Ата-энеси үчүн дуба сураган жаш бала
09.02.2020

Ата-энеси үчүн дуба сураган жаш бала

Бир устаз айтып берген эле. Болгон окуя...

Бир күнү 4-5-класста окуп калган бир бала мечитке кирди. Мурдунан суу куюлган, карегине жаш толуп турат. Тартынбай жакын келип: "сиз дуба кыласызбы?" - деп сурады. Ооба, кел келе кой кимге дуба кылуу керек эле - деп ичке киргиздим. Ата-энеме ........ сөзүнүн аягы жок мукактанып сүйлөдү бала. Ата-энең кайда? Эмне болду эле? - дедим мен. Оор үшкүрүнүп алып, "ата-энем Москвада, аларды сагындым, көп болду көрө элегиме алардын ден-соолугу, иштери жакшы болуп тезирээк кайтып келүүлөрү үчүн дуба кылып бериңизчи ..." - жалооруй карады. Андан ары эч нерсе сурай алган жокмун, бир нерсе десем эле ыйлачудай болуп турду. Жаныма олтургузуп, Курандан узун-узун сүрөө окуй баштадым. Узун сүрөө бүткүчө тыпыйган алаканын жайып алып ыйлап олтурду. Көзүнөн аккан жашы жүзүн жууп жатты. Кичинекей баланын мындай үн чыгырбай көз жашын төккөнүн көргөн эмесмин. Акыры Куран бүткөндө жеңи менен жүзүн тазалап, сууланышкан кирпиктери менен күлүмсүрөп ордунан турду да - "атайын чогулттум эле, рахмат дубаңыздын акысын алып коюңуз, азырынча ушул эле болуп калды..." - деп чөнтөгүндөгү тыйындарды алып чыгып, быйтыйган колдору менен мага сунду... Ошол жерден кармана албай калдым... бекем кучактап балага көргөзбөй ыйлап жаттым... Ата-энемдин амандыгы үчүн акыркы жолу качан дуба кылдым эле???? Эстей албай жатам... жумуш, кызмат, ийгилик, акча, өзүм деп жүрүп... Туугандар!!! Келгилечи, ушундай наристелерибизди кусаландырбай, кара суу ичсек дагы алар менен кошо бактылуу күндөрдү өткөрүп, биздин келечегибизге туура Ислам тарбиясын берелик!

Жүктөгөн: Кадыров Кыялбек