Бир жакшылыктын онго көбөйүүсү
26.05.2020

Бир жакшылыктын онго көбөйүүсү

Кабул Акбар айтат: "Али (Алла андан ыраазы болсун) бир күнү үйүнө келсе, Фатима (Алла андан ыраазы болсун) ооруп жаткан экен. Али (Алла андан ыраазы болсун): "Оо, Фатима, көңүлүң эмнени каалайт?" – дегенде, Фатима (Алла андан ыраазы болсун): "Бир анар болсо, ширесин сыгып ичсем, сакайып кете тургандай эле болуп турам", – деп жооп берет.

Али (Алла андан ыраазы болсун) бир аз ойлонуп калды, себеби, чөнтөгүндө бир тыйын да жок эле. Анан туруп бирөөдөн бир тыйын карызга алып, базарга барып бир анар сатып алып кайра үйүнө кайтты.

Жолдо келе жатып жолдун четинде алсызданып олтурган карыяны көрүп, абалын сурайт. Карыя: "Оо, Али, мен ушул жерде беш күндөн бери жатам, эки жакка өткөн адамдар көп эле болду, бирок, бири да менин абалымды сураган жок. Сен менин абалымды сурап төбөмдү көккө жеткирдиң, мен сенден аябай ыраазымын", – деп ыраазычылыгын билдирет. Али (Алла андан ыраазы болсун) карыядан: "Эмне жегиң келет?" – деп сураганда, карыя: "Көңүлүм анар жегиси келет, бирок, кайдан анар табат элем, бул көңүл экен да...", – деп жооп берет. Али (Алла андан ыраазы болсун) ойго батып калат: Менде бир анар бар, аны болсо карыз алып Фатимага сатып алдым. Эгер бул карыяга берип койсом Фатимага эмнени берем, эгер бербесем: Алла Таала Курани Каримде айткан: "Сурамчыларды кур кайтарбагыла". Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айткан: "Сурамчыларды кур кайтарбагыла ал аттын үстүндө келсе дагы. Алланын өкүмүнө да, Пайгамбардын сүннөтүнө да амал кылбаган болом – деп, карыянын алдына олтуруп анарды кесип жедирип койду. Ал карыя көңүлү ачылып, жеңилдеп сакайып кетти. Алинин (Алла андан ыраазы болсун) бул кайрымдуулугунун, мээримдүүлүгүнүн шарапатынан ошол учурда Фатима (Алла андан ыраазы болсун) үйүндө олтурган жеринде эле сакайып кетет. Али (Алла андан ыраазы болсун) үйүнө уялган абалда эки колу бош кирип келет, Фатима (Алла андан ыраазы болсун) Алинин (Алла андан ыраазы болсун) уялып, капаланып келгенин көрүп, чуркап чыгып кубаныч менен күтүп алып айтат: "Сиз мага алган анарды жолдогу карыяга берген убакта эле Алла Таала мага шыпаа берип, эч нерсени көрбөгөндөй болуп сакайып кеттим". Али (Алла андан ыраазы болсун) Фатиманын (Алла андан ыраазы болсун) айткан сөздөрүнө таң калып олтурган учурда эшикти бирөө такылдатат, Али (Алла андан ыраазы болсун) эшикке барып: "Бул ким?" – деп сураганда. "Мен, Салман ал-Фарсимин эшикти ачыңыз", – дейт. Али (Алла андан ыраазы болсун) эшикти ачып караса Салман ал-Фарси (Алла андан ыраазы болсун) үстү жоолук менен жабылган табакты көтөрүп күтүп турат экен. Салман ал-Фарси (Алла андан ыраазы болсун) табакты Алинин (Алла андан ыраазы болсун) колуна тапшырат. Али (Алла андан ыраазы болсун): "Бул кимден келди?" – деп сураганда, Салман ал-Фарси (Алла андан ыраазы болсун): "Бул Алладан Пайгамбарга, Пайгамбардан сизге", – деп жооп берет.

Али (Алла андан ыраазы болсун) табакты ачып караса ичинде 9 анар турган экен. Али (Алла андан ыраазы болсун) айтат: "Эгер Алладан мага келгенде 10 болуусу керек эле, себеби, Алла Таала Курани Каримде: "Ким бир жакшылык кылса, анын бир жакшылыгын он эсеге көбөйтүп кайтарам", – деп айткан.

Салман (Алла андан ыраазы болсун) күлүп, жеңинен бир анар алып табакка коёт да: "Туура бул анарлардын саны он эле, сизди сыноо үчүн бирин жашырып койдум эле", – дейт.

Алла Таала Мухаммед Пайгамбардын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) үммөттөрүнүн бир жакшылыгына он эседен жети жүз эсеге чейин көбөйтүп берет, анын үч себеби бар:

1. Үммөттүн өмүрү кыска, ибадаты да аз, мурдагы үммөттүн өмүрү узун, ибадаты да көп болгон, ошондуктан, Алла Таала акыркы үммөттүн сообу аз болсо да, Өз пазилети менен он эседен жети жүз эсеге чейин көбөйтүп мурдагы үммөткө жеткирет;

2. Бейишке кирүү үчүн көп деген сооптор менен жетүү керек, ошондуктан, Алла Таала акыркы үммөттүн бейишке кирүүгө татыктуу болуусу үчүн сообун көбөйтүп берген;

3. Алла Таала акыркы үммөттүн сообун Өз пазилети менен көбөйтүп берет, себеби, Кыямат Күнү болгондо бирөөнү сөккөн болсо же бирөөнүн акысын жеген болсо, алар келип соопторун алып коюшат. Бирок, Алла Таала тарабынан берилген соопторду ала алышпайт. Алла Таала айтат: "Бул ашыкча сооптор анын эмгеги эмес, Менин пазилетимден берилген сооптор, Мен бирөөгө берген пазилетимди кайра кайтарып албаймын". (Равзатул-Улама)

Шарият жана Тарикаттан терилген берметтер китебинен