Аялдар садаганы көп берүү керек
31.07.2019

Аялдар садаганы көп берүү керек

Жабир (Алла андан ыраазы болсун) айтат: "Мен Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) менен айт намазында болчумун. Кутбадан мурда азансыз жана кооматсыз айт намазын окуду. Намаз бүткөндө Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Билалга (Алла андан ыраазы болсун) таянып турду. Аллага мактоолорду айткандан кийин, сахабаларга насаат айтып, Аллага баш ийүүгө үгүттөдү. Андан кийин аялдардын алдына келди. Билал (Алла андан ыраазы болсун) да бар болчу. Насаатында Кудайдан коркууга, Ага баш ийүүгө өкүм берди жана: "Силер, аялдар садага бергиле, силер тозокто көп күйүүчүлөрдөнсүңөр!" – деди. Бир аял: "Бул эмне үчүн? Оо, Алланын Элчиси!" – деп сурады. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Силер көп карганасыңар жана күйөөңөргө көп шүгүрсүз сөздөрдү айтасыңар", – деп жооп берди. Ошондо аялдар өздөрүнүн тагынчактарын чыгарып, Билалдын (Алла андан ыраазы болсун) чүпүрөгүнө ыргыта башташты, аны Алла жолуна беришти. (Бухари)

Пайда: Сахаба аялдарда канчалык деңгээлде Алладан коркуу сезими бар эле. Алланын Элчисинин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) махабаты, тозоктон коркуу бар болчу. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) садагага үгүттөгөндө, жакшы көргөн тагынчактарын Алла жолунда дароо берип жиберишти. Бүгүнкү күндөгү аялдар ушундай кыла алышабы? Эгер мындай кыла алышпаса, зарылчылыгынан сырткары ашыкча сандыгындагы кийимин сактабастан, аны кедейлерге берет эле, садага берүүнү адат кылат болчу. Дайыма аз-аздан болсо да Алла жолунда берип жүрүү. Бул оңой жол, кээде кийимин берсин, качан жаңы кийим алганда эскисин берсин. Тамак-ашты кедейлерге, жесирлерге жиберсин. Диндүү адамдарга тамак-аш берсин. Эгер ушул нерселерди өзү кыла албаса, күйөөсүнөн сурап кылса да сооп болот.

Мындан тозоктун отунан калкан болуусу үчүн аялдар садага кылууга кызыгуусу керек экени билинди. Тозоктун отунан сактануучу өтө чоң себеп садага. Ар ким өзүнүн күчүнө жараша колунан келгенинче кыла берүү керек.

Бейишке татыктуу аял китебинен