Аялдамадагы окуя
04.08.2020

Аялдамадагы окуя

Аялдама ... Автобус күткөн эл. Жаш келин чачынан бирөө сылап, кармалаганын сезди. Бурулуп карады да, артында турган жигиттин жүзүнө чаап жиберди:

- Уятсыз, акмак ...

Келин басып кетти. Нараакта турган топ балдар келди да, жигитти ортого алып тепкилеп салды.

- Келинге неге тийиштиң эле? - деп сурады бир улгайган адам.

Жигит муштумдан жырылып, канжалаган эриндерин алаканы менен басты да:

- Чачында чаян жабышып турган экен. Ошону түшүрмөкчү болдум эле. Ал мени туура эмес түшүндү окшойт - деди.

Бир нерсени толук түшүнбөй туруп, чечим чыгаргандан алыс болуңуз! Уят болуп каласыз ...

* * *

Билип кой ... гүлдө тикен, тикенде гүл болот. Эч ким периште же ибилис эмес. Ар жакшынын бир жаманы жана ар жамандын бир жакшысы болот ...

Душмандарыңды көбөйтпө! Анткени, миң досуң болсо да аз, бир душманың да көп ...

Акыйкаттын нуру алсыздануусу мүмкүн, бирок эч качан өчпөйт!

Жүзүмө чындык менен урсаң мейли ... бирок, жалган менен ырайым кыла көрбө! 

Каттабек Шамшиев