Алла Таалага моюн сунуу жана Пайгамбарды сүйүү
28.08.2019

Алла Таалага моюн сунуу жана Пайгамбарды сүйүү

Алла Таала мындай дейт: "(Оо, Мухаммед) Айткын: "Эгер Алланы сүйсөңөр, анда, мени ээрчигиле, ошондо Алла да силерди сүйөт жана күнөөлөрүңөрдү кечирет. Алла – өтө кечиримдүү, өтө боорукер". (Аали Имран сүрөөсү: 31-аят)

Пенденин Алланы жана Анын пайгамбарын сүйүүсү аларга моюн сунуу, буйруктарына баш ийүү болуп саналат. Алланын Өз пендесин сүйүүсү ага жакшылык-нийматтарды берүүсү, сыйлоосу, аны кечирүүсү.

Пенде Улуу Жараткандын улуулугун, кемчиликсиздигин, ал эми өзүндөгү жакшы сапаттар Алла Тааладан экенин түшүнгөндө Алланы сүйгөн болуп саналат. Пенденин буларды түшүнүүсү аны жакшы иштерди кылууга жетелейт.

Хасан Басринин айтуусу боюнча кээ бирөөлөр Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Оо, Мухаммед! Биз Жараткан Эгебизди сүйөбүз", – деп айтканда жогорудагы аят түшүрүлгөн.

Бишр Хафий (Алла андан ыраазы болсун) мындай дейт: Бир күнү Пайгамбарыбызды (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) түшүмдө көрдүм. Ал (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Бишр, Алла сени кайсыл сапаттарың үчүн курдаштарыңдан жогору кылып койгонун билесиңби?" – деп сурады. Мен: "Жок, билбейм", – дедим. Ошондо Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Жакшы кишилерге кызмат кылып, мусулман бир туугандарыңа насаат айтууң, досторуңду жана менин сүннөтүмдү кармангандарды сүйүүң жана менин сүннөтүмдү ээрчигениң себептүү жогорулатты", – деп айтты.

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бир хадисте: "Ким менин жолумду тутунса мени сүйгөн болот жана ким мени сүйсө Кыяматта бейиште мени менен бирге болот", – деген. (Тирмизи)

Адамдардын адеп-ахлагы бузулуп, түрдүү агымдарга бөлүнүп кеткен учурда Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) сүннөтүн бекем кармангандарга жүз шейиттин сообу берилет. "Сиратул Ислам" аттуу китептеги маалыматтар да муну тастыктап турат.

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Киргиси келбегендерден сырткары үммөтүмдүн баары бейишке кирет", – деди. Сахабалар: "Оо, Алланын Элчиси, ким бейишке кирүүнү каалабасын?" – деп таң кала сурашты. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Мага моюн сунгандар бейишке кирет, мага каршы чыккандар болсо бейишке кирүүнү каалабагандар", – деп жооп кайтарды. (Бухари)

Тасаввуф жолундагы бир киши мындай дейт: "Эгер асманда учкан, деңизде баскан, оозуна от салган жана ушул сыяктуу адам баласы жасай албай турган иштерди жасаган, бирок, Алла парз кылган ибадаттардан же Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) сүннөттөрүнөн бирөөсүн билип туруп жасабаган тарикат шейхин көрсөң, анын көрсөткөн өзгөчөлүктөрү керемет эмес, истидраж (жалган даража) экенин билип кой. Анын жамандыгынан Кудай сактасын".

Жунайд Багдади (Алла ага ырайым кылсын): "Алланын жардамысыз эч ким Ага жете албайт. Аллага жетүүнүн жолу – Элчиси Мухаммедди (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ээрчүү", – деп айткан.

"Сиратул-Ислам" аттуу китепте баяндалган боюнча Ахмад ал-Хивари (Алла ага ырайым кылсын) мындай дейт: "Сүннөткө жатпаган иштер кабыл алынбайт. Анткени, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Ким менин сүннөтүмдү ээрчибесе, ага шапаатым арам болот", – деп айткан.

Айтууларга караганда бир киши жиндинин ылайыксыз жосунуна күбө болуп, бул тууралуу Маруф ал-Кархиге (Алла ага ырайым кылсын) айтат. Маруф ал-Кархи (Алла ага ырайым кылсын) жылмайып туруп ага: "Бир тууганым, сен жолуктурган киши Алланы сүйгөндөрдүн жиндилеринен. Себеби, Алланы сүйгөндөрдүн ичинде акылдуусу, жиндиси, кичинеси жана чоңу болот", – деп жооп берет.

