Бөбөктайга кечки рабаят
11.08.2016

Бөбөктайга кечки рабаят

Балаты эмне үчүн ыйлады?

Жапжашыл, кооз токой ичинде, көп дарактардын арасында кичинекей балаты жашоочу. Жанындагы асман тиреген карагайларга суктанган балаты, бат эле чоңоюуну самайт эле. Өзүнүн абдан эле акырын чоңоюп жатканына ичи чыкпаган балаты, чоң карагай болууну күн сайын кыялданчу. Бирок, ал кыялына жетпей калды. Бир күнү адам келди да, аны кыйып, үйүнө алып кетти. Алгач, балаты эмне болгонун түшүнбөй да калды. Качан гана аны үй ортосуна коюп, кооз оюнчуктарды, ар түрдүү түстөгү чырактарды илип бутактарын кооздой баштаганда, балаты бир нерсени түшүнгөнсүп калды. Анын чөккөн көңүлү кайра көтөрүлдү. Кечинде балдар да, чоңдор да анын айланасына чогулуп, ырдап, бийлеп жатышты. Балаты өзүнүн абдан кооздолгонуна жана адамдардын баары ага көңүл буруп жатканына абдан кубанды. Эми ал токойдон алып келишкендеги кайгысын да унутуп койду. Чоң карагай болуу кыялы да эстен чыкты. Бул түн анын өмүрүндөгү эң кубанычтуу түн болду. Балаты эртеси да ошол абалда кооз болуп турду. Бирок, бүгүн ага эч ким көңүл бурбады. Кооздугуна кубанып турса да, эч кимдин көңүл бурбай койгонуна балаты таң калды. Кечинде аны айланып бийлеп жаткан балдардын бири да анын жанына басып келген жок. "Мага көңүл бурушат го" деген үмүт менен балаты дагы эки күн турду. Анан чындап эле анын жанына үй кожойкеси басып келди. Бирок, ал балаты күткөндөй ырдаган да, бийлеген да жок. Унчукпастан балатынын бутактарындагы оюнчуктарды ала баштады. Алган оюнчуктарынын баарын жыйнап көтөрүп кетти да, балаты жылаңач калды. Мындайды күтпөгөн балаты эмне кыларын билбей калды. Кожойке ушуну менен эле токтоп калган жок. Ал балатыны сүйрөп чыкты да, эшик алдына таштап койду. Иштин жаман жагына айлана баштаганын балаты эми түшүндү. "Булар мени бир эле күн пайдалануу үчүн алып келишкен тура" деп ойлоду ал. Анын оюн тастыктагансып үй ээси келди да, аны сүйрөп барып короонун четиндеги сарайга таштап койду. Кырча-кырча кесилип, отко жагылууга даярдалган отундардын жанына жатып калган балаты иштин жайын эми даана түшүндү. Кооз токойду, асман тиреген карагайларды тегерене чуркап, тобурчак талашып ойногон тыйын чычкандарды эстеди. Эми эч качан аларды көрө албастыгын ойлоп көзүнөн жашы тамды. Анан да, асман тирей чайпалып турган карагай болуу кыялы эми эч качан орундалбасын эстегенде каңырыгы түтөп, шолоктоп ыйлап жиберди. Бирок анын ыйын, аны токойдон кыйып келген адам да, аны кооздоп, кайра кооздугун чечип алып, сыртка чыгарып салган кожойке да, аны тегерене бийлеген балдар да уккан жок.