Биз байлыкты көтөрө албайт экенбиз...
19.05.2019

Биз байлыкты көтөрө албайт экенбиз...

Мен Түштүк Кореяда иштеп, жашап жатам. Бул жак - тойканалардын эмес, завод, фабрика, чакан ишкана жана күнөсканалардын мекени экен.

Бул жакта кедей жок, бирок, байлары да Лексус 470, 570, Тойота 200, Гелендваген, Кадиллак, Хаммер ж.б. чоң джиптерди эмес, үнөм класстагы унааларды айдашат, м.а. ысырапка жол беришпейт экен. Үч айдан бери ондогон шаарларына бардым, Кыргызстандагыдай бир да ЗАГС кортеж көрбөдүм. Канча бай болсо да текебер эмес, мээнеткеч инсандар экен. Себеби, завод, фабрикалардын миллионер ээлери жумушчулары менен чогуу иштеп, чогуу тамактана берет.

Бул жакта уурулук, "уруп кетти", "өлтүрүп кетти", "алдап кетти", "акчасын бербей койду" жок.

Кореялыктар көчөдө унаа жуубайт, таштанды таштабайт, мыйзамды сактайт. Полиция жолдо токтотуп, документ текшербейт, ГАИ жолдо туруп токтото бербейт. Пара берген же алган адам жок. Адамдар, унаалар - баары тартип менен, жол чыракка карап кыймыл аракет кылат, ДТП көрбөйсүн. Автобуска аялдамадан гана чыгып, түшүшөт. Ажатканаларынын тазалыгын айтпа - ал тургай музыка, кондиционери менени да бар.

Бул постту жазуудагы менин максатым - биздин эл да өз мекенибиз болгон бейиштей Кыргызстанды аясак, таштанды таштабасак жана ысырапка жол бербесек, ар бирибиз пейилибизди оңосок жана болбогон нерсебизге текеберленбесек, тартипти сактасак, Алла Таалам өлкөбүздү оңоп коймок.

Окуп, менин постум жакса - бөлүшүп коюнуздар.

Шекербек Салиев