Жунайд Багдади (Алла ага ырайым кылсын) мындай дейт: "Бир күнү Сиррий (Алла ага ырайым кылсын) устатыбыз ооруп калды. Анын оорусунун себебин биле албадык, дарысын да таба албадык. Бизге бир дарыгерди сунушташты. Сиррийдин (Алла ага ырайым кылсын) заарасын бир идишке куюп алып, ага алып бардык. Дарыгер заараны текшерип көрүп, бизге: "Бул заара ашык болгон кишинин заарасына окшоп турат", – деди. Мен ошол жерден бир кыйкырып алып эстен танып, колумдагы зааранын идишин жерге түшүрүп жиберипмин. Кийин кайтып келгенде Сиррийге (Алла ага ырайым кылсын) болгон окуяны айтып берсем, ал жылмайып: "Алла жанымды алсын, ал кантип билди экен?!" – деди. Мен: "Шейхим, демек сүйүү заарада да белгилүү болот турбайбы?!" – деп таңыркадым. Мага: "Албетте, билинет", – деп жооп берди ал.

Суфян (Алла ага ырайым кылсын) мындай дейт: "Ким Алланы сүйгөндөрдү сүйсө, ал Алланы сүйгөн болот. Ким Алла Таала баалаган пенделерине урмат кылса, ал Аллага таазим кылган болот".

Сахл (Алла ага ырайым кылсын) айтат: "Алла Тааланы сүйүүнүн белгиси – Алланын китебин сүйүү. Алла Тааланы жана Анын китебин сүйүүнүн белгиси – Пайгамбарды (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) сүйүү. Пайгамбарды (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) сүйүүнүн белгиси – Анын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) сүннөтүн аткаруу. Анын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) сүннөтүн аткаруунун белгиси – акыретти сүйүү. Акыретти сүйүүнүн белгиси – бул дүйнөнү сүйбөө. Бул дүйнөнү сүйбөөнүн белгиси – акыретке азык боло турганынан ашыкчасын тутунбоо".

Абул Хасан аз-Занжанинин (Алла ага ырайым кылсын) мындай дегени айтылат: "Ибадат көз, жүрөк жана тил менен аткарылат. Көз ыйлап сабак алса, жүрөк ойлонот, тил Алланын барлыгын, бирлигин жана улуулугун тастыктап, тасбих айтуу менен ибадатты аткарат. Алла Таала мындай дейт: "Оо, момундар! Алланы абдан көп эстегиле! Аны эртели-кеч аруулагыла!". (Ахзаб сүрөөсү: 41-42-аяттар)

Айтууларга караганда Абдулла менен Ахмад бин Харб бир жерде олтурукташканда Ахмад бин Харб жерден бир тутам чөп жулду. Ошондо Абдулла ага мындай деп айтты: "Ахмад, ушул кылганың үчүн беш нерсеге түштүң:

1. Жүрөгүңдү Алла Таалага тасбих кылуудан тостуң;

2. Напсиңди Алла Тааланын зикиринен башка нерсе менен алек кылдың;

3. Башкаларга жаман үлгү болдуң;

4. Ал чөптү Алла Тааланын зикиринен тостуң;

5. Кыямат күнү Алла Тааланын алдында өзүңө каршы бир далил пайда кылдың".

Сиррий (Алла ага ырайым кылсын) айтат: "Бир күнү Журжанийдин (Алла ага ырайым кылсын) куурулган ун жеп олтурганын көрүп: "Эмнеге башка нерсе жеген жоксуң?" – деп сурадым. Ал мага: "Эсептесем тамакты чайнап жутканга чейин жетимиш тасбих айта турганчалык убакыт кетет экен. Мына ошондуктан, кырк жылдан бери такыр нан жегеним жок", – деп жооп кайтарды.

Сахл бин Абдулла он беш күндө бир тамак жечү. Рамазан айы киргенде бир эле жолу тамак жечү. Кээде жетимиш күн тамак жебей жүргөнүн да көрүшкөн. Тамак жегенде арыктап, ач жүргөндө күчкө толчу. Керек болсо отуз жыл бою Абу Хаммад ал-Асвад менен Харам мечитинде коңшу болду, бирок, анын жеп-ичкенин көрүшкөн жок. Ар дайым Алланы зикир кылуу менен алек болчу.

Алланын бир досу Амр бин Убайд (Алла ага ырайым кылсын) үч нерсе үчүн гана – жамаат менен намаз окуу үчүн, оорулууну көрүү жана жаназа намазына туруу үчүн гана үйүнөн чыкчу.

Ал мындай деди: "Адамдарды ууру-кескидей көрөм. Негизи өмүр эң баалуу нерсе. Демек, алар ушундай баалуу нерсени баркташпайт. Мындай баалуу заттан акырет үчүн азык даярдалуусу керек эле. Акырет жашоосун каалаган кишинин башка кайгысы болбоосу үчүн бул дүйнө жашоосун такыбаалык менен өткөрүүсү керек. Себеби, пенде өз деңгээлин сактап калуусу үчүн материалдык жана руханий жагын жөнгө сала билүүсү зарыл".

