Атагы чыккан Алтынхан төрө
23.06.2020

Атагы чыккан Алтынхан төрө

Мындан 125 жыл мурда, тактап айтканда, 1895-жылы Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч-Коргон айылында дин жолунда кызмат кылган кадыр-барктуу үй-бүлөдө, айтылуу аалым Саййид Махмуд (Алтынхан төрө) жарык дүйнөгө келген. Алгач, атасынын колунан илим алып, кийинчерээк Ташкент шаарындагы «Күкөлдөш» диний медресесине окууга кирген. Андан соң, билимин Бухара шаарында уланткан. Саййид Махмуд өзүнүн өзгөчө зээндүүлүгү жана жөндөмдүүлүгү менен көп билимге ээ болгон. Диний окуусун ийгиликтүү аяктагандан кийин, Тараз шаарына кайтып келип, дин жолунда кызмат кылууга киришип, ошол жердеги «Абдыкадырбай» мечит медресесинде 1923-жылдан баштап, 1930-жылга чейин ар улуттагы балдарга сабак берген. Абдыкадырбай мечит медресесинде кызмат кылып турган мезгилде, ошол жердеги чөйрөдө өзүнүн чындыкты тайманбай айтып тургандыгынан улам, аны кысымга ала баштагандар чыккан. 1930-жылдары Москвага съезддин делегаты болуп шайланып барганда, Сталинге кат менен кайрылган. Ал катта Сталинден Орто Азияда ошол учурда колдонулуп келген араб алиппесин өз абалында калтыруусун суранган. Бул үчүн ал, Кавказдагы кээ бир улуттардын кирилл алиппесине өтпөстөн өздөрүнүн калыптанып калган алиппесин колдонуп жаткандыгын мисал катары айта кеткен. Мына ошондо Сталиндин карамагындагы кызматчылар, «Саййид Махмуддун ою бузук, ал Орто Азияны өзүнчө көз карандысыз кылып бөлүп алууну көздөп жатат» деген жалаа жабышкан. Ошентип НКВД анын үстүнөн тезинен иш козгоп, камакка алынсын деген чечим чыгарат. Бул чечим съезддин делегаттары Ташкент шаарына жетээри менен жүзөгө ашмак. Бирок, Алтынхан төрө Ташкентке жете электе «Арыс» станциясынан түшүп калат. Ошентип, Алтынхан төрөнүн артынан эки тараптан куугунтук башталганда, ал өзүнүн мекенин таштап башка өлкөгө чыгып кетүүгө мажбур болот. Алгач Афганистандын чегарасына жашыруун өтөт. Ал жерде Алтынхан төрө өзүнүн жогорку билими, көптөгөн тилди өздөштүргөндүгү жана көптөгөн мээнети менен кадыр-баркка ээ болуп, Кабулдагы агартуу министринин кеңешчиси болуп дайындалат. Анда бир нече убакыт иштеген соң Пакистанга барып, ал жерде чоң медресе салдырган. Медресе эки кабат, астыңкы кабаты кийим тигүүчү цех, жогорку кабаты медресе болгон. Азыркы учурда ал цех чоң фабрикага айланган. Андан соң Алтынхан төрө Индияга өтүп, Бомбей шаарында башкы мусулмандар мечитинде жетекчилик кылган. Бомбейде он жылдай жашаган. Ал жерде сый урматка татыктуу болуп «Тура Сахиб», андан соң «Алтынхан тура» (төрө) деген наам менен белгилүү болгон. 