Адам толтурган эң жаман идиш - курсак
26.07.2019

Адам толтурган эң жаман идиш - курсак

Алланын Элчиси Мухаммед пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айткан: “Адамдын урпактары толтурган эң жаман нерсе – алардын ашказаны. Күч-кубат алууга керектүү өлчөмдө гана жеөө керек. Андан ашык болсо, ашказандын бир бөлүгү тамак-аш үчүн, экинчи бөлүгү суусундук үчүн, үчүнчүсү дем алуу үчүн үчүн”.

Албетте, чың ден соолук, сулуулук, күч-кубат үчүн туура тамактануунун мааниси чоң. Бирок, көпчүлүк адамдар буга маани беришпейт, туура тамактануу маселесине кайдыгер карашат. Анан ашыкча салмак кошулат, ден соолук начарлайт. Андыктан, ашыкча тоюп алуудан сактануу үчүн кеңештерди берүүнү туура көрдүк.

Эрте мененки тамак:

Түнү бою да организм энергия сарптагандыктан эрте менен курсак ачат. Андыктан, эрте менен азыктандыруучу, бирок, жеңил тамактанып алсаңыз, түшкү тамактанууда ашыкча тоюп алуудан алыс болосуз. Ошондой эле чарчоо сезимин, стрессти басат.

Сагыз:

Сагыз чайноо да бир аз шам-шум этип алгандай эле эсептелет, айрыкча түштөнүүдөн кийинки убакта. Бирок, кечке эле чайнай бергенге болбойт, чектен ашпаңыз.

Май:

Тамак-ашка зайтун, зыгыр, кокос майын кошуп алыңыз. Майлуу тамак шашпай сиңгендиктен көбүрөөк убакытка ачкалык сезимин сезбейсиз.

Кофе, көк чай:

Көк чай организмди зыяндуу заттардан тазалайт жана ашыкча салмактан арылтат.

Клетчаткага бай азыктар:

Клетчатка тамак сиңирүү органдарына жакшы таасир этет, кандагы холестеринди азайтат, кандагы канттын деңгээлин турукташтырат.

Лимон:

Бул цитрус тамак сиңирүү системасын жакшырткандан сырткары оор тамактарды сиңирүүгө, организмдеги ашыкча майларды ээритүүгө жардам берет.

Белоктор:

Белоктордун азыктандыруучу касиети күчтүү болгондуктан көп убакытка ачкалыкты сезбейсиз.

Даярдаган Назира Манас кызы