары менен бирге болуу үчүн аларды сүйүү жетиштүү. Бирок, эч бир ибадат кылбаган жана эч бир күнөөдөн сактанбаган адам улууларды эч качан сүйө албайт. Сүйгөн адам сүйүктүүсүнө баш иет. Алар сыяктуу боло албайбыз, бирок, колубуздан келгенин кылуубуз шарт. Диндин буйрук жана тыюу салган нерселерине моюн сунбастан бир гана сүйөм деп айтуу жалган болот. Себеби, анда, каухар жок. Сүйүү жогорудан келет. Улуулар аны сүйбөсө, ал адам улууларды сүйө албайт.
Ардактуу сахабалардын биринин өтө кайгырып турганын көргөн Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) сурайт:

- Мынча эмнеге кайгырып жатасың?

Ал адам айтат:

- Оо, Алланын Элчиси, сиздин айткандарыңызды толук аткара албай жатабыз, абалыбыз кандай болот?

Ушундайча кайгы азап ичинде турганда Пайгамбарыбыз ошол жерде бир сүйүнчүнү билдирет:

- "Адам сүйгөнү менен бирге болот".

Сен кайгырба, бул жерде кимди сүйсөң, акыретте аны менен бирге болосуң.

Демек, ким экендигибиз эмес, кимди сүйгөндүгүбүз маанилүү.

Автор: Абдишүкүр ажы Нарматов