Айымдарга айтар сөзүм бар
18.07.2016

Айымдарга айтар сөзүм бар

Төртүнчү насаат: тазалыкты сактагыла

Адам баласынын табияты тазалыкты жакшы көрөт. Бардык эле эркектер, кийген кийими, отурган орду, жаткан төшөгү таза болуусун каалайт. Ал эми эркектин таза болуусуна аял кам көрүүсү керек. Ошол эле мезгилде эркектер аялдардын тазалыгына да көңүл бурбай койбойт. Ошондуктан ая заты ар дайым тазалыкты сактоосу керек. Аял, биринчи кезекте өзүнүн тазалыгына көңүл бурсун. Ооба, аялдардын баары эле тазалыкка көңүл бурат, бирок көчөгө чыгаарда гана. Көчөгө чыгып бара жаткан аял жок эле дегенде жарым саат убактысын күзгүнүн алдында өткөрөт десем ашыкча болбойт. Боёнуп, сүртүнүп, таранып кыскасы баарын жасайт. Бул жагынан эч кандай кемчилик таба албайсың. А менин айтайын дегеним, үйдөн чыгып бара жаткандагы эмес, үйгө кирип бара жаткандагы тазалык жөнүндө болмокчу. Тилекке каршы көпчүлүк аялдар үй ичинде өзүнө карабай коёт. Негизи, аял күйөөсүнө жасануусу керек. Күйөөсүнүн алдында таза болууга аракет кылуусу керек. Анткени, аял көчөдө жашабайт, ал күйөөсү менен жашайт, аны менен өмүр сүрөт. Май жыттанып калган кир кийим менен күйөөсүн тосуп алган аялга, акырындык менен эркектин көңүлү сууп кетүүсү мүмкүн. Ооздун жана башка жерлердин жагымсыз жыты да эркекти иренжитип коюусу мүмкүн. Ушунчалык жакшы көрүп, үйлөнгөн жаштардын бат эле арасы сууп, анан ажырашып кетүүсүнө мына ушундай жөнөкөй эле иштер себеп болуп калуусу толук мүмкүн. Экинчиден, үй ичиндеги тазалыкка да аял көңүл буруусу керек. Жумуштан чарчап келген эркек, ашканада жаткан жаздыкты, уктоочу бөлмөдө жуулбай турган чыны- чайнектерди, иш столунун үстүндө үйүлүп турган жуусуз кийимдерди көрбөөсү керек. Чарчап турган адамга мындай жагымсыз көрүнүштөр катуу таасир берип, анын оозунан жаман сөздөр чыгып кетүүсү мүмкүн. Ошондой эле идиш аяктын таза эместиги да эркектерге жакпайт. Суу ичүү үчүн ашканга кире калган эркек бир да таза идиш таппай калса, ал жерден сөзсүз ачууланып чыгат. Аял бир гана өзүн, үй ичин таза тутпастан, күйөөсүнүн да тазалыгына көңүл буруусу керек. "Аял жакшы эр жакшы", "Алганың жакшы болсо, жакаң агарат, алганың жаман болсо чачың агарат" деген сыяктуу сөздөр бекеринен айтылган эмес. Адам ар дайым тазалыкка көңүл
коюп жашабаса, ар кандай ооруларга туш болуп калуусу мүмкүн. Айрыкча аял заты ар дайым таза болууга тийиш. Анткени, ал тамак бышырат, бала эмизет, кыскасы анын колунда бир канча адамдын ден-соолугу турат эмеспи. Тазалык, бул - ыймандын жарымы. Диндеги ар бир ибадат тазалык менен байланышкан. Намаз окуу үчүн даарат алуу керек. Дааратсыз намаз кабыл болбойт. Кыскасын айтканда, ар бир аял Аллах Тааланын: "Чындыгында Аллах таза болуучуларды жакшы көрөт", Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): "Аллах Таала сулуу, сулуулукту жакшы көрөт", "Аллах Таала таза, тазаларды гана кабыл кылат" деген сөздөрүн эсине бек түйүп, таза жашоо менен жашаса, бул дүйнөдө да, Акыретте да өкүнүчтө калбайт...