Ар бир аялзатына эң жакшы насаат
29.06.2020

Ар бир аялзатына эң жакшы насаат

Көрүнүктүү аалым шейх Мукбил бин Хади ал-Вадии (Алла аны ырайымына алсын) айткан: “Айша энебиз (Алла андан ыраазы болсун) төрөбөгөнүн, балалуу болбогонун билесиңерби? Бирок, ошого карабастан эч бир жыйнактарда анын Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Алладан ал үчүн бала сурап бер деп дуба сураганы келбейт. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) каза болгондо Айша энебиз 18 жашта гана болгонун, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) аны катуу сүйгөнүн, ал дагы Пайгамбарыбызды (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) катуу сүйгөнүн жана катуу кызганганын, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) чын дүйнөгө узагандан кийин ал дагы 47 жыл жашаганын жана эч качан күйөөгө эрте тийгенинене өкүнбөгөнүн билесизби? Бирок, ошого карабастан ал шарияттан илим алып, көп ибадат кылган, ошондуктан ал окутуучу, аалым жана улуу илимдүү аял болгон, керек болсо илимдүү улуу сахабаларга чечим жана кеңештерди берип турган.

Сен күйөөгө тийбей калсаң, төрөбөй калсаң, үй бүлөөң жок болсо, күйөөңдүн экинчи аялы бар болсо, акчаң же мүлкүң болбосо, ата-энеңди же балдарыңды жоготсоң да өмүр токтоп калбайт. Алла Таала бир нерсени алганда сөзсүз ордуна башка жана андан да жакшыраак нерсе берет. Бул жашоо баары бир сыноолор мекени жана бул өмүр эч бир пендеге телегейи тегиз, кынтыксыз түрдө берилген эмес. Жүрөгүңдү ыйман, бекем ишеним, ыраазычылык, шүгүрчүлүк менен толтуруп, Раббиң тууралуу жакшы ойдо бол, пайдалуу илим ал жана сага, коомго, үй бүлөөңө пайда берчү амалдарды аткарууга басымдуулук жаса. Сабырдуулукту өзүң үчүн тамак-аш, Куранды өзүңө жодлош кыл. Алла Таала айтат: "Биз сага Куранды бактысыз болууң үчүн түшүрбөдүк". (Таха сүрөөсү: 2-аят)

Адам баласы бош отурбоосу керек, анткени шайтан жаман жана зыяндуу азгырыктар менен бийлик жүргүзөт. Ошондуктан, адам жакшы, өзү үчүн пайдалуу нерселер менен алек болуусу керек, болбосо анын напсиси үстүнөн башкарып алат. Акырында: Баардык ыймандуу аялзатына башка ыймандуу аялдар менен көбүрөөк болууга чакырам, ошол себептүү алар ыйман, илим жана даанышмандыкка жетишет.

Чолпон Асан кызы