Алланын алдындагы сурак
15.07.2019

Алланын алдындагы сурак

Урматтуу мусулман бир тууганым! Алла Таала Куранда: “Оо, ыйман келтирген пенделер! Алладан корккула! Ар бир жан эртеңки Кыямат үчүн эмне амал кылганына карасын. Алладан корккула! Алла эмне иш жасап жатканыңардан кабардар” – деп айткан. (Хашр, 18-аят). Мына ушул аятты уккан сахабалар бул аятка кандай амал кылышты? Абу Бакир Сыддык (Алла андан ыраазы болсун) бир күнү бак ичине кирип, бутактан-бутакка конуп мөмөлөрдү терип жеп жүргөн чымчыкты көрдү. Ал чымчыкка суктануу менен карап: “Оо, чымчык! Сен бутактан-бутакка коносуң, каалаганыңды жейсиң, каалаганыңды ичесиң, бирок, эртең Алланын алдында бул үчүн жооп бербейсиң. Сенин жашооң кандай жакшы. Аттиң, мен эл башкарган калыйпа болуп, эртең Алланын алдында эсеп бере албай турганымча, ыймандуу адамдын денесиндеги бир тал түк болуп калсам кана...?”.

Умар (Алла андан ыраазы болсун) айтат: “Аттиң, бул жашоодо сыналып, сыноодон өтпөй калганча, Умардын энеси мени төрөбөй койсо жакшы болмок”.

Бин Аббас (Алла андан ыраазы болсун) өзүнө-өзү кайрылып мындай дейт: “Оо, Бин Аббас! Эгерде Алла сенин күнөөлөрүндү кечирбесе, анда, абалың оор болорун билип кой”.

Анас бин Малик (Алла андан ыраазы болсун) айтат: “Мен бир күнү Умардын өзү менен өзү сүйлөшүп жатканын уктум. Ал: “Аллага касам ичип айтам, эй менин напсим, сенин алдыңда эки эле жол бар: же такыбаа болул жашайсың же Алланын азабына туш болосуң” – деп айтып жатты.

Али (Алла андан ыраазы болсун) колу менен сакалын кармап: “Оо, дүнүйө, менден башканы алда! Менин жолумдан эч качан тосуп чыкпагын! Мен сага үч талак берип ажырашканмын, эми сени кайра албаймын! Оо, дүнүйө, сенин өмүрүң кыска, оо, Али, сенин болсо азыгың өтө аз” - деп айтат эле.

Урматтуу мусулман бир тууганым! Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айтат: “Акылдуу адам, өзүнө эсеп берет, өлүмдөн кийинки күнүнө даярданат, алсыз адам өз напсисине кул болот, эч кандай амалы жок, бирок, Алладан үмүт кылат”. Акылдуу адам өзүнүн эмне иш кылып жатканына кунүнө, жумасына же айына бир жолу эсеп берет. Өзүнө убакыт бөлөт. Тажрыйбалуу соодагерлер күн сайын соодасынын эсебин алып турат. Канча киреше түштү? Канча чыгаша чыкты? Соодасы алга жылып жатабы же артка кетип жатабы? Мына ушундай эсеп-кысаптын күчтүүлүгү менен ал ийгиликке жетишет. Эгерде соодасында эсеп-кысап кылбаса, киреше-чыгашасын билбесе, анда, ал аз убакыттын ичинде зыянга учурайт, карызга батат. Адамдын өмүрү да ушул сыяктуу. Ар бир саатыңа, ар бир мүнөтүңө эсеп берип турбасаң, өмүрдүн кайда кеткенин билбей кала турган күн келет. Маймун бин Михран деген аалым айтат: “Пенде, кызматчысынан эсеп алган сыяктуу өзүнөн да эсеп алмайынча, такыбаалардын катарына кошула албайт”. Буга чейин эмне кылдым? Бүгүн эмне кылып жатам? Эртең эмне кылуум керек? Мына ушундай суроолор ар бири- бизге берилүүгө тийиш. Анткени, бул дүйнө кыска, канча көп жашаба, бары бир дүйнөнүн аягына жетесиң. Үйлөрүбүздү канчалык бийик салбайлы, баары бир жердин алдына кирип жата турган убакыт келет. Азирети Язид күн сайын өзүнө эсеп берип, ыйлайт эле: “Абалың кыйын сенин Язид, сен өлсөң сен үчүн ким намаз окуйт, сен өлсөн, сен үчүн ким орозо кармайт?”.

Урматтуу мусулман бир тууганым! Биз дагы өзүбүздүн жасаган амалдарыбызга карайлы. Алланын алдына көтөрүп барууга жарай турган кандай амалдарыбыз бар? Азыркы биздин абалыбыз, чындыгында, аянычтуу. Азыр мусулмандар ар түрдүү болуп калды. “Сезонный” мусулмандар бар. Качан Рамазан айы келсе, орозо кармашат, тараба намаздарына келишет, садага беришет. Рамазан чыккандан кийин баягы таз кейпин кийип калышат. “Заочный” мусулмандар бар. Жума намазына келишет. Жума ичиндеги 34 намазды каза кылып, 35-намазга гана келишет. Айт намазына келишет. Бир жылдык намаздын баары каза. Ооба, албетте, бул намаздарга келүү жакшы. Бирок, беш убак намазды да окууга аракет кылуу керек. Жогорудагы сөздөр бул намаздарга келбей кой деген сөз эмес. Алла баарбызды туура жолго баштасын. Андан да жаманы, такыр мусулманчылык менен иши жок мусулмандар бар. Эртели-кеч арактын досу, күнөөнүн үстүндө жашашат. Өтүп кеткен ата-энесине арнап Ихлас сурөөсүн окуй албайт, дуба кылганга жарабайт.

Абдышүкүр ажы Нарматов