Ардактуу Чубак устаз
20.07.2020

Ардактуу Чубак устаз

Чубак ажы эч кимге айтпаган сөзүн мага айткан. Балким башкаларга да айткандыр, бирок баарына эле айткан эмес. Өзүнө жакын болгон шакирттерине жеке олтуруп алып айткандыр. Алтынга алмаштыргыс мотивациялык сөздөр болгондуктан мен муну баарына айткым келди.

Алла Таала бул инсандар менен бул дүйнөдө бирге жакын жүргөндөй, акыретте бейиште да чогуу болууну насип кылсын! Баарыбыздын кылган ибадат, амалдарыбызды кабыл кылсын, амин!

Чубак устаздан көп пайда алдык, зерикпей олтуруп алып кеңеш берчү. Менимче бизге берген насаат-кеңешин, мотивациясын бардык эле шакирттерине айтпаса керек. Себеби, бизге өзгөчө өзүнүн басып өткөн жолун жана тарткан кыйынчылыктарын да жашырбай айтчу. Айрыкча Меккеден окууну бүтүп келгенде, өзүнүн алгачкы даават ишинин башында жаш Чубак ажы тарткан кыйынчылык-сыноолорду жана андан кантип ийгиликтүү өткөнүн айтып бизге дем күч берет эле. Жана айтчу: "силер да илим алып жатасыңар, элге Алланын акыйкат динин, ыйманды жеткирүү милдетин мойнуңарга алгансыңар жана алып жатасыңар. Силер да мен сыяктуу даават кылууну, илим жеткирүүнү баштаганыңарда балким сыноолорго кабылып кыйналасыңар, бирок сабыр кылсаңар Алла Таала ийгилик берет. Мен муну башыман өткөрдүм, жаңы окууну бүтүп келгенимде Мураталы ажы муфтий болуп турган учурда муфтиятта бир кичи бөлмөдө эртеден кечке олтуруп алып суроолорго жооп берип, фатва берип иштедим. Ай сайын болгону 3 миң сом маяна алып иштечүм. Акча тартыштыгы алдыга койгон максатыман кайтарбады, эң негизги ишим — Алланын динин, Куран жана сүннөттү жеткирүү, маселелерди туура-так түшүндүрүп берүү, даават кылуу болду. Кээде түштөнүүгө акча жок болуп калган күндөр да болду. Кой мен да башкалардай болуп байып өзүмө тың болоюн, элдердей кабат-кабат там салайын деп талаалап, базарлап иштеп кетпедим. Колдон келишинче чыдадык. Кудайга шүгүр, азыр абал өтө жакшы. Мындай тартыш абал бир жарым жыл уланды. Ал 3 миң сом айлык батирдин ижарасын төлөөгө да жетпечү, карызга батат элем. Илимди, ыйманды жеткирүүдө мен эле эмес үй-бүлөөм да бир топ кыйналган деп айткан Чубак устаздын сөздөрү дагы деле кулагымда жаңырып турат. Алла Таала Чубак устаздын кылган эмгектерин кабыл кылсын.

Ошондуктан, айтат элем алгач өзүмө насаат жана бардык илим алып жүрүп динге, элге, жерге кызмат кылам деп жүргөн ага-инилерге: "Кимде-ким дааватта, Алланын динин жеткирүүдө Чубак устаздай чечкиндүү кадамдарды коюуну, алгылыктуу даават кылууну кааласа, анда баштапкы учурда катуу сабыр кылсын. Бардык эле ишти баштоодо баштапкы учуру оор болот, кийин жеңилдейт. Алла Таала ийгилик берет. Башында ким чыдай албаса анда ал өмүр бою эч бир алгылыктуу иш жасай албадаган жарым жалкоо гана болуп өтүп кетет.

Өткөн улуу инсандын жакшы жагын эскерип: Санжарбек Тыныбек уулу