Атанын баласына болгон милдеттери
23.08.2019

Атанын баласына болгон милдеттери

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айтты: "Эне, наристени тубаса таза табияты менен төрөйт. Бирок, кийин ата-эне наристени жөөт, христиан же отко сыйынуучу кылып тарбиялап коюшат". Эгер наристенин ата-энеси мусулман болсо, наристенин да мусулман болуусуна себепчи болушат. Курани Каримде үй-булөнүн бүтүндөй жоопкерчиликтерин атага жүктөлгөнүн төмөндөгү аят далилдейт: «Өзүнөрдү жана үй-бүлөнөрдү тозоктон сактагыла». Бул аят түшкөн учурда сахабалар Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай деп кайрылат. «Эй, Алланын Элчиси! Биз өзүбүздү Алланын өкүмдөрүн аткарып, тыюуларынан сактанып, тозоктон коргой алабыз. Ал эми үй-булөбүз менен балдарыбызды тозоктун отунан кантип коргойбуз? - дегенде, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): Алла силерге өкүм кылган нерселерди силер да аларга өкүм кылгыла. Тыюу салган нерселерди силер да тыюу салгыла», - деп жооп берген. Азирети Умар (Алла андан ыраазы болсун) доорунда бир мусулман өз уулун эрчитип келип: «Эй, Умар! Менин уулум мага бала болуудан баш тартып жатат. Ушуну мага чечмелеп бергин. Менин айлам эмне болот?» - деди. Муну уккан азирети Умар (Алла андан ыраазы болсун) балага: «Эй, мусулман баласы! Сен кичине уялып, Кудайдан корксон болбойбу!» - дегенде, бала: «Айтынызчы! Азирети Умар (Алла андан ыраазы болсун) ата-эненин баладагы акысы бардай эле, баланын да ата-энеде акысы барбы?» - деп сурайт. Буга азирети Умар (Алла андан ыраазы болсун): «Бар, бала төрөлгөндө эң биринчи ага жакшы ат коюу керек. Пайдалуу илим үйрөнүү үчүн окутуу керек. Анан баланы жакшы жерден үйлөнтүү керек» - деп жооп берет. Ал эми муну уккан бала болсо: «Менде булардын бирөөсү дагы жок. Бул эле эмес, Куранды да билбеймин» дейт. Муну уккан азирети Умар (Алла андан ыраазы болсун): «Эй, сен кандай залим атасың! Баландын сага койгон талабы туура!» - деп үйүнөн кууп чыгыптыр. 

Келиңиздер туугандар! Баланын акысын берелик. Куран үйрөтөлүк, өзүбүз билбесек жетелеп мечитке барып, дин аалымдарынан сабак алдырып, кайра жетелеп келелик. Баланын биринчи мугалими ата-энеси, бала Алланын бизге берген аманаты. Өз жолун тапканчача дүнүйө-тирикчилик деп жүрүп булардын акысынан куру калтырбайлык.

Баткен казыяты: Баткен районунун Апкан айылынын имамы Искендер Ажибаев