Буларды эсиңе түй
13.05.2019

Буларды эсиңе түй

1. Жумушчулардан сурабай же аларга билдирбей өзүңө тиешелүү эмес буюмдарды жеке кызыкчылыгың үчүн колдонбоо керек. 

2. Ар түрдүү шылтоолор менен жумушуңду толук аткарбай коюдан сактан. Мисалы: Айлык маянанын аздыгынан, мүдүр же дос менен болгон мамиленин жамандыгынан. 

3. Ишке байланышы жок көп сүйлөшүүлөр менен жумуш убактысын өткөрбөөгө тырыш. 

4. Жеке кызыкчылыгынды көздөп, мекемеден уруксатсыз чыкпагын. 

5. Пара алуу жана берүү сыяктуу жаман иштерден сак бол. 

Экөөбүз бирге көз жүгүртөлү. Бул орунда сага айткым келген пайдалуу кеңешти алууң керек.

Умар бин Абдулазиз бал кошулган тамакты жегенди жактырчу. Бир күнү үйүндөгүлөрдөн бал сурады. Үйүндө бал болбогондуктан, ага башка жактан алып келип беришти. Балды жеген соң аны кайдан алышканын сурады. Аялы кызматчысына эки динар берип, балды саттырып алгандыгын айтты. Абдулазиз алып келген балды садага кылууга касам ичти. Анткени, ал казынанын бир тыйынын алчу эмес. Балы бар идишти алып келишкенде аны сатып түшкөн кирешени мусулмандардын казынасына берди. Ал өзүнүн каалоосунан мусулмандардын каалоосун жогору койгон. Ага Алланын рахматы болсун! Жада калса казынага түшкөн атырдын жытын да жыттачу эмес. Чындыгында биз ыйман жана такыбаалыкта андай боло албайбыз, бирок, үлгү алабыз жана Алланын алдында суралуудан коркуп, мүмкүнчүлуктүн болушунча жеке максатты көздөп, мекеменин мүлктөрүн жумушка тиешеси жок колдонбойбуз!