Апаке, биз да курмандык чалалычы
04.08.2019

Апаке, биз да курмандык чалалычы

Жекшемби күн, жер жарый элек болчу. Апасынын таң намазга турганын байкаган кичинекей Умар ордунан дароо турду да четки бөлмөгө чуркап кирип кетти. Жаңыдан эле сыртка чыккан апасы чекенки бөлмөдө жанган жарыкты көрүп, таң кала бөлмөгө кирип барды. Кичинекей Умардын бир нерселерди издеп жатканын көрүп:

- Балам, тынчылыкпы?

- Ооба апа, тынчылык, тынчылык, азыр көрөсүз, бир аз тура турсаңыз - деген жагымдуу үнү менен уйкусураган Умар апасына көрсөтөр бир нерсесин издеп жатты.

Сабыры түгөнүп бараткан апасы уулун уруша баштады:

- Уулум, жатчы, эс алчы, таң атканда таап көрсөтөрсүң.

- Жок апа, мен азыр көрсөтүүм керек, таң аткан соң бул максатым орундалбай калуусунан корком, эгер атам көнбөсө максатым майда-майда күкүм болуусунан корком, суранам апа, сиз жардам бериңизчи.

- Макул балам, кана эми айтчы, эмне максат, эмнени катып, эмнени таппай жатканыңды түшүндүрчү? Деги таң саарда эмне болдуң, чекенки бөлмөгө эмнени каткан элең, эмнени издеп жатасың? - деген апасынын узаткан суроолору Умарга күч-кубат берип жатты.

Ангыча керебеттин түбүндө жашыл баштыкчаны таап чыкты да энесинин колуна узатты.

- Апаке, таптым, мен издеген акчамды таптым. Апа, бул Алла үчүн жыйнаган акчаларым, бирок, мени кечир апа, кээде сенде акча болбой калганда бул акчаларымды сенден аядым, сага айтпадым, бир күн кыйналсак акча табылаарын билет элем, бирок, мен бул акчаларды көптөгөн кыйынчылык менен жыйнаганмын, ар дайым окууга баратканымда сиз берген кичинекей тыйындардын бирин да иштетпеген элем. Ошондуктан, мен акчаларды керектебей чогултуп жүрдүм.

Эми намазыңызды окуган соң Алла үчүн чогулткан бул акчаларды атама бериңиз да, ага айтыңыз, бүгүн жекшемби, мал базар ишке түшчү күн. Бул акчага жетээрлик жандык алсынчы, биз да курмандык кылалычы, биз да жакшылыкка кол суналычы, апа. Жыл сайын коңшулар берген этти жей албай арданамын, эмнеге биз да бир улак соё албайбыз апа? Атамдын достору ар жума сайын чогулушуп кой союп жешет эмсепи, анан биз бир жылда бир жолу улак соё албайбызбы? Өткөн жылы математика эжейиме кайрылып, бир улактын наркын бир жылга бөлүп берүүсүн өтүнгөм. Ал: "Уулум, бир күнгө 10 эле сомдон туура келет экен, эгер күнүнө 10 сомдон жыйначу болсоң, бир улактын акчасы чогултуп каласың" - деген. Мына апаке, мына ошол мен чогулткан акчалары. Эми алыңыз да атамды ойготуп, аны көндүрүп, курмандык чалалычы. Кичинекей Умардын мынчалык акылдуу экендигин, ушунчалык Аллага жакын экендигин туйбай жүргөн эне жүрөгү эзилип, эмне дээрин билбей, нес болуп туруп калды. Аркы бөлмөдө жаткан атасы Адыл баарын угуп жаткан эле. Жубайы Адылдын жанына келсе апапак жаздыктын бетине аккан көз жаштар даана көрүнүп турду...

Ордунан дароо туруп мал базарды карай жөнөгөн атасы уулу Умардын акчасын алды да эң алдынкы койлордун бирин тандап алууга шашып жөнөдү.

Ооба, бул баланын мынчалык зирек, ушунчалык сүйкүмдүү экендигине жаздык кучактап жаткан ата эмес, түн уйкусун чанган эне себеп экенин баарыбыз аңдап, түшүнгөн чыгарбыз.

Андыктан, ар таңда тынчтык, такыбаалык, бактылуу үй-бүлө тилеп, бата кылган эне баарыбызга үлгү болор деген ишеничтемин. Келе жаткан Курман айт майрамыңыздар менен!

МУСУЛМАН БИР ТУУГАНДАР тайпасы