Момун ар дайым даарат менен жүргөнү дурус. Даараты бузулганда дароо даарат алып, эки рекет намаз окуусу абзел. Ар дайым кыбылага карап олтурууга маани берип, Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) алдында олтургандай олтуруп, кыймыл-аракеттерине көңүл буруусу керек. Салабаттуу болуп, кыйынчылыктарга сабыр кылуусу, жамандыкка жакшылык менен жооп берип, ар кандай күнөөсү үчүн тобо кылуусу керек. Илими менен мактанбай, менменсинбей, ар дайым кичи пейил болгону абзел. Себеби, менменсинүү шайтандын сапаттарынан. Такыбаа кишилерди урматтоо жакшы. Анткени, такыбааларды сыйлабагандарды Алла Таала алардан бөлүп коёт. Ибадатты барктабагандардын жүрөгүнөн ибадат сүйүүсүн чыгарып салат.

Фудайл бин Ияздан (Алла ага ырайым кылсын): "Абу Али, пенде качан такыбаа болот?" – деп сурашканда ал: "Башкаларга ар дайым насаат айтууну ойлогондо, жүрөгүндө Алладан коркуу пайда болгондо, оозунан ар дайым чын сөз чыга баштаганда жана дене мүчөлөрү жакшы иштерди жасаганда киши такыбаалардан болот", – деп жооп берген.

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бир хадисте мындай деп айтат:

"Дүнүйөдөн кол үзүү денени да, жүрөктү да ырахатка бөлөйт. Ал эми дүнүйөнү сүйүү кайгыга салат. Дүнүйөнү сүйүү бардык катачылыктардын башы, андан оолак болуу бардык жакшылыктардын башаты". (Табарани)

Бир такыбаа киши жыйналган элдин жанынан өтүп баратса ал жерде бир дарыгер оорулар жана дарылар тууралуу баяндап жаткан эле. Натыйжада ал да сөзгө кулак түрүп, олтуруп калды. Бир саам уккан соң: "Оо, саламаттыктын сакчысы, жүрөктөрдү да дарылайсыңбы?" – деп сурады. Дарыгер: "Ооба, мага ооруң тууралуу айтчы", – деди. Такыбаа киши: "Күнөөлөр менен карарган жүрөктүн дарысы барбы?" – деди. Дарыгер: "Андай жүрөктүн дарысы – күнү-түнү Алла Таалага жалынып жалбаруу, тобо кылуу. Жүрөктөрдүн дарысы ушул, шыпаа болсо кайыпты билген Алладан", – деп жооп кайтарды. Муну уккан такыбаа киши ыйлай баштады да: "Сен абдан жакшы дарыгер экенсиң, жүрөгүмдүн дарысын туура таптың", – деди.

Бир икаяда мындай баяндалат: "Бир киши кул сатып алса кулу кожоюнуна: "Оо, кожоюнум, менин "Убагы келгенде парз намаздарымды окууга уруксат бересиң, күндүзү мени канча жумшасаң жумшай бер, бирок, түндө жумшабайсың жана үйүңдөн мага гана тиешелүү бир бөлмө бересиң" деген үч шартым бар", – дейт. Кожоюн анын шарттарын кабыл алып, кулуна үйүн көргөзүп бир бөлмө тандоосун сунуштайт. Үйдү кыдырып чыккан кул эң начар бөлмөнү тандап алат. Кожоюн эмнеге анын ошол бөлмөнү тандап алганын сураганда ал: "Алла менен бирге болгондо эң начар уранды жерлер да гүлзарга айланаарын билбейсиңби?" – деп жооп берет. Ошентип, кул күндүзү кожоюнуна кызмат кылып, кечинде Аллага ибадат кылып жүрө берет. Бир күнү кожоюн үйүн айланып жүрүп, кулунун бөлмөсүнөн жарык чыгып жатканын көрөт. Бөлмөгө жакындап келсе кулу саждада турат, жанында абада бир чырак асылып туруптур. Тыңшаса Алла Таалага: "Оо, Жараткан Алла! Мага кожоюндун кызматын жүктөдүң. Ошондуктан, күндүздү кызмат кылуу менен өткөрүүдөмүн. Эгер андай болбосо күнүмдү да, түнүмдү да бир Өзүңө ибадат кылуу менен өткөрмөкмүн. Ооба, Жараткан Эгем, мени кечире көр!" – деп жалбарып жатыптыр. Анын ибадаты таң атканга чейин уланат. Кожоюн болсо ибадат кылып жаткан кулунан көзүн ала албай угуп олтурат. Таң атканда болгон окуяны аялына айтып берет. Эртеси күнү аялы менен бирге кулуна көз салат. Кул так эле мурунку күндөгүдөй Алла Таалага жалбарат. Аны көрүп кожоюн менен аялы көз жашын тыя албай буркурап ыйлайт. Ошону менен жерге жарык түшүп, таң да атат. Кожоюн кулун чакырып алып: "Сени Алланын ыраазылыгы үчүн азат кылам. Мындан кийин Алла Таалага ээн-эркин ибадат кыла бер", – дейт. Кул дароо көккө алакан жайып: "Оо, сырларды билген Алла Таалам! Сырым ачылып калды. Мындан ары жашай албайм. Менин жанымды ала көр!" – деп жалбарат да, сөзү бүтө электе жан берет.

Аллага ашык пенделер ушундай болот.

Жүрөктөрдүн ачкычы китебинен