Бейиш жана анын сыпаттары
19.07.2019

Бейиш жана анын сыпаттары

Бейиш - бул өтө чоң белек. Алла Таала аны өзүнө баш ийип, моюн сунгандарга даярдаган. Ал эч бир кемчиликсиз болгон толук жыргал, Алла Таала жана Анын элчисинин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бейиш тууралуу айткан кабарлары аркылуу ага ишенебиз, бирок, элестете албайбыз, себеби, ал жактагы жыргалды акыл толук түшүнө албайт. Алла Таала хадис-кудусиде: “Мен, момун пенделериме көз көрбөгөн, кулак укпаган жана адамдын жүрөгү туйбай турган нерселерди даярдап койдум” - деген, Алланын Элчиси болсо, жогорудагы хадисти айткан соң: Эгер кааласаңар Алланын: “Эч бир момун жан жасаган жакшы иштери үчүн өздөрүнө бейиште жашыруун даярдап коюлган кубанычтарды билбейт” - деген аятын окугула деп айткан. (Сажда сүрөөсү, 17-аят, Бухари, 3244).

Бейиштин жыргалынын мыктылыгы бул дүйнөнүн жыргалына салыштарганда гана билинет. Чындыгында, бул дүйнөнүн жыргалы акырет ыракат-жыргалынын алдында эч нерсеге арзыбайт. Сахл бин Саад Садийден (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылган хадисте, Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): “Бейиштеги камчынын ордундай болгон жер бул дүйнө жана андагы нерселердин баарынан артык” – деп айткан. (Бухари, 3250). Ошондуктан, Алланын жазган тагдырында тозоктон кутулуп, бейишке кирүү бул эң чоң жеңиш жана утуш деп эсептелет. Алла Таала минтип айткан: “Ал эми ким тозоктон четтетилип, бейишке киргизилсе – жеңишке чындап жетиптир”. (Аали Имран сүрөөсү, 185-аят). Дагы бир аятта: “Алла ыймандуу эркектерге жана ыймандуу аялдарга түбөлүк кала турган, астынан дарыялар агып турган бейиштерди, анан “Адн” деп аталган бейиштердеги таза, пакиза орундарды убада кылды” – деп айткан. (Тобо сүрөөсү, 72-аят). Ошондой эле дагы бир аятта минтип айтылган: “Алланын ыраазычылыгы бардыгынан улук! Бул – улуу жеңиш. Ушулар Алланын чектери, аны бузбагыла! Эми ким Аллага жана Анын пайгамбарына моюн сунса, Алла аны түбүнөн дарыялар агып турган бейиштерге киргизет жана анда түбөлүк калат. Бул - чоң жеңиш!”. (Ниса сүрөөсү, 13-аят). 

Бейишке кирүү момун мусулмандар топ-топ болуп, урмат сыйга бөлөнүп, бейишке кирип жаткандагы бактылуулукка эч бир бактылуулук тең келе албайт. Алар көп чоң сыноолорду көргөндөн кийин, бейишке жетип, анын эшиктери ачылып, периштелер аларды аман-эсен жетип келдиңер деп куттуктап тосуп алышат. Алла Таала айтат: “Ал эми, Раббисинен корккон такыбаа адамдар тобу менен бейишке алып барылат. Качан бейишке жетип, эшиктери ачылганда, анын корукчулары: «Силерге Алладан салам болсун! Кош келгиле! Эми бейишке түбөлүк жашоочу болуп киргиле - деп айтышат!”. (Зумар сүрөөсү, 72-аят). Башкача айтканда, силердин кылган амалдарыңар, айткан сөзүңөр жана ишенимиңер туура болуп, напсиңер менен жүрөгүңөр таза болду, анан силер бейишке татыктуу болдуңар. Бейишке кирүүдөгү шапаат, колдоо Кыяматта момундарга эсеп-кысап көпкө чейин созулуп, алар пайгамбарлардан бейиштин эшигин ачып бергиле деп суранышат. Алардын бардыгы баш тартып: Мен ага татыктуу эмесмин дешип, бул иш Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) пайгамбарга жетет, ал Алладан шапаат сурап, Алла шапаатка уруксат берет. Хузайфа бин Яман менен Абу Хурайрадан (Алла ал экөөсүнөн ыраазы болсун) рабаят болгон хадисте, Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): “Алла Таала элди чогулткан мезгилде момундар да турушат, аларга бейиш жакындатылып, алар Адам атага (Алланын саламы болсун) келишип: “Оо, атаке бизге бейиштин эшигин ачып берүүнү сура? - дешкенде, ал: Силер бейиштен атаңардын катасынын айынан чыкпадыңар беле, мен силердин сурооңорго татыктуу эмесмин” - дейт”. (Муслим, 503). Хадистин акырында, алар Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) пайгамбарга келишип, анан аларга бейишке киргенге уруксат берилет. Бейишке кирүүдөн мурун момундарды тазалоо үчүн кыл көпүрөдөн өткөндөн кийин, бейиш менен тозоктун ортосундагы көпүрөгө токтотулуп, тартипке салынып, тазаланышат. Башкача айтканда, бул дүйнөдөгү бири-биринин ортосундагы адилетсиздик менен зулумдукту жоюп, өчтөрүн алышат, анан алар бири-бирине нааразы болбой жана бири-биринен эч нерсе доолабай бейишке таза бойдон киришет. Абу Саид Худрийден (Алла андан ыраазы болсун) рабаят болгон хадисте, Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): “Момундар тозоктон кутулуп, бейиш менен тозоктун ортосундагы көпүрөгө кармалып, бул дүйнөдө бири-бирине болгон зулумдук, нааразычылыкты жоюп, өчтөрүн алышып, тазаланышканда, аларга бейишке киргенге уруксат берилет, Мухаммеддин жаны Анын колунда болгон затка ант! Алар бейиштеги үйүн, бул дүйнөдөгү үйүнөн да жакшы таанышат” - деген. (Бухари, 6535). Жогоруда айтылгандай, Кыямат күнү Адам ата баштаган пайгамбарлар бейиштин эшигин ачууну талап кылуудан баш тартып, Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) пайгамбарыбыз бул ишти орундатат.

Бейиш гезити