Адамдын дене түзүлүшү
30.09.2019

Адамдын дене түзүлүшү

Адам келбетин, анын денесиндеги ар бир органдын кызматын тартипке салган кандай күч дейсиз? Мындан башка биз али туюп, биле элек кереметтер, кызыктуу учурлар, кубулуштар катылып жаткандыр... 

Кудайдын таануу үчүн адам өзүнө үңүлсө, таанышуу кыйла жеңил болот. Андыктан, Кудай кудурети менен жаралган пенде тууралуу кызыктар, Кудайга жакындап, Ага шүгүр айтууңузга түрткү болсун! 

1. Адамдын мурду 50 миңден ашык жытты айырмалап, сиңирип, эстеп кала алат.

2. Адамдын чүчкүргөнү 160 чакырым ылдамдыкка барабар.

3. Жөтөлгөнү 900 чакырым ылдамдыкты түзөт.

4. Кан тамырыбыз 96 миң чакырымды түзөт. Бул экватор узундугунан эки эсе узундукка барабар.

5. Жүрөктүн согушунун ритми жана кыймыл аракетиңиздин өзгөрүүсү угуп жаткан үн же ыргакка байланыштуу. Ошондуктан адам катуу музыка укканда, жүрөк лакылдап кетет. Ал эми кыймыл ыргакка жараша өзгөрөт. А, Куран кыраатын уккандачы, адамдын жүрөгү тынчтанып, боштугу толот!

6. Сөөктөрүбүздүн 31% суудан турат.

7. Адистердин айтымында, адам көзү 10 миллиондон ашык түстү айырмалай алат. 

8. Эгер ДНКны жандырып ченесе, 16 млрд чакырымды түзөт.

9. Баланын эненин ичинде жашоосу нормалдуу 9 ай, бирок, жүктүүлүгү эң узак 375 күнгө жеткен айым катталган.

10. Окумуштуулар киндикте 1458 бактерия бар экенин аныкташкан. 

11. Адамдын бир кадам шилтөөсү үчүн 200 булчуң ишке кирет.

12. Нерв импульстары саатына 270 чакырым ылдамдыкта кыймылда болот.

13. Мээ күндүзгө караганда түндөсү жакшы иштейт.

14. Мээ ооруну сезбейт.

15. Ашказан ар 3-4 күндө жаңыланып турат.

16. Аялдардын жүрөгү эркектердикине караганда ылдам согот.

17. Боор 500 гө жакын кызмат аткарат.

18. Эң күчтүү булчуң - тил.

19. Оорунун 90 пайызы кайгыга алдыруудан болот.

20. Адамдын кулагы менен мурдунун өсүүсү өмүрү өткөнгө чейин токтобойт.

http://ok.ru/group/52980624130271