Аялзаты сен үчүн ким?
29.07.2019

Аялзаты сен үчүн ким?

Ойлон Эркек! Аялзаты сен үчүн ким?!

Аял - бул сени тогуз ай курсагында көтөрүп, жарыктыкка келүүңө себепчи болгон Апаң!
Аял - бул бир бооруң болгон, кеңешин берген Карындашың же Эжең!
Аял - бул түбөлүк жаныңда колдоочу, капа болсоң көңүлдү көтөрүп, курсант болсоң бирге бөлүшүп, сенин келечекте тукумуңду улап берүүчү балдарды төрөп берген Жубайың!
Аял - бул мээрими менен апасынын жардамчысы, кайда болбосун сурап, кабар алып тура турган айдай болгон Кызың!

Бул сөздөрдү эмне үчүн айтып жатабыз. Анткени, азыркы күндөрдө мусулман болуп туруп Исламдагы эң баалуулуктардын бири болгон аялзатынын ордун билбей, аялына кол көтөргөн "үйдө баатыр, жоодо жок", аялынын көзүнө чөп салган эргулдарга бир аз болсо да сабак болуп калса деген максатта! Туура, бардык эле эркектер мындай дештен алыспыз, сөз ээсин табат, турмуш өзү көрсөтүп турат....

Аялдын орду үй-бүлөдө болсун, турмушта болсун өтө жогору турат. Алар деген силер үчүн өз үй-бүлөсүн, чоңойтуп эрежеге жеткизген ата-энеси, баарын бирге ойноп, биргеликте бөлүп жеген бир боорлорунан кечип, тааныбаган, билбеген башка бир кичинекей үй-бүлө деген мамлекетке сага таянып, ишенип түбөлүк турмуш эшигин ачып кадам таштап, сага жөлөнгөн абалда келет... "Алгычам алтыным алгандан кийин катыным" - деп өзүм билемдикке салып, кээ бир агалар кызганууну чегинен ашырып же атың өчкүр аракты ичип алып, мышыкты карап койсо да эч себепсиз сабап кордогону канча? "А эмне болду" - десе алардын дилили да даяр Куран, хадиске таянып сабаганга уруксат бар деп. Бул тууралуу Алла Таала мындай деген: «Алла бирөөлөрдү экинчилерден артык кылгандыгы жана ошолор өз мүлкүнөн аялдарга сарпташкандыктары себептүү эркектер аялдардын кожоюну. Ал эми Аллага моюн сунган аял бул - күйөөсүнө баш ийген жана күйөөсү жокто Алланын коргоосунда өз абийирин сактаган аялдар. Силерге баш ийбей коюудан корккон аялдарыңарга адегенде насыят айткыла! Ага болбосо, анда, төшөгүн бөлүп койгула! Ага да оңолбосо, акырын сыйпай ургула! Эгер алар силерге моюн сунуп, оңолушса, анда, аларга каршы аларды кордоонун жолдорун издебегиле! Акыйкатта, Алла - Өтө Бийик, абдан Улук! » (Ниса сүрөөсү; 34-аят) Бул аятта Алла Таала качан аялыңар силерди укпай, туура эмес иштерге барып жатса, анда, аларды тарбиялагыла деп эскертип жатат.

Аялдарды тарбиялоодо биринчи баскыч: Мында шариятты түшүндүрүп такыбаа болуусуна жылуу-жумшак эскертет.

Экинчи баскыч: Айтканга көнбөй мурункусун кайталай берсе, анда, төшөгүн бөлүп өзүнчө жаткырып коёт.

Үчүнчү баскыч: Айтканына да төшөгүн бөлсө да түшүнбөй кылганын уланта берсе, жүзүнөн башка жерине акырын сөөмөйүн тийгизип, жеңил желпи опузалап урат. Бул дегени муштуму же буту менен тепкилеп дегени жок "СӨӨМӨЙҮ" менен жеңил эскерт деп айтылып жатат. Бул күйөөсүн сөзүн укпаган аялдарга, а биздикилер үйдө баарын кылып жууп-жыйып, балдарын карап олтурса эч себепсиз сабап салат.

Ойлончу Эркек! Сен сабаган аял бирөөнүн көзүнүн карегиндей бапестеп баккан, убагы келип сен зөөкүргө аманат деп тапшырган ата-энесинин алтындай кызы болот!

Ойлон Эркек! Сен сабасаң сенин карындашың же эжеңди же кызыңды да бир сага окшогон зөөкүр жөндөн-жөн сабоосун каалайт белең?!

Жок, албетте! Дээр элең! Сенин аларга кандай жаның күйсө, аялың да башкалар үчүн ошондой! Билип кой, кызган, бирок, чеги менен, кайсы нерсе болбосун чектен ашса динбизде арам болот, а арам чоң күнөө, чоң күнөөнүн жазасы тозок болот! Алла алдында аялзатынын зомбулуктан аккан көз жашынын бир тамчысы болсо да суралат, муну эч качан унутпа! Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Бактылуулук төрт нерседе: ыймандуу аял, кенен турак жай, жакшы кошуна жана күлүк улоо" - деп айткан. Мына ушул адам баласына эң зарыл болгон төрт нерсенин биринчиси - ыймандуу аял.

Алла Таала Куранда минтип айтат: "Анын белгилеринен - алар менен тынчтанууңар үчүн силерге өзүңөрдөн болгон жубайларды жаратып, араңарга сүйүү жана ырайымдуулук берип койду. Чындыгында бул нерселерде акылын иштеткендер үчүн чоң белгилер бар". Аятта Алла Таала "Алар менен тынчтанып жашооңор үчүн" деп айтып жатат. Демек, эркек аялга үйлөнгөндөн кийин жашоосун аны менен бирге тынчтыкта өткөрүүсү керек. Мурда көздөрүң көбүн караган болсо эми бир аялыңды карайсың, ал кандай болбосун түбөлүк өмүрлүк жарың. Эки-үч балалуу болгондон кийин кээ бир эркектер аялын көзүнө чөп салат. "А эмне болду, андан көрбөгөн жылуулук, сулуулукту башкадан көрүп жатам" - деп жооп берет. Сен билбейсиң ошо жылуулук берген аял ал бир байкушту сыздатып жүрөгүнүн. Жашыруун ойноштук кылуу зына, а зына чоң күнөөлөрдөн, чоң күнөөнүн жазасы күйүп турган от болот! Чындыгында, жаштар ортосунда сүйүү башында болот, андан кийин балдарына өтөт. Ал сага көңүл буралбай, жакшы өзүнө карай албай жаткан болсо, ошо сенин балдарыңды чоңойтом, ичиртем, кийинтем деп жүдөп ошол абалга келген. Аны түшүнүү менен кабыл алуу керек. Алла Таалам сага өмүрдү, ата-энени, аялды, бала-кыздарыңды аманат катары бергенин эч качан унутпа!

Алла алдында баарына жооп бере турган күн келет!

Муавия бин Хайданын (Алла андан ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат: «Бир жолу мен сурадым: «Оо, Алланын Элчиси! Биздин ар бирибиздин аялдарыбыздын бизде күйөө катары кандай акылары бар?» Ал мындай деди: "Эгер өзүң тамактансаң, аны да тамактандырууга, эгер сен кийинсең аны да кийиндирүүгө миледеттүүсүң жана аны урууга, ага ыплас сөздөрдүү айтууга, эгер үйдө болбосоң андан тескери бурулуп жүз үйрүп кетүүгө акың жок!» (Абу Дауд)

Бактылуу болуңуздар!

Бактылуулук Формуласы китебинен