Бизге чоң өрнөктөр
07.08.2019

Бизге чоң өрнөктөр

Мечиттин бузулуп калган кондиционерин оңдогон уста, жумуш акысын алуудан баш тартат. Андан анын себебин сурашканда: "Энем, мечитке кылган кызмат акыңды алба!" - деп осуят айткан дейт. Кишинин апасына таң калып жатасыңарбы?. А мен болсо апасынын осуятын аткарган кишинин жакшылыгына таң калып жатам.

Кичинекей кыз балмуздак салынган арабаны көрүп сажда кылат. Адамдар андан: "Эмне үчүн сажда кылдың?" - деп сурашат. Кыз: "Апам кубанган кезде дайыма сажда кылаар эле" - дейт. Балага берилген эң жакшы тарбия - жакшы амалдарды аткарып, аларга үлгү болуу. Балдарга туура, жакшы тарбия берүү, ар-бир ата-эненин милдети.

Салих пенделердин биринен: "Эмне үчүн сиз мечитке азан айтылаардан мурда барасыз?" - деп сурашат. Ал: "Азан капилетте калгандарга эскертүү үчүн айтылат, мен алардын катарынан болуп калбайын деп азандан мурда барам" – деп, жооп берген экен.

Бир кишиден: "Эмне үчүн сиз дайыма мечитке коюлган суудан ичесиз, үйүңүздөн деле ичсеңиз болотко?" - деп сурашат. Ал: "Мечитке сууну койгон адам соопко ээ болсун деп, дайыма мечиттен ичем" – деп, жооп кайтарат.

Эгерде бирөөнүн айып-кемчилигин көрүп калсаң, аны сыр кылып сакта. Сактаганың үчүн соопко ээ болосуң. Ким Алла үчүн бирөөнүн кемчилигин жашырса, Кыямат күнүндө Алла Таала аны шерменде болуудан сактайт.

Аалымдар кеңешинин төрагасы: Абдишүкүр ажы Нарматов