Бир чыны сүт
30.05.2020

Бир чыны сүт

Абдулланын үй-бүлөсү өтө жакыр жашачу. Ал мектептеги чыгымдарын жабуу үчүн үймө-үй кыдырып бирдемелерди сатып иштечү. Бир күнү кечке чейин жүрүп эч нерсе сата албай коёт. Кечкисин курсагы ачып келе жатып алгачкы эшиктен жегенге бир нерсе сурайын дейт. Ошентип, алгачкы эшикти такылдатат. Жылмайып чыга келген үй ээси абдан сүйкүмдүү аял болгондуктан, уялып кеткен бала жей турган нерсенин ордуна бир чыны суу сурайт. Жароокер аял баланын курсагы ачканын байкап, чоң чыныга сүт алып келет. Бала сүттү ичип бүтүп:

- Чон ыракмат, канча карыз болдум? - дейт.

Аял:

- Бизге карызың жок - деп жылмая карайт.

Жаш бала:

- Кечиресиз, атам бизди: "жакшылыкка жакшылык кылгыла, карызыңарды сөзсүз бергиле" - деп үйрөткөн. Мен буюрса карызымды кайтарам - деп жооп кайтарат. Эшикке чыккан баланын курсагы эле эмес, көңүлү да абдан ток эле. Арадан жылдар өтүп, сүт берген аял катуу ооруга чалдыгат. Жергиликтүү дарыгерлер бейтапты шаардык ооруканага жөнөтүшөт. Шаардын башкы дарыгери, доктур Абдулла бейтапты көрүп, аябай толкунданат. Мурункудан бир топ улгайып калса да, жакшылык кылган жароокер аялды бир көргөндө эле тааныйт.

Абдулла көп күттүрбөй оорулууну операцияга киргизип, аны куткарып калуу үчүн колунан келишинче аракет жасайт. Көп өтпөй аялдын ден-соолугу оңолуп, акыры толугу менен сакайып кетет. Доктур конверттин ичине кат жазып, бейтаптын бөлмөсүнө берип жиберет. Аял конвертти ачууга дити барбай, корко баштайт. Себеби, дарыланууга кеткен чыгымды өмүр бою иштесем да төлөй албайм деп ойлоп жаткан. Акыры конвертти ачып, ичиндеги катка үңүлө карайт:

Катта:

- Ооруканадагы баардык чыгымыңыз тээ бир учурдагы бир чоң чыны сүт менен төлөндү - деп жазылып турган экен.

Турмуш сабактары китебинен