1953-жылдары Карачи шаарында анын «Мусадда-саати Махмудиййа» аттуу алты саптуу ырлардан турган ыр жыйнагы басылган. Андан соң, Индиядагы саясий кырдаалга байланыштуу Сауд Араб өлкөсүнө барып, ал жерде ыйык Медина шаарында отурукташып калат. Ал жерде да Алтынхан төрө агартуучу катары сый-урматка ээ болгон. Анын кадыр-баркы өтө жогору болгондуктан, көп өтпөстөн Саудия падышалыгынын жеке көрсөтмөсү менен «Аль масжид ан Набавий аш Шариф» мечитинде сабак берүүчү мугалим болуп дайындалып, ал мечитте отуз жылдан ашуун убакыт иштеген. Ал эртең менен пайгамбар мечитинде, ал эми түштөн кийин өзүнүн жашаган турак жайында жүздөгөн илим талап кылгандарга сабак берчү. Саййид Махмуд шарият илимдеринин аалымы гана болбостон, акын, прозаик жана араб, түрк, перс тилдеринин адабиятын өздөштүргөн адабиятчы болгон. Ошол мезгилдерде ал көптөгөн Пакистан, Сирия, Ирак, Египет жана Түркия сыяктуу мусулман өлкөлөрүн кыдырып, андагы аалымдар менен жакындан таанышып, жыйырмага жакын илимий эмгектерди жазып калтырган. Атап айтсак, Куран китебин тапсири менен түрк тилине которгон. Имам Нававийдин «Риядус Соолихиин» аттуу төрт томдон турган китебин жана Имам Тирмизийдин «Шамааил Мухаммадия» китебин түрк тилине которуп жазган. Ошондой эле акыйда боюнча Имам Тахавийдин «Акыйда Тахавия» китебинин маанисин камтыган «Ан назмул хаавий ли акыйдатит Тахавий» аттуу китепти араб тилинде ыр саптары менен жана Имам Абу Ханифанын «Аль Фикхул Акбар» китебинин түшүндүрмөсүнүн котормосун жазган. Азыркы учурда бул китептердин кээ бири жергебизде колдонулуп келүүдө. Аалым Сайид Махмуд алтымыш жыл бою бөтөн өлкөлөрдө жашаса да, анын жүрөгүндө өзүнүн мекенине болгон сүйүүсү жана эскерүүсү ар дайым жашап келген. Ал өзүнүн жазган ырларында да өз мекени болгон Түркстан тууралуу муңдуу саптарды жазып, анда Алла Тааладан жардам тилеп, сүйүктүү мекенинин азаттыгын жыргалчылыгын сурап дуба кылган. Ошентип, Алтынхан төрө өмүрүнүн 96 жашында 1991-жылы дүйнөдөн өттү. Мурунку СССР мезгилинде Алтынхан төрө тууралуу бурмаланган терс малыматтарды айтып, аны панисламист, пантюркист деп аташкан. Кысым көрсөтүү анын өзүнө гана болбостон, анын үй-бүлөсүнө да болгон. Алтынхан төрөнүн атасы Сайид Назир (Эшен-хан) Аулие Атанын абакканасында көз жумуп, сөөгү кайсы жерге коюлгандыгы азыркы күнгө чейин белгисиз. Карындашы Камилахан, бир тууганы Абдурашид, Аялы Мавжуда, уулу Махаматхан жана кызы Саида өздөрүнүн чыныгы фамилиясын өзгөртүп, шаардын чет жакаларында жашашкан. Алтынхан төрөнүн Кыргыз элинин тарыхында кандай орду бар деген суроо туулуусу мүмкүн. Алтынхан төрөнүн ата-бабалары кадырлуу «саййид» уруусунан, Өзбекстандын Касан деген шаарынан болушкан. Алар качандыр бир мезгилде (болжолу 250-300 жыл мурда) Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч-Коргон айылына келип отурукташып калышкан. Азыркы убакка чейин толук маалыматтар болбосо дагы, Үч-Коргон айылында бийик кадыр-баркка ээ болуп жашап өткөн Мадрайим ата, Абдыкадыр молдо, Миршакир молдо жана Аким агай сыяктуу улуу инсандардын айтуусунда, аалым Алтынхан төрө Үч-Коргон айылында жарык дүйнөгө келген. Ал кезде бул аймак, Аулие Ата (Тараз) уездине карап турган. Айтылуу Тараз шаары Үч-Коргон айылынан болгону 16 чакырым аралыкта жайгашкандыктан, арадагы өз ара байланыш бекем жана тыгыз болгон. Убакыттын өтүүсү менен Алтынхан төрөнүн ата энелери Таразга көчүп барышкан. Ал мезгилде Алтынхан төрө үч жашта болчу. Алтынхан төрө бойго жеткенде Тараз, Ташкент жана Бухара шаарларында илим алып, илим берүү менен алектенип ошол жерлерде да жашап турган. 1994-жылы Тараз шаарында Сайид Махмуд Таразийдин 100 жылдык мааракесине арналган диний илимий конференция болуп өткөн. Мына ошол конференцияда Жамбыл облусунун жетекчилери, Ташкент, Бухара жана Тараз шаарларынын келген тарыхчылар катышып, алардын баары Алтынхан төрөнү өз мекендерине таандык деген маанидеги сөздөрдү айтышкан. Бирок, ошол конференцияга атайын чакырылган Үч-Коргон айылынын тургуну Миржалал ажы доклад жасап, Алтынхан төрөнүн Үч-Коргон айылынын кулуну экендигин фактылар менен далилдеп берген. Натыйжада, ким канчалык талашса да, Алтынхан төрө Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч-Коргон айылында туулган экендигин төгүнгө чыгара албайт. Анткени, анын урук туугандары, атасы, энеси жана бир туугандары Абдурашид, Камилахан Үч-Коргон айылында жашап турушкан. Алтынхан төрөнүн аялы, кызы жана уулу кийинчерээк Ташкент шаарына көчүп кетүүгө аргасыз болушкан. Иниси Абдурашид иштеп жаткан ишине байланыштуу 1970-жылдары Үч-Коргон айылынан Таразга көчүп барып, 2008-жылы көз жумган. Анын сөөгү өзүнүн керээз-мурасы боюнча ата-бабалары жашап өткөн Үч Коргон айылындагы, энеси жана карындашы Камилахандын сөөгү коюлган «Ак Мазарга» коюлду. Ал эми азыркы күндө болсо, Үч-Коргон айылында Алтынхан төрөнүн Жороев Нажим сыяктуу аталаш туугандары жашап келүүдө. Ошондой эле Үч-Коргон айылынын имамы Миржалал ажынын таятасы менен Алтынхан төрөнүн энеси бир тууган экендиги, Алтынхан төрөнүн Үч-Коргон айылынын кулуну экендигин дагы бир жолу бышыктап турат. Үч-Коргон айылынын тургундары Алтынхан төрөнү сыймыктануу жана урматтоо менен эскеришет. Ошол себептен, айылда салынган чоң мечитке Алтынхан төрөнүн аты берилди. Мындан бир нече жыл мурда, тактап айтканда 1998-жылы Сауд Аравиясында жашап жаткан Алтынхан төрөнүн уулу Умархан баш болгон бир канча туугандары келип, Үч-Коргон айылын жана андагы «Ак мазар» көрүстөнүн зыярат кылып, ал жерде жаткан ата-бабаларына дуба кылып кетишти. Бүгүнкү күндө анын ысымы бүткүл мусулман өлкөлөрүндө аттын кашкасындай маалым. Мекке шаарында Айша энебиздин мечитинде анын уулу Мукаррамхан имам болуп бир нече жыл иштеп, азыр пенсияда. Ал эми, бир кызы учурда Медина шаарындагы Пайгамбарыбыздын мечитинин аялдар бөлүмүндө иштейт. Уулу Умархан Таиф шаарында акимчиликте кызмат кылууда. Ошондой эле азыркы күндө Тараз шаарынын чоң бир көчөсүнө жана бир сая багына Алтынхан төрөнүн наамы берилген. Алла Таала мекендешибиз Алтынхан төрөнү өз ырайымына алып, келечекте мекенибизден ал сыяктуу үлгү болоорлук улуу инсандарды чыгарсын.

Талас борбордук мечитинин имамы Касым Сыдыков