Атанын наркы, баланын баркы жоголдубу?
01.10.2019

Атанын наркы, баланын баркы жоголдубу?

Заман акырына жакындап, адамзат бузулуунун акыркы чегинен чыгып, адамдык сыпаттан толук ажырап бара жатканына жакында дагы бир жолу күбө болдук. Өлбөсөң көрбөгөндү көрүп, укпаганды угат экенсиң, эзели ар-намысынан ажырабай, таза, аруу жашап келген элибиздин арасынан эки жашар балага зордук-зомбулук көрсөткөн айбанды да көрдүк. Баса, айбан деп айтканым да туура эмес болуп калар, анткени, айбан атмайдын эч бири эркегине асылбайт. Ургаачысына да туут жашына жеткенде гана кошулат. Демек, мындай арам ишке барган «нааданга» ылайыктуу жаман ат табуу да мүмкүн эмес экен. Эмнеси болсо да, болор иш болду. Ар ким өз жазасын алат. Ар ким күнөөсүнө жооп берчү күн келет. Менин айтайын дегеним, биздин жаш балдарыбызга болгон мамилебиз сууп бара жаткандай. Бул окуядан сырткары да жаш балдар-кыздарга зордук-зомбулук көрсөтүп, күч колдонгон фактылар толтура. Ата-энеси тирүү туруп «тирүүлөй жетим» болуп жетим каналарды толтурган балдар канча. Бешиктен бели чыкпай базарда «такси» айдап, көчөдө суранып тилемчилик кылып жүргөн балдардын ата-энелери деле оо дүйнө сапар алып кеткен эмес, балдарын ушундай абалга калтырып, өз жанын багып жүргөндөн көрө, оо дүйнө кеткени жакшы болмок. Баланын жыпар жытын, тунук күлкүсүн, таттуу тилин, жүрөк элжиреткен кылыктарын эч нерсеге алмаштыруу мүмкүн эмес. Мунун баарына көңүл бурбай, жашоо-турмушту шылтоо кылып, баланы таштап кетүү адамдын жүрөгүнүн мерездигинен гана болот. Мерездик жана мээримсиздиктен башка эч нерсе өз канынан жаралган баланы таштап кетүүгө же ага жаман мамиле жасоого түрткү боло албайт. Мындан сырткары, адамдын адамдык сыпатын сактоого дин, ыйман чоң өбөлгө болот. Динди түшүнүп, дин көрсөткөн жол менен жүргөн адам, жашоодогу баланын ордун, баланын баалуулугун баалай билет. Эми кезеги келгенде Исламда балага кандай мамиле кылуу керектиги тууралуу айта кетели. Бала бул ата-энеге Алла Таала ыроологон чоң ниймат. Жөн эле балалуу болуп алуу ар бир ата-эненин колунан келбейт. Эгер Алла бербесе, эч ким балалуу боло албайт. Өмүр бою баланын жытына зар болуп жүрүп өтүп кеткендер толтура эмеспи? Демек, бала - ата-энеге Алла тарабынан берилген аманат. Аны аздектеп багып, тарбиялап чоңойтуу ата-эненин милдети. Балага кандай мамиле кылууну Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) тили менен да, амалы менен да белгилеп кеткен. «Баланын жыты – бейиш жыты», «Улууларга урмат – кичүүлөргө ызаат кылбаган адам бизден эмес», «Балдарга мээримдүү болгула, ким мээрим төкпөсө, ага да мээрим кылынбайт» деген сыяктуу осуяттарын калтырган Пайгамбарыбыз жаш балдарга өтө мээримдүү болчу. Бир ирет небереси Хасанды кучактап өөп жатканын көргөн бир адам:

- Ой, Алланын Элчиси, менин он балам бар, бирок, бирөөсүн да өөп, эркелетпейм, - дегенде, Пайгамбарыбыз өкүнүп: «Сенин жүрөгүңдөн мээрим нурун алып салса эмне кылайын. Ким башкаларга мээримдүү болсо, ага Жаратуучу мээрим төгөт» – деп каңырыгы түтөгөн эле. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) намаз окуп жаткан учурда неберелери анын моюнуна минип алган учурлар болчу. Ошондо ыйык чекесин саждадан көтөрбөстөн, качан алар өз каалоолору менен түшүп кетмейинче, эңкейип тура берчү. Бир жолу Умар (Алла андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздын үйүнө кирсе, ал неберелерин үстүнө мингизип алып жөрмөлөп жүргөн экен. Умар (Алла андан ыраазы болсун) бул көрүнүшкө суктанып:

- Оо, Алланын Элчиси, сиз кандай сонун улоосуз, - десе, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) анын сөзүнө жооп кылып:

- Жок, бул балдар кандай сонун чабандестер, - деп айткан эле. Пайгамбарыбыз мейли намаз болсун, мейли кутба учуру болсун жанына жөрмөлөп келип алган неберелерине көңүл бурбай коё алчу эмес. Минбарда кутба айтып жаткан учурунда кирип келген небересин колуна ала коюп: - бала деген ушундай таттуу болот, булардын таттуулугун көрүп туруп, көңүл бурбай коё албаймын, - деп, динде балага кандай мээрим төгүү керектигин үйрөтүп кеткен. Көчөдө бара жатканда ойноп жаткан жаш балдардын жанына токтоп, аларга салам берип, чачтарынан сылап, анан жолун улачу. Сахабаларынын бири Пайгамбарыбыздын балага болгон мээримин сүрөттөп: «Мадинанын көчөсүндө ойноп жүргөн секелек кыздардын кимиси болбосун, Пайгамбарды колунан жетелеп, каалаган жагына алып кете алат болчу» – деп айткан. Убактылуу дүйнөнүн эч бир көйгөйүнө кайгырбаган сабырдуу Пайгамбарыбыз бир жарым жашка толуп калган уулу Ибрахим чарчап калганда, көз жашын токтото албай жашып, жаштары сакалдарын жууп турганын көргөн Абдурахман:

- Оо, Алланын Элчиси, сиз ыйлап жатасызбы? – деп таңданганда, сууланган сакалын сылап:

- Бул - мээримдүүлүктүн көз жашы, көкүрөктөн муң, көздөн жаш чыгат, бирок, Алла ыраазы болчудай сөздөрдү гана сүйлөйбүз, - деп өзүн баскан эле. Мына ушундай, кары менен жашты, ата менен баланы, баарын өз ордуна койгон динден алыстап, абалыбыз мышык ыйлоочудай болуп бара жатат. Атанын наркын, баланын баркын билбей, маңкурт болуп, күн өткөн сайын сай сөөктү сыздаткан жаман көрүнүштөргө дуушар болуудабыз. Мындай көрүнүштөргө жөн эле нааразылыгыбызды билдирип олтуруп калбастан, андан кутулуунун, аны дарылоонун жолун издебесек, мындан жаманын да көрүп калуубуз ажеп эмес. Аллахым, Өзүң бизди туура жолго баштап, жамандыктардан сактай көр. Аялдарды таштап, эркектерге үйлөнүп кетишкен Лут коомунун башына түшүргөн азабыңды бизге түшүрө көрбө!

Мирланбек Акматалиев