Билими жок - дин билбейт
25.09.2019

Билими жок - дин билбейт

Бир аял азирети Бин Масуддун (Алла андан ыраазы болсун) «Кайсы аял өз көркүн өзгөртсө, ага каргыш болот» - деген сөзүн угуп, тиштеринин ортосун ажыратып, кашын терип, ага барат да: 

- Сиз эмне үчүн бул амалдарды жасаган аялга каргыш болот дедиңиз? - деп сурайт. 

- Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) каргыш айткан ишке мен эмне үчүн каргыш айтпайын?! 

- А мен Алланын китебинен каш терген менен тишин ажыраткандарга каргыш болсун деген аятты көрбөдүм. 

- Сен «Пайгамбар буйруган нерсени аткаргыла, ал тыйган нерседен тыйылгыла» - деген аятты окубадыңбы?

- Ооба, бул аятты окудум. 

- Демек, Курандын тыйганы мына ушул.

Ыйман желеси