Арапа күндүн эрежеси
30.07.2020

Арапа күндүн эрежеси

«Жакшылыкка далалат кылуучу адам аны кылган менен барабар» (Хадис) Бөлүшүңүз! Сооп алыңыз!

1. Арапа түнү бүгүн күн батканда башталат, эрте жатып уктаңыз!

2. Эрте менен саарлык кылуу үчүн эртерээк ойгонуңуз, саарлык убактысы Бишкек убактысы боюнча саат 03:53. Көрсөтүлгөн убакытка чейин ооз бекитиңиз.

3. Жок дегенде 4 рекет тахажуд намазын окуңуз! Башыңызды саждага коюп дүйнө жана акырет жакшылыктарын сураңыз! Ушундай күндөргө жеткиргенине Аллага алкыш-мактоолор айтыңыз!

4. Багымдат намазынын убагы киргенге чейин «Таң жүргөндө Алладан кечирим суроочу пенделерин Алла көрүп турат» (Али Имран сүрөөсү: 17-аят) аятындагы пенделерден болуу үчүн истигфар менен алек болуңуз!

5. Багымдат намазынын азанынан беш мүнөт мурда сиз намазга даяр болуңуз! Элестетип көрүңүз, дааратыңыздын акыркы тамчылары менен даарат алгандагы дене мүчөлөрүңүздүн баарынан күнөөлөрүңүз агып чыгып кетип жатат.

6. Даарат алып бүткөндөн соң окулчу дубаны окуңуз!

أشْهَدُ أنْ لا إله إِلاَّ اللَّهُ وَحْدَهُ لا شَرِيك لَهُ ، وأشْهَدُ أنَّ مُحَمَّداً عَبْدُهُ وَرَسُولُهُ ، اللَّهُمَّ اجْعَلْنِي مِنَ التَوَّابِينَ ، واجْعَلْني مِنَ المُتَطَهِّرِينَ ، سُبْحانَكَ اللَّهُمَّ وبِحَمْدِكَ ، أشْهَدُ أنْ لا إلهَ إِلاَّ أنْتَ ، أسْتَغْفِرُكَ وأتُوبُ إِلَيْكَ رواه مسلم و الترمذيعن عمر بن الخطاب رضي الله عنه

“Ашхаду аллаа илааха иллаллоху вахдаху лаа шарийка лах, ва ашхаду анна Мухаммаддан абдуху ва росуулух. Аллохуммажалнии минат тавваабийна важалнии минал мутатоххирийн. Субхаанакаллохумма ва бихамдика, ашхаду аллаа илааха иллаа анта, астагфирука ва атуубу илайка”. Умар бин Хаттабдан (Алла андан ыраазы болсун) Имам Муслим жана Имам Тирмизи рабаяты

7. Багымдат намазын окуп, салам бергенден соң артынан дароо үч жолу такбири ташрикти айтыңыз!

اللهُ أكبر اللهُ أكبر، لا إلهَ إلَّا الله، واللهُ أكبر اللهُ أكبر، ولله الحَمْد

Аллоху акбар, Аллоху акбар, Лаа илааха иллаллоху валлоху акбар Аллоху акбар, валиллахил хамд. (Арапа күнүнүн (30-июль) багымдат намазынан баштап, ташрик күндөрүнүн акыркысы (3-август) күнүнүн аср намазына чейин (жалпы 23 убак намаздын артынан) айтылат).

8. Андан кийин жайнамазда күн чыкканга чейин Куран, таңкы зикирлер менен алек болуңуз! Күн чыгып (Бишкек шаары боюнча 30-июлда күн чыгуу убактысы 05:51) он беш мүнөт өткөндөн соң...

9. Бир ажылык жана бир умранын сообу жазылуусу үчүн “Ишрак” намазын окуңуз!

10. Сиздин эми тандоо укгуңуз бар. Эгер уктабастан бул күндү өткөрө алсаңыз, уктабаңыз! Ар бир көз ирмемди канимет билип зикир, дубалар кылыңыз! Ошондой эле кылган дубаңыздын кабыл болуусуна ишениңиз!

11. Болбосо, Аллага ибадат кылуу үчүн күч топтоп алуу ниетинде бир сааттай уктап алыңыз!

12. Андан соң ойгонуп даарат алыңыз! Эң аз дегенде 4 рекет Духа намазын окуңуз. Айрыкча такбир айтууну, зикир, тилават кылууну унутпаңыз! Ошондой эле төмөнкү зикирди көп айтыңыз:

«Ла илааха иллаллоху Вахдаху лаа шарийка лах, Лахул мулку ва лахул хамду ва Хува алаа кулли шайин Кодийр »

13. Бешим намазын окуңуз! Такбир айтыңыз! Курандан бир аз тилават кылыңыз!

14. Бүгүнкү кубанычтуу жана дуба кабыл боло турган күндө көзү өтүп кеткен жакындарыңыз жана жалпы көзү өтүп кеткен момун-мусулмандарга да Куран окуп дуба кылып коюңуз!

15. Аср намазын окуңуз! Такбир айтып кечки зикирлер жана дуба кылуу менен алек болуңуз!

16. Шам намазына бир саат калганда Куран окууну баштаңыз! Чын ыклас менен дубалар кылыңыз!

17. «Эй, Раббим ушул күндүн күнү батып жатат, мени тозоктон азат болуп, бейиштик деп жазылган пенделериңдин катарына кошкун» деп дуба кылыңыз!

18. Алла сизди салих амалдарга ылайыктуу кылсын! Дубаларыңыздын кабыл болуусуна биз да тилектешпиз!

19. Шамга азан айтылды. (Бишкек убактысы боюнча 30-июль ооз ачуу жана шам намазынын убактысы 20:29) ооз ачууну баштаңыз! Ага чейин көп дуба кылыңыз! Эсиңизде болсун, орозо кармаган адамдын дубасы сөзсүз кабыл болот!

20. Бул эрежени үй-бүлөңүз, жакындарыңыз жана бейиште бирге болууну каалаган досторуңузга жеткириңиз!

Абибилла Кадырбердиев