Бирөөнү бактылуу кылсаң, өзүң да бактылуу болосуң
06.03.2020

Бирөөнү бактылуу кылсаң, өзүң да бактылуу болосуң

Саудиядагы жана сырттагы бир топ кайрымдуулук уюмдарын зыярат кылдым. Кайсынысына барбайын, анда иштегендер өзгөчө шаңдуу, көңүлдүү, дайыма маанайлары жарык. Мындан ким Алланын пенделерин бактылуу кылуу үчүн аракет кылса, аны Алла бактылуу кылып коёрун баамдадым. Анткени, булардын кылганы жакшылык, жетимдин башынан сылайт, жесирге каралашат, жакырга жардам берет, болгон максаты ушул. Ошон үчүн жүрөктөрү кубанычка, бейпилдикке жана бакытка толгон.

Эми өзүнүн керт башы үчүн жанталашкандарды карап көр. Дайыма санаада, көңүлү тынч эмес, ой баскан... Анткени, алар өзүнөн башканы ойлобойт, баары өзүндө болсо дейт, өзүмчүлдүктүн азабын тартышат. Акыретте сурагы да жеңил эмес.

Ушундай, эгер бакыт даамын таткың келсе, башкага бакыт тартуула. Жетимдин көңүлүн көтөр, жакырдын курсагын тойгуз, муктажга жардам бер. Көңүлүң ачык, маанайың жарык, анан да эң негизгиси, акыретиң бейиш болот.

Бакыттын сырын ачтым китебинен