Аш болсун
19.06.2020

Аш болсун

Ар бир аял дасторкон ажарын ачкан даамдуу тамактарды жасай билүүсү керек. Даамдуу тамак-аш дасторкондун гана көркүн ачпастан, жумуштан чарчап келген күйөөңүздүн же балдарыңыздын да көңүлүн ачары белгилүү. Ошондуктан, ар дайым дасторкон бетин жаңы түрдөгү салат менен кооздоону унутпаңыз. Жеңил жана бат жасалган салаттар сиздердин жашооңуздарга кубат берет.

Картошка салаты:

Салатты жасоо үчүн:

1. Картошка менен сабизди сууга кайнатып бышырыңыз.

2. Бышкан картошканы эзип, соус ингредиенттери менен аралаштырыңыз.

3. Бадыраңга туз сээп, аралаштырып жумшартыңыз.

4. Картошкалуу соуска, сабиз, бадыраң, пияз, жүгөрү, мурч жана тузду кошуп аралаштырыңыз.

Курамы:

1. Көлөмүнө жараша 3-4 картошка.

2. Жарты сабиз.

3. Жарты пияз.

4. Бир бадыраң.

5. Төрт ашкана кашык консерваланган жүгөрү.

6. Даамына карата туз.

Соус:

1. Төрт ашкана кашык майонез.

2. Бир ашкана кашык горчица.

3. Укроп, петрушка ж.б.жашылчалар.

Ыймандуу аял - өмүрдүн булагы,

Ыймандуу аял - турмуштун көркү,

Ыймандуу аял - үйдүн куту,

Ыймандуу аял - тарбиянын башаты,

Ыймандуу аял - байлыктын кенчи,

Ыймандуу аял - келечектин сакчысы,

Ыймандуу аял - бакыттын ачкычы,

Ыймандуу аял - жашоонун нуру,

Ыймандуу аял - дүйнөнүн түркүгү,

Ыймандуу аял - үлгүлүү эне,

Ыймандуу аял - бейиштин төрү.

Даярдаган: Манас кызы Назира