Үч Абдулланын мурасы
09.02.2020

Үч Абдулланын мурасы

Бул жерде бир адам тууралуу икая кылынат, анын үч уулу болгон, эң кызыгы үчөөсүнүн тең аты Абдулла. Күндөр жылга алмашып, бул адамдын карылыгы жетип, улгайган абышка болот. Ар бир нерсенин ажалы бар дегендей бул аксакалдын ичер суусу, көрөр күнү бүтүп өлүм төшөгүндө жатканда: “Абдулла мурас алат, Абдулла мурас албайт, Абдулла мурас алат” - деп жан берип кетет. Бир туугандар бул сөзгө таң калышат, эми бул оор маселени кантип чечишет? Кеңешип олтуруп, шаардын казысына бармай болушат. Үчөөсү жол арытып, сапарда болгон кезде бир нерсесин жоготкон кишини көрүшөт. Ал киши аларды токтотту да сурады: “Мен төөмдү издеп жүрөмүн, силер аны жолдо көрө алган жоксуңарбы?”. Анда биринчи Абдулла сурайт: “Сенин төөң сокур беле?”. “Ооба, ооба” - деп сүйүнүп кетет киши. Анда экинчи Абдулла сурайт: “Сенин төөң аксак беле?”. “Ооба, ооба” - күлмүңдөп баштайт киши. Үчүнчү Абдулла сурайт: “Сенин төөңдүн куйругу кесилген беле?”. “Оо, Кудай! Мен жакшылык менен сүйүнчүлөнө баштадым. Ооба, нак өзү! Эгер аны көрсөңөр, ал кайда?” - деп кубана түштү киши. Үчөөсү бир ооздон: “Аллага касам ичебиз! Биз төөңдү көрбөдүк. Мындай жоопту уккан кишинин итатайы тутулуп, ачуусу туталанып кетет. Анткени, ал азыр ишенди, бул үч жигит төөнү союп жеп алгандарына жана айтты: “Силер төөмдү туура сыпаттап берип анан көрбөдүк дегениңер эмне?! Мен азыр казыга барамын жана болгон ишти төкпөй-чачпай арызданамын”. Жакшы болот, биз дагы казыга бара жатабыз, анда эмесе чогуу баралык – дешти. Төртөөсү казыга барышты, төөнүн ээси иштин чоо-жайын түшүндүрдү. Казы сурады: “Силер төөнү сыпаттооңор аны көргөнүңөргө багыт берип турат же мойнуңарга албайсыңарбы?!”. Биринчиси айтты: “Оо, таксырым! Кудайга касам ичебиз биз аны чындап көргөн жокпуз, болгону биз анын издерин көрдүк”. Мен аны сокур дегенимдин себеби: бул жайыттын бир тарабын жеп, башка тарабын жебептир. Бул болсо анын бир көзү көрбөйт экенинен кабар берет. Экинчичси айтты: “Мен аны аксак дегенимдин себеби, анын изин карасам, бир туягынын изи кумга терең кириптир, ал эми кийинки туягы тайыз батыптыр. Ушундан тыянак чыгардым аксак экенин”. Үчүнчүсү айтты: “Анын куйругу кесилген экен дегенимдин себеи: ал төөнүн тезегин карасам бүтүн экен. Негизи төнүн тезеги түшкөндө куйрукка жармашып, чачылып түшөт, ал эми бул төөнүн тезеги бүкүл түшкөнүнө караганда куйругу кесик экен деп жыйынтык чыгарганмын”. Казы наркы кишиге карады да: “Бар, бара бергин! Булар сенин төөңдү эч качан көрүшпөптүр”. Бул талашты чечкенден кийин казы бир туугандардын маселесин чечмекчи болду, алардын маселесин уккан кезде аябай таң калды. Бул маселеңерди эртең чечип беремин, бүгүнчө меникинде конок болгула деп аларга тамак жөнөтүп, өзү болсо башка иштери менен шаардан чыгып кетти. Ал тамак эт жана нандан турган оокат болчу. Биринчи Абдулла айтты: “Бул эт иттин эти!”. Экинчиси айтты: “Бул нанды тогуз айлык боюнда бар келин жайган экен!”. Үчүнчүсү айтты: “Бул казы арам төшөктөн төрөлгөн экен!”. Бул кабар казыга чагылгандын тездигинде жетти. Эртеңки күнү аларды жыйнады жана эмне үчүн мындай сөздөрдү айткандыктары тууралуу сурады. Бул эт иттин эти деп ким айтты?  Биринчиси: Мен айттым. Ашпозду чакырып казы сурады: бул эт кайдан келген? Ашпоз: үйүбүздө эт түгөнүп калып, бул этти кечээ күнү базардан алдырганбыз. Бул этти сураштырып келсе чындап эле иттин эти болот. Таң калган казы сурайт: бул иттин эти экенин кайдан билдиң? Жооп болду: кандай гана малдын эти болсун, мейли төө же уй же кой болсун анын майы этинен жогору турат, бир гана иттин эти майынан төмөндө турат. Ошондо казы жар салды: Атаңдын мурасына сен ээ чыгасың! Казы дагы сурады: силердин кимиңер бул нанды тогуз ай боюнда бар келин жайган деп айттыңар? Экинчи уул айтты: Мен. Кайдан билдиң? Жооп болду: бул нанды карасаңыз, бир тарабы жука, экинчи тарабы калың болуп бышпай калган. Демек, камырды жайып жатканда тактанын бери жагына колу жеткендиктен жука болгон, ал эми экинчи жагына жетейин десе курсагы тактага тийгендиктен жетпей ал тарабы жайылбай калган. Ошондо казы жар салды: Атаңдын мурасына сен ээ чыгасың! Казы үчүнчү Абдулладан сурады: “Мени арам төшөктөн төрөлгөн деп айтууңа эмне себеп?”. Жооп болду: “Кечээ күнү бизди мейманчылыкка чакырып коюп, бирок, өзүңүз келбестен бизге тыңчыны дайындап койдуңуз. Ал тыңчы түнү менен бизди аңдып, сөздөрүбүздүн баарын тыңшап турду. Бул ишти бир гана зынадан төрөлгөн бала кылат!”. Мындай жоопту укканда казы энесине барып жөн-жайды сураганда, энеси: “Балакайым! Атаң экөөбүздөн шалаакылык кетип, напсибизге алдырып койдук эле” - деген жооп болот. Ошол жерден казы жар салат: “Сен атаңдан мурас албайсың!”. Үчүнчү Абдулла таң кала: эмне үчүн? Казыдан жооп: Анткени, зынанын баласы өзүнө окшошту тааныйт. Арам төшөктөн төрөлгөнүмдү аныктап койдуң, демек, сен дагы арам төшөктөн жарык дүйнөгө келгенсиң. Шариятта асыранды бала атасынан мурас албайт, ошондуктан, сен мураска ээ эмессиң. Үч уул ээрчишип алып энеге барышат. Алардын энеси болгон ишти айтып берет. Сен наристе кезиңде сени мечиттин алдына таштап кеткен экен, атаң мечиттен чыгып келе жатып сени үйгө ала келген. Ошентип, сени биз тарбиялап алганбыз.

Мусулман бир тууганым! Бул ыймандуу атаны карачы!? Уулдарын кандай баам-парасаттуу кылып тарбиялаган. Келгиле биз дагы балдарыбызды акыл-эстүү кылып тарбиялайлык. Ардактуу Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өз хадисинде айтат: “Момундун парасатынан сактангын, себеби, ал Алланын нуру менен карайт”. Эгерде биз балдарыбызга туура ишенимди үйрөтсөк анда биз эң бактылуу адамдарбыз.

Которгон: Надырбек уулу Султан