27.06.2016

Ата-энеге белек бер

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Баарыбыз өзүбүздү мусулман, ыймандуубуз деп эсептейбиз. Келгиле, ушул куттуу күндөрдө өзүбүзгө мусулмандык убадабызды берели. Ким, ата- энесинен көптөн бери кабар ала элек болсо, барып кабар алсын. Ким, ата-энеси менен көптөн бери сүйлөшө элек болсо, телефон чалып ал-абалын сурасын. Ким, көптөн бери ата-энесине белек тартуу кыла элек болсо, белек берсин. Ким, шайтанга азгырылып ата-энесин нааразы кылып койгон болсо, кечирим сурасын. Ал эми кимдин ата-энеси бул дүйнөдөн өтүп кеткен болсо, аларга дуба кылсын. Аллахым, ар бирибиздин билип- билбей кылган күнөөлөрүбүздү кечир. Ата- энелерибиздин кылган күнөөлөрүн да кечир. Ата-энебиз биз ымыркай кезде кандай мээрим төккөн болсо, Сен да аларга ошондой мээрим төккүн. Аллахым, ар бир баланы ата- энесин урматтоочу кылгын. Ата-энени нааразы кылып алуудан сакта.

Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдушүкүр Нарматов.