Ата кадыры
07.10.2021

Ата кадыры

Башталгыч мектепте окуйт элем. Боюм узарып, биринчи класста кийип жүргөн кийимдерим туура келбей калды. Анысы аз келгенсип, апам шымымдын бир жерине жамаачы салып берсе, эки күн өтпөй, башка жеринен сыйрылып кете берет эле. Кышында эжемдин кара пальтосун кийген элем. Агамдын эски бут кийими менен эптеп классты бүтүрдүм. Кыскасы, ата-энем мага жаңы кийим алып бере турган болушту. Базарага аттандык...

Базар. Даанышмандар айткандай, курсагы ач адам базарга барса, курсагы тоёт, жебесе да тоёт, болбоду дегенде, базар көрүп жүргөн адамдын көзү ток болот. Атам экөөбүз кийим саткан дүкөндү жарым күндөй кыдырдык. Ар бир соодагердин жанынан алыстайт элек, атам капаланып баш чайкайт эле. Көзүмө карабоого аракет кылат эле. Ошентип, мага "туура келе турган" кийим да табылды. Кызыгы, атам алып берген шым, көйнөк, бут кийим дагы мага бир топ чоң келип калды. Атам: "эки-үч жыл беймалал киесиң", деп койду. Өзүмдө жок бактылуу элем. Эртең, бүрсүгүнү мектепке барып, классташтарыма мактанууну дилиме түйүп койдум. Кийим базардан чыкканыбызда, тамактардын жыты "күп" этип мурдумду кытыгылады. Өзгөчө, кебаб көзүмө алоолонуп көрүнүп жатты.

- "Шашлык" алып бериңизчи, - атамдын көзүн мага бурууга аракет кылдым.

- ...иии.

- Карасаңыз, ата шашлык мага да алып бериңизчи, курсагым ачып кетти.

- ....иии, макул.

Бул сөздү эч бир ата "көтөрө албайт" өтө оор сөз айткан элем ошондо. Атамдын бир колунда менин жаңы кийимдерим, бир колу болсо чөнтөгүндө эле...

Бир нерселерди чамалады, окшойт, каалоосуздан ашкана тарапка бурулду.

"Жүр балам сени бир "шашлык"ка тойдурайын, - балким мен эң кичүү перзенти болгонум үчүндүр атам бир да сураган нерсемди жерде калтырбаган. Ашпоз байке бир шапалактай нан менен эки кебаб алып келди. Тарелкада пияз да койду. Башында эч нерсеге карабай, алдыма коюлган тамакты шашып жей баштадым. Бирөөсүн жеп түгөтүп, бир аз напсим канды, окшойт, атама карадым:

- Сиз жебейсизби?

- Жей бер, балам, менин курсагым ток, сенин жегениң менин жегеним - атам ушундай дегенче шапалактай нан менен пиязды чайнап отурат эле. Шишкебекти акырына чейин тугөттүм, атам болсо ачуу пиязды нанга кошуп жеди...

Ишенесизби?! Жылдар өтсө да, бул окуяны эмнегедир эч эсимден чыгара албадым. Атам менен байланыштуу ошол окуяны эстегенде жүрөгүм эзилип эстеймин. Себеби, ал убактарда атамдын мага ар жылы жаңы кийим алып берүүгө акчасы жетчү эмес.

Бүгүн болсо мен балдарымды каалаганымча кебаб менен тойдура алам. Алар каалаган кийимин кийишет. Чөнтөгүмдө акчам түгөнүп калат деген тынчсыздануум жок. Кудайга шүгүр, атам дагы тирүү. Жакында ошол балалык азаптарымды эстеп, атама кебаб алып бермекчи болдум. Ойлоп калбаңыздар, бул менен менин карызым үзүлөт деген ойдон таптакыр алысмын. Бирок адамда ушундай сезимдер болот, аларды түшүндүрүп бере албайсың. Болгону жүрөк муну буйруйт.

Кыскасы заманбап ресторанда атам экөөбүз отурдук. Үстөлдү үч-төрт түрдүү кебаб менен толтурдум. Эң өзгөчө тамактарга заказ бердим. Атам колуна бир шашлыкты алды да, аны көпкө карап тиктеп калды. Бир тиштем жеп да алды.

Өзүмчө ойлодум, атам дагы ошол окуяны эстеп жаткан бекен?

Атама кайрылып:

- Алсаңыз ата.

Атам болсо

- Эxxx балам буларыңды жегенге тишим жок да, андан көрө ачуу көк чай айтсаңчы...

Ошол учурда жүрөгүм үзүлүп кетейин деди.

Атам ошондо да ачуу пияз менен курсак тойдурган эле!

Сулайман ажы