Айымдарга айтар сөзүм бар
04.08.2016

Айымдарга айтар сөзүм бар

Күйөөңөрдүн сырын ашкере кылбагыла. Айланайын айымдар, мен силердин кээ бирөөңөргө такыр түшүнбөймүн. Өзүнүн өмүрлүк жолдошу, кубанса кашында, кайгырса башында боло турган түбөлүк жарын кечээ эле тааныша калган жат бирөөгө жамандаган аялдар бар. Ал эмес, күйөөсүн башка эркектерге жамандагандар да жок эмес. «Менин жанагы шелпейген эмем, колунан кумурска өлбөйт» деп башталган сөздүн аягы эмне бүтөрүн өзүңөр жакшы билесиңер. Убагында ал сенин көзүңө «шелпейип» көрүнгөн эмес эле го? Балким анын ушундай абалга өзүңөр дуушар кылып жүрбөгүлө. «Эри жаман өңүнөн, аялы жаман жеңинен» деп бекеринен айтылган эмес. Кандай болгон күндө да, күйөөң канчалык жаман болсун, баары бир сенин балдарыңдын атасы го? Сен аны канчалык жаман көрбө, баары бир, бир төшөктө жатып жүрөсүң го? Анан эмне үчүн аны башкаларга жамандайсың? Үй-бүлөөнүн сакталуусу жана бактылуу жашоосу үчүн аял менен эркек ички сырларын бекем сактоосу керек. Аллахтын түзгөн мыйзамы да мына ушундай. Аялдар эркектерге, эркектер аялдарга кийим сыяктуу. Кийим адамдын уятын жапкан сыяктуу эле, аял эркектин, эркек аялдын сырын жаап жүрүүсү керек. Аллах Таала эркектердин сырын сактоочу аялдар эң жакшы аялдар деп мактаган. Эркектин үй ичиндеги, төшөктөгү ж.б. сырлары сыртка чыкпоосу керек. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) аялдын сырын жарыя кылган эркекти жана эркектин сырын жарыя кылган аялды шайтанга окшоткон. Чындыгында булар шайтан эмей эмне? Бир топ адамдын алдында ооз толтуруп күйөөсүн жамандап, анан анын жанында кантип жатасың? Аны менен бир дасторкондо кантип отурасың? Башка аялдарга күйөөсүн жамандоо, анын төшөктөгү сырларын ачуу – чоң күнөө. Анын натыйжасында бузукулук пайда болот, үй-бүлөө бузулат. Айрыкча достордун арасында аял-эркектин сыры жабылуу бойдон калуусу керек. Тилекке каршы азыркы учурдагы бузукулуктун баары мына ушул «аяштардын» ортосунда чыгат. Ошондуктан, айланайын аялзаты, эч качан күйөөңөрдү башкаларга жамандабагыла да, мактабагыла. Алардын ички сырын эч качан ачпагыла. «Аюу да болсо эрим бар» деп тилиңерди тишиңерге кысып жашоону уланта берсеңер эч качан жамандыкка дуушар болбойсуңар.