Акса мечити
15.01.2022

Акса мечити

Баарыбызга маалым болгондой эле, Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Алланын кудурети менен Миражга чыгаарда, Меккеден Акса мечитине келип, ошол жерден көккө көтөрүлгөн. Бул туурасында Куран аяттарында: "Пендесин түн ичинде Ал-Харам мечитинен Биз айланасын берекелүү кылган Ал-Акса мечитине сейил кылдырган Алла Аруу-Таза. Биз Мухаммедге Өзүбүздүн белгилерибизди көрсөтүү үчүн сейил кылдырдык. Алла - Угуучу, Көрүүчү" деп баяндалган. (Исра сүрөсү: 1-аят). Мусулмандар үчүн Акса мечитинин куттуу жерлердин бири болуп калуусу да ушундан жана Каабага чейинки алгачкы кыбылабыз болуп тургандыгынан улам болгон. Макаланын башында белгилеп кетчү нерсе “Масжидул Акса” жана“Акса мечити” деген эки сөздү эки жерди айырмалап көрсөтүү максатында бул эки сөз бир маанини түшүндүрсө да, алдыда Масжидул Акса жана Акса мечити деп берүүнү туура көрдүм. Учурда, мына ушул ыйык жерибиз Масжидул-Акса тууралуу кээ бир туура эмес таратылган маалыматтар эл арасында дароо эле байкалып, сынга алына баштады. Бул нерсе көпчүлүккө маалым, бирок, аны тактоо үчүн тарыхый маалыматтарга да кайрылуу абзел. “Бизди жаңылтып, эл арасында Акса мечитинин ордуна Куббатус Сахранын сүрөттөрү коюлган ар кандай буюмдар жана сүрөттөр жайнап кетти, интернеттен караңыз. Мусулмандарды жаңылтуу оюну жүрүп жатат”, - дегендердин саны көбөйдү. Биз, мына ушул маселени жөнгө салуу максатында тарыхый маалыматтарга жана фактыларга таянып, туурасын тактоо үчүн булардын арасындагы айырмачылыктарды жеткиргенге аракет кылдык. Сөздүк маанилерине токтолсок, “акса” арапчадан которгондо “өтө алыс” дегенди билдирет. Демек, “масжидул акса” сөзүнүн мааниси “алыстагы намаз окулуучу жай” дегенди билдирет. Ал жердин “Масжидул-Акса” деп аталуусунун негизги себеби, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Мираждан мурда дал ошол дөбөдө жалпы пайгамбарлардын башында имам болуп, чогуу намаз окушкан деген рабаятка байланыштуу. Куранда да ал жердин куттуу жер экени айтылганын жогоруда белгилеп өттүк. Тарых барактарында, Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) учурунда ал жерде эч кандай мечит же башка ибадаткана курула элек болчу. Анткени, Кудус (Иерусалим) шаары 638-жылы азирети Умар (Алла андан ыраазы болсун) тарабынан каратып алынгандан кийин гана ибадаткана куруу иштери башталган. 691-жылы Амавий калыйпаларынан Абдулмалик бин Марван тарабынан Куббатус Сахра тургузулган. Кийинчерээк Куббатус Сахранын түштүк тарабына бир мечит курулат. 715-жылы курулуп бүткөн бул мечитке “Акса мечити” деген ат берилген. Куббатус Сахранын мааниси “таштын куббасы” дегенди түшүндүрөт. Баарыбызга белгилүү, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Масжидул-Аксанын ортосунда жайгашкан чоң таштын үстүнөн көккө көтөрүлгөн эле. “Хажарул Муаллак” деп аталган бул асма таш, биз үчүн кандай куттуу болсо жөөттөр үчүн да христиандар үчүн да анын куттуулугу бар. Анткени, жөөттөрдүн тарых барактарында Ибрахим пайгамбар ушул таштын үстүнө келип уулу Исхакты курман чалмай болгон. Биздин ишеним боюнча бул окуя башкача, тагыраак айтканда Исхактын ордунда Исмаил деп айтылат. Аны менен бирге Сулайман пайгамбардын ибадатканасы да ушул таштын айланасында жайгашкан болчу. Ал эми христиан ишениминде Иса же Закария пайгамбарлардын бири ушул таштын жанында ибадат кылган жана Марьям энебиз да ушул жерде этикапка кирген. Ушундан улам Рим императору Константиндин энеси Елена тарабынан Кудус шаарына эки чоң чиркөө курулган. Ал эми таштын “муаллак” (асылган, асма) деп аталып калышына Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ошол таштын үстүнөн көккө көтөрүлүүсү себеп болгон. Ошол учурда таш, Пайгамбарыбызды (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ээрчип жөнөп, Жебирейилдин (Алланын саламы болсун) ага тоскоол болуусу менен көтөрүлгөн жерде калып калган деп рабаят кылынат. Сегиз бурчтуу Куббатус Сахра 691-жылы дал ошол асма таштын үстүнө курулган. Азирети Умардын доорунда башталып 715-жылдары курулуп бүткөн Масжидул-Аксанын түштүк бөлүгүндө жайгашкан Акса мечити, азыркы күндө Куранда баяндалган куттуу жер Масжидул-Акса менен адашылып келет. Акса мечити, өз доорунда Сулайман пайгамбар курдурган “Байтул Макдистен” (Куттуу Жай) калган урандылардын бир четине тургузулган. Бул тууралуу ар кандай көз караштар айтылат. Мисалы, азирети Умарга чейин да Акса мечити деп аталчу жана ал ибадаткана мурдатан бар болчу деген көз караштар да бар. Ооба, ибадаткана бар болчу. Бирок, ал ибадаткана - Масжидул-Аксанын жалпы аянтын ээлеген “Байтул Макдис” деп аталчу Сулайман пайгамбардын жөөттөр үчүн курдурган ибадатканасы эле. Ал ибадаткана да алгачкы курулушунан кийинки доорлордо ар кандай кыйроолорго учурап, кайрадан курулуп атып мурдагы абалынан бир топ өзгөрүүлөргө учураган. Байтул Макдистин башынан өткөргөндөрүн айта келсек, б.з.ч. 586- жылы Вавилон падышасы Бухтуннаср (Набукадназзар) Кудус шаарын басып алат жана Байтул Макдисти кыйратып, жөөттөрдү сүргүнгө айдайт. Б.з.ч. 516-жылдары кайрадан мекенине кайтып келген жөөттөр, мурдагы абалына окшоштуруп Байтул Макдисти жаңыдан тургузушат. Кайрадан курулган ибадаткана, б.з.ч. 70-жылы Рим империясынын аскер башчысы Титус тарабынан экинчи жолу кыйратылат жана жөөттөр сүргүнгө айдалат. Титус, Байтул Макдистин батыш тарабында жайгашкан чептин бир бөлүгүн калтырып коёт. Мунун себеби алигиче билинбей келет. Мына ошол жыгылбай калган чеп, азыркы күндө жөөттөрдүн куттуу жери болуп эсептелет. Жөөттөр ошол чептин астына барып ыйлактап ибадат кылышкандыктан “Ый дубалы” же “Ый чеби” деп аталып келет. Темага байланыштуу бир хадисте, Мираждан кайткандан кийин Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ишенбеген мүшриктер, Масжидул Аксанын абалын сүрөттөп берүүсүн сурашкандыгы тууралуу айтылат. Ошол учурда Алла Таала Масжидул-Аксаны Пайгамбарыбыздын көз алдына алып келет. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) аны карап мүшриктердин суроосуна так жооп берет. Кээ бирөөлөр хадисте айтылган Масжидул Акса биз жогоруда айтып өткөн Акса мечити же Куббатус Сахра болчу деген пикирге таянып, керексиз жерде аларды сүрөттөп киришет. А бирок, бул маселенин жөн-жайын билгендер, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Масжидул-Аксанын айланасындагы чептерди сүрөттөп айткан дешет. Натыйжада, Масжидул-Акса деген куттуу жер, жөөттөрдүн “Temple Mount” “Сыйынуучу дөбө” деп аташкан, өз учурунда Сулайман пайгамбар тарабынан курулган Байтул Макдис жайгашкан 14.4 гектарды (300 х 480м.) ээлеп турган кең дөбөгө берилген ысым деп айтсак болот. Демек, Масжидул-Акса азирети Умардын буйругу менен курулган, жайгашкан жердин куттуулугунан улам ал жердин атын алган Акса мечитин да, Абдулмалик бин Марвандын көмөгү менен салынган Куббатус Сахраны да курчап турат. Жогоруда айтылгандардан улам Масжидул-Акса дегенде эмне үчүн Куббатус Сахранын сүрөтү коюлуп жүргөндүгүн эки түрдүү ачыктап кетким келет. Биринчиси, Масжидул-Аксанын ичинен орун алып жана асма таштын үстүндө жайгашкандыктан, куттуу болгон бул жердин жана таштын символу катары көрсөтүлүүсү мүмкүн. Балким, муну жасап жаткандардын эч кандай жаман ою деле жок болуусу мүмкүн. Экинчиси, эл оозунда айтылып келген Акса мечитин атайын унуткаруу болуусу да толук ыктымал. Буга учурда Акса мечитинин астындагы казуу иштеринин дале болсо уланып аткандыгы күбө боло алат. Албетте, туурасын бир гана Алла билет.

Арашан теология факультетинин окутуучусу Галмаматов Атабек