Балага жакшы ысым берүү
23.08.2019

Балага жакшы ысым берүү

Балага ат коюу салты эң байыркы салттардын бири. Балага ат коюуда эл арасында ар кандай ишенимдер болгон. Кээ бирлер коюлган ысым менен баланын тагдыры байланыштуу болот деп ишенип, аттуу-баштуу адамдардын аттарын коюшкан. Кээ бирлер тескерисинче бала оор атты көтөрө албайт деген ишеним менен жөнөкөй аттарды коюшкан. Кээ бирлер балага элдин назары түшпөсүн деп Балтабай, Бокмурун, Тезекбай деген ысымдарды ыйгарышкан. Эгерде жубайлар көпкө чейин бала көрбөй жүрүп балалуу болушса ырым кылып Табылды, Таабалды деген сыяктуу аттарды коюшкан. Балага зар болуп жүргөн аталар “Эгер мен балалуу болсом, көзүмө биринчи көрүнгөнү нерсени ат кылып коём” деп сөз берип коюшкан учурлар да болгон. Натыйжада Карга, Кетменбай деген сыяктуу аттар пайда болгон. Жалаң гана кыздуу болуп эркек бала көрбөгөн ата-энелер ырым кылышып Бурулсун, Бурулай, Бурма деген сыяктуу аттарды коюшкан. Ал эми балдары токтобогон ата-энелер ырым кылышып Токтосун, Токтобек, Токтобүбү деген сыяктуу аттарды коюшкан. Кийинчерээк ат коюунун негизги мааниси жоголуп замандын белгилүү учурларына көбүрөөк маани беришкен. Натыйжада Съездбек, Советбек, Колхозбек, Мирбек деген аттар пайда болгон. Көпчүлүк учурда баланын туулган мезгилине көбүрөөк маани берилип Дүйшөмбү, Бейшемби, Жумабек, Жумагүл, ал эме Январь, Февраль деген сыяктуу аттар да коюлган. Ал эми советтик доордон кийин кыска аттар модага айланып Байэл, Айтеңир, Ринат, Аделя, Аида деген аттар көбөйгөн. Азыркы учурда болсо, ат коюунун негизги мааниси эл арасында кайра жанданып, көпчүлүк адамдар Исламга тиешелүү болгон аттарга басым жасалууда. Мындай аттарга сүннөттө келген Абдулла, Абдусамад, Абдурахман жана сахабаларга тиешелүү Усман, Умар, Али, Айша, Фатима, ошондой эле динге байланыштуу Ислам, Ибрахим, Исмайил, Асия, Мариям деген аттар көбөйүүдө.

Шариатта: Шариатта балага ат коюу атанын негизги милдеттеринин бири. Балага ат коюуда эл арасында туура эмес түшүнүк бар. Баланын кулагына азан чакыруу менен балага ат коюуну чаташтырып алышкан. Баланын кулагына азан чакыруу да сүннөт амал. Ал бала төрөлгөн кезде аткарылууга тийиш. Мунун негизги максаты - баланын эң биринчи уккан сөзү Алланы улуулаган азан сөздөрү болуусу керек. Ал эми балага ат коюунун азанга эч кандай тиешеси жок, аны кийинчерээк кечиктирип коё берсе да болот. Балага ат коюуда жакшы аттарды тандап алуу зарыл. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) балдарга жакшы ат коюуга чакырган. Ал эми бир хадисте: “Эң жакшы аттар: Абду сөзү менен башталган аттар” – деп айтылган. Абду – кул деген мааниде. Демек, Алланын ысым-сыпаттары болгон аталыштарга Абду сөзүн коюп атоого болот. Мисалы: Абдурахим, Абдужалил ж.б.у.с. Ошондой эле Исламда башка аттарды коюуга да тыюу салынган эмес. Элдин өз маданиятына ылайык келген аттардын баарын коё берүүгө болот. Бир гана динге душман болгон адамдарга тиешелүү же капыр коомдорго тиешелүү аттарды коюга болбойт. Ал эми мурдагы коюлган атты кайра өзгөртүү бир гана туура эмес коюлган аттарга тиешелүү. Мисалы Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Абдушамс деген атты өзгөртүүгө буйруган. Мунун мааниси “Күндүн кулу”. Демек, эч кандай жаман маанини түшүндүрбөгөн атты кайра өзгөртүү туура эмес.

Бейиш